Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 213

Садыр Жапаров – авторитардык бийлик менен күрөштүн символу. Ал эркиндикке чыгышы керек!

-Атамбаевге ИИМ тарабынан соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышы мыйзам чегиндеги эле ишпи, же чындап эле ошондой эскпертизага жөнөтүү зарылчылыгы барбы?


- Негизги, бул мыйзам чегиндеги эле иш. Кечээ эле интернетте депутаттар Кодуранова жана Карамушкиналарга да экспертиза дайындалганы жөнүндө маалымат жарыяланбадыбы. Бирок, бул аракеттин башка максаты да болушу мүмкүн. Эгер ал оорукчан деп табылса, камактан бошотулуп, дарыланууга жиберилиши ыктымал.


-19-декабрда Бишкекте саясаттын курмандыгы болуп камакта отурган Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу талабы менен митинг болору айтылды. Сиздин оюңузча, С.Жапаров эркиндикке чыгыш керекпи?

-Садыр Жапаров мурдагы бийликтин учурунда түшүнүксүз жагдайларга байланыштуу камакка алынган. Жабыркоочу аталган Эмилбек Каптагаев деле ал күнөөлүү эмес деп бир нече жолу пресса аркылуу жарыялады. Жакында өзү да ырайым сурап кат жазыптыр. Мындан да оор кылмышка күнөөлөнгөн саясатчылар эркиндикке чыгышты. Ал дагы бошотулса туура болмок.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити