Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 133

Садыр Жапаров – авторитардык бийлик менен күрөштүн символу. Ал эркиндикке чыгышы керек!

-Атамбаевге ИИМ тарабынан соттук-психиатриялык экспертизанын дайындалышы мыйзам чегиндеги эле ишпи, же чындап эле ошондой эскпертизага жөнөтүү зарылчылыгы барбы?

-Алмазбек Атамбаев жаманбы-жакшыбы Кыргызстандын президенти болду. Көп катачылыктарды кетирди. Аны баарыбыз эле билебиз. Азыр эми оор кылмыш иштери менен алдын-ала камакта отурат. Постсоветтик мезгилдеги президенттердин ичинен биз гана ушундай чукул чарага кабылдык (Армениянын экс-президентинин бир айлык камагын эске албаганда)! Бирок, дагы бир жолу бүт дүйнөгө шерменде болуп эми, соттук-психиатриялык экспертизага чамынып алышыптыр. Мен түшүнөм - бул тергөө ишинин талабыдыр. Бирок, мунун ашкере жарыя кылып, анан дагы 16 үзөңгүлөштөрүн кошуп “жиндиканага” экспертизага жөнөтүүнүн кереги бар беле!? Эгер оң тыянак болбосо, эмне “Кыргызстанды 6 жыл жинди башкарган экен!”- деп жарыя кылабызбы? Анда ошол “жиндиге” баш ийип жашап берген кыргызстандыктар ким болуп калабыз? Бул бери эле дегенде жеңил ойлуулук! Баканооздор менен жагымпоздор президент Жээнбековду дагы бир жолу ыңгайсыз абалга түртүп жиберишти. Аттиң гана деймин!

-19-декабрда Бишкекте саясаттын курмандыгы болуп камакта отурган Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу талабы менен митинг болору айтылды. Сиздин оюңузча, С.Жапаров эркиндикке чыгыш керекпи?

- Сөзсүз түрдө! Ал 100% саясий мотив менен кесилип кеткен. Ал турсун өз ыктыяры менен мунапыска арыз жазды. Күнөөсү жок болсо дагы! Адам чыдагыс үй-бүлөлүк жоготууларга кабылды! Эмне эле көшөкөрлөнүшөт, түшүнүксүз?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити