Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 174

Аймакты аралай...

 

Ар бир эле адам жасаган иш-аракеттеринин, кылган кызматынын  бааланышын, кесиптештер арасында мыкты кызматкер аталып, кадыр-баркынын өсүшүн каалашат эмеспи. Бирок, ал үчүн талыкпаган эмгек талап кылынаары белгилүү. Мына ушундай эмгегинин аркасында кесиптештеринин арасында сый-урматка ээ болуп, жүрүм-туруму, өтөгөн ак эмгегинин аркасында жаш муунга үлгү болуп келе жаткан кызматкерлер ички иштер кызматында да арбын. Алардын бири милициянын капитаны – Алмазбек Матиев десек жаңылышпайбыз. Ал бүгүнкү күндө алыскы Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын  ага ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп эмгектенип келет.

Баткен районундагы чакан Бужум кыштагында эр жеткен каарманыбыздын бала чагы өтө бактылуу өтөт. Бардык балдардай шок болгонун жашырбаган каарманыбыз жаштайынан спортко кызыгуусу артып, эркин күрөшкө катышкандыгын айтып отурду. Спорттун пайдасынан башка зыяны болбойт эмеспи, анын сыңарындай Алмазбек мырза ири ийгиликтерди жаратпаса да, өзү үчүн, ден соолугу үчүн жакшы эле пайдасы тийген экен. 

Ар бирибиз бала кезибизден кайсы бир максаттарды багындыруу үчүн жандалбастап аракет кылат эмеспизби. Анан бой тартканы кыялдарды реалдуу турмушка аралаштыруу, ишке ашыруу менен түйшөлөбүз. Мына ошондой жагымдуу түйшүктүн арты менен чоң ийгиликтерди багындырарыбыздан шек жок. Анын сыңарындай маектешим Алмазбек Жанибекович дагы өлкө үчүн келечекте керектүү инсан болууну кыялданат. Тартип сакчысы болууну максат кылат. Ага да себеп бар эле. Милиция кызматкери болгон агалары арбын болчу. Алар атасынын инилери эле. Мына ошол агалары кичинекей балага таасир берет. Алардай болуп чыкыйып, форма кийгенге кызыгат. Ошентип 1997-жылы Бужум айылдык орто мектебин бүткөн Алмазбек Матиев балалык кыялын ишке ашыруу максатында окууга тапшырып, билим алат.

2002-жылдын сентябрь айында ички иштер органынын босогосун аттап, ошондон бери элдин тынч жашоосун камсыздап келет жаткан Алмазбек мырза бир катар кызматтарды аркалап келген экен. Алгач милициянын атайын багыттагы отрядында иштеп, андан кийин Лейлек районундагы Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүндө нөөмөткер болуп иштейт. 2004-жылдан баштап Ак-Суу айылында аймактык тескөөчү, 2009-2010-жылдары Лейлек районундагы Андарак айылында, 2010-жылдан 2012-жылга чейин Баткен районундагы Самаркандек айылында аймактык тескөөчү болот. 2016-жылдан бери аталган Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматында  иштеп келген маектешибиз бир жылдан бери ага ыкчам өкүл кызматында.

Ыкчам өкүлдүн бизге берген маалыматына караганда,  эң четте жайгашкан, чегарада орун алган алыскы Баткен облусунун борбору болгон Баткен шаарында учурда саясий, диний кырдаал туруктуу. Жыйырма алты миңден ашуун калкты өзүнө батырып, ынтымак-ырашкерликте күн кечирип жаткан шаарда негизинен кылмыштуулуктун көрсөткүчү төмөн. Кой аксагы менен миң дегендей, анча-мынча уурулук менен шугулданган кылмышкерлерди албаганда шаар дээрлик тынч десек болот. Алмазбек Жанибековичтин айтуусуна караганда

жумушсуздуктун айынанбы же жалкоолуктун кесепетиненби айтор жеңил оокатка азгырылып, талап-тоноочулук, уурулук кылгандар арбып бараткандай.

Алсак, чөнтөк телефон уурдоо жана ошондой эле батирлерди карактоо фактылары акыркы убакта арбын кездешип жатыптыр. Анткен менен жыл башынан бери бир зордуктоо фактысынан сырткары оор кылмыштар Кудайга шүгүр катталган эмес.

Аталган кылмыш 2019-жылдын 12-апрелинде саат 14.00 чамасында катталган.

1993-жылы туулган Д.Н атуу кызды эки бала зордуктап кетишкен. Кылмышкерлердин бири Ж.Н.Ж аттуу 1983-жылы туулган  Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургуну болсо, экинчиси  С.К.Ж аттуу 1995-жылы туулган адам болгон. Эки зөөкүр жабырланган кызды күч колдонуп, зордукташканы аныкталган. Тергөөнүн негизинде кылмышкерлер өз кылган иштерин моюндашып, жазаларын алышкан.

Иш тажрыйбасы дээрлик 20 жылга аяк баскан Алмазбек Матиев бул жылдар аралыгында не деген кылмышкерлер менен бет келишип, не деген кылмыштарды ачууга катышкандыгын  билдирди. Ошондой окуяларды көз алдына тартып, берегиокуяны эстеп айтып берди.

“2018-жыл болчу. Ушул эле Баткен шаарында бир кылмыш орун алды. Жергиликтүү тургун өзүнүн эле тагасынын 9 жана 10 жаштагы эки уулун муунтуп өлтүрүп салган. Азыр айтканга оңой болгону менен убагында мени көпкө ойлондуруп, жүрөгүмдү оорутуп, көкүрөгүмдө унутулгус болуп сакталып калды. Элестетсеңиз, бир эмес эки бирдей чырактай баланы өлтүрүп кетип жатпайбы. Болгону 20 миңдик буюмдар үчүн бей күнөө балдар оо дүйнөгө кете беришкен. Адамдар эмне болуп баратышат деп кээде ойлоном. Кылмышкер деле  эми эле жашоону көрүп келе жаткан жаш бала. Антейин десем, 1995-жылы туулса да, эки жолу сот жообуна тартылып, Россияда да иштеп келиптир. Каргашалуу ошол күнү да тагасынын үйүнө барып, 11-класста окуган Айчүрөк аттуу кызын дүкөнгө жумшап жиберет. Ал кеткенден кийин жанагы эки баланы муунтуп өлтүрүп, 20 миң сомдук зер буюмдарды алып кеткен. Жабырлануучулар дароо бизге билдиришкен. Шектүү бизге белгилүү болгондуктан, дароо издөөгө алып, ишти баштадык. Качырып жибербейли деп райондук, облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери түп көтөрүлдүк. Акыры кылмышкерди аймактык тескөөчү экөөбүз колго түшүрдүк. Кармоо учурунда кылмышкер спорт менен машыккан олбурлуу чоң бала болгондуктан бир топко каршылык көргөздү. 3 сааттай алышып жатып, акыры колго түшүрдүк. Ички иштер бөлүмүнө алып келгенибизде чөнтөгүнөн баягы жоголгон алтын буюмдар табылды. Кылмышты толугу менен моюнуна алганы менен эмне себептен мындай ишке баргандыгын айта алган жок. Азыр  өмүр бою эркинен ажыратылып, темир тор артында жатат. Ушул окуя эмнегедир эсимде сакталып калыптыр” – дейт ага ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер.

Милиция менен элдин ортосундагы мамиле туурасында “Элди түшүнүп болбойт. Кылмышты кылышат, тартипти бузушат, анан эмнегедир милицияларды жаман көрүп, жамандап жатып калышат. Кылмыш кылбасаң, тартип бузбасаң эч бир милиция сага барып тийишпейт го. Ар бир адам күнөөнү алгач өзүнөн издеши керек” - деген пикирин билдирди Алмазбек мырза.

Азыркы жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча ыкчам өкүл болуу кыйыныраак болуп калганын билдирген маектешим бир кыз, үч уулдун бактылуу атасы. Балдарына бул же ал кесипти танда деп таңуулабайт. “Келинчегим жумушумду түшүнөт. Ушул убакка чейин ал көйнөктү киет элем, бул тамакты жейт элем, айлыгың  аз дегенин уккан эмесмин. Кудайга миң мертебе шүгүр, ушундай түшүнүктүү жубай бергенине. Өзүм деле милициянын аз айлыгын чанып, башка иш караштырган жокмун. Анткени башка иш колумдан келбей тургандыгын жакшы билем. Ошондуктан балдарымдын кесип тандоосунда да эркиндик берем. Ар ким өз алына, дараметине жараша кесибин тандап алышы зарыл. Бирок, милиция болот элем деген жаштар кеңеш сураса кеңешимди аябайм. Жашырбай бул тармактын оор, жеңил жактарын ачык эле айтып берем. Милицияда иштөө оор, чыдайм десең танда. Болбосо башка эле тармакты танда. Бизде талап күч. Иш нормага сыйбайт, күн-түн дебей иштөөгө туура келет. Мисалы, биздин Баткен району чегарага жакын жайгашкандыктан, чегарага тез-тезден барып турабыз. Кээде болбогон нерсенин айынан чыр чыгат. Атышуу, түшүнбөстүк байма-бай болуп турат. Өз өмүрүңдөн да элдин тынчтыгын, Мекендин коопсузугун өйдө коюп иштейбиз” - деп бардыгын жашырбай айтып берем дейт каарманыбыз Алмазбек мырза.

 

Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити