Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 119

К. Кадыров: Анын дени сак болуп, баары жайында болушун Кудайдан тилейм.

 

- Кубанычбек мырза, Ички иштер министрлиги мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаевди соттук –психиатриялык экспертизанын дайындалганны маалымдап, аны мыйзам чегиндеги эле иш катары түшүндүрүштү. Негизи Атамбаевди ошондой экспертизага жөнөтүүнүн зарылдыгы бар беле?

- Ички иштер министрлигинин аракети мыйзам ченемдүү эле иш экенин баса белгилесек болот. Кудайдан болуп, Атамбаевдин экспертизасы  жакшы чыкса экен деп туралы. Башкача чыгып калса, бүт дүйнөгө  шылдың болуп ит эле болобуз. Оорулуу, башы соо эмес адамды президент кылып шайлап алышыптыр деген сөзгө калабыз.

- Бул экспертиза Атамбаевди жоопкерчиликтен куткаруу үчүн жасалып жаткан жокпу?

- Жок андай максатта жасалган жок. Эгер жыйынтыгы начар чыкса, аны атайын жайда дарылап,  ал президент болуп иштеген убакыттардагы указдын, келишимдердин баары жокко чыгыш керек болгон маселе жаралат. Ошон үчүн анын дени сак болуп, баары жайында болушун Кудайдан тилейм.

- ТЭЦ боюнча да саясий эле чечим чыгып калды деп нааразы болгондор көп. Туура эле чечим чыктыбы же аша чабуу орун алдыбы?

- Сот чечкенге макул болушубуз керек. Президент айтпады беле: “Ар бир чечимге сот өзү жооп берет” деп. Азыр АША убагындай соттордун ишине эч ким кийлигишпейт.

- Сотторго эркиндик берилсе неге соттук реформа кечеңдеп жатат деди?

- 28 жылдан бери келе жаткан системаны бир-эки жылда жок кылыш кыйын. Бирок, ага карабастан президент аракет кылып, иштер жылып жатат. Биринчиси, Кыргызстан боюнча 45-50 процент сот залдарында видео көзөмөлдөр коюулду. Экинчиси, 28 жылдын ичинде бир дагы сот жоопко тартылган эмес. Эки жыл ичинде 15ке жакын соттор кылмыш жообуна тартылып жатышат. Анын ичинде район, область, Жогорку соттун судьялары бар. Үчүнчүсү, азыр президент соттордун иштерине кийлигишпейт. Атамбаев учурунда өзү баштап буйрук берип, кимди канчага соттош керек экенинен бери чечкени ачык эле айтылып жүрбөйбү.

- Садыр Жапаров камактан чыгыш керекпи?

- Албетте, чыгыш керек. Ал саясат үчүн камалып, адилетсиздикке кабылды. Аны эркиндикке чыгышына шарт түзүлүшү керек. Ал саясаттын гана курмандыгы болду. Күнөөсү деле жок. Ошон үчүн анын ордуна аны камагандар отурушу керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити