Т. Колубаев: “А” дегенден кийин “б” дегенди жасагандан коркпош керек.
Садыр Жапаров – авторитардык бийлик менен күрөштүн символу. Ал эркиндикке чыгышы керек!
-Атамбаевге ИИМ тарабынан соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышы мыйзам чегиндеги эле ишпи, же чындап эле ошондой эскпертизага жөнөтүү зарылчылыгы барбы?
-Атамбаев ким экенин Туйгунаалы Абдраимов Бакиев убагында, “у нас есть два шизофренника, один Атамбаев, другой Текебаев” деп айткан. Ал тургай, “өзүм далилдеп берем” деген. Атамбаевдин жиңдилигин далилдеш керек беле деген маселе чыкты. Эгер далилденсе бүт кыргыз эли уят болобуз. “А” дегенден кийин “б” дегенди жасагандан коркпош керек. Ар нерсени шылтоо кылбай камаш керек.
-19-декабрда Бишкекте саясаттын курмандыгы болуп камакта отурган Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу талабы менен митинг болору айтылды. Сиздин оюңузча, С.Жапаров эркиндикке чыгыш керекпи?
-Садыр Жапаров сөзсүз акталышы керек. Эркиндикке чыгышы керек.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити