Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1268

Баш маселе

 

Ошентип, ар кандай узун икаянын арты да болот дегендей, кылымдык афера аталып, эки жылдан бери Кыргызстанда гана эмес, кошуна өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө чоң резонанстарды жараткан  - Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу  коррупциялык иштерге байланышкан тергеп-тескеп, соттук кароолорго байланышкан эпопея да аягына чыкты.

 

Адилеттик ишке ашты, бирок…

Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязитдинова Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын модернизациялоо үчүн Кытайдын Эксимбанкынан алынган 386 миллион долларлык кредиттин 111 миллион доллары же биздин акчага которгондо 5 миллиард 439 миллион 527 миң 462 сому уурдалгандыгын аныктап, аферанын башында турган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков үй мүлктөрүн, каражаттарын конфискациялап, мамлекеттик бардык сыйлыктарынан, чиндеринен ажыратуу менен 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда, КРнын мурдагы “Улуттук энергетикалык холдингтик компаниясы” ААКнын башкармасынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жогорудагыдай эле катаал чараларда 17 жыл, “Электр станциялары” ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго жогоруда аталгандай катаал чараларды колдонуу менен 11 жыл 3 ай эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Ошол убакта премьер-министр болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, “Электр станциялары” ААКнын башкы директорунун мурдагы  орун басары Жолдошбек  Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эрктеринен ажыратылып, мурдагы Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом (мурда ал 100 миллион сомду өз эрки менен төлөгөн), мурдагы Финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом төлөө жөнүндө чечим чыгарды. Мындан тышкары, аларга  биргеликте мамлекетке келтирилген 5 миллиард 439 миллион 482 миң сомду да ордуна коюу милдеттендирилди.

Жаза коомчулук күткөндөй эле катаал болду, бирок “жогорудагы 5 миллиард 440 миллион сомго жакын каражат кантип, кандай жолдор менен ордуна келтирилет?”- деген суроо бизди кызыктырат. Анткени, ал аферанын артында турган, көз карандысыз эксперттердин пикирлери боюнча, уурдалгандардын көпчүлүгүн шыпырып алган негизги адам эмнегедир  өкүмдөн сырткары калды. Ал эми калгандарынын байлыктары, кыймылсыз жана кыймылсыз мүлктөрү жогоруда аталган суммага жетеби же ал соттун оптимисттик каалоосу бойдон кала береби?  Чын эле бир канча убакыт өткөндөн кийин “болгондору ушул экен, ондон, же элүүдөн бирин алдык, башка эч нерселери болбосо калгандарын кайдан алмак элек” деп, бардыгынын артында турганга тийишпестен чабактарды чапкандарына маашырланыша, “киттин курсагында” тыгылып жаткандарга тийишпестен   бизди сооротуп коюшпайбы?

Өкүмдөн кийинки коомчулукту кызыктыргандар мына ушул суроолор болууда.

 

Модернизациялоонун жана кылымдык аферанын тарыхынан

Бишкек ЖЭБи 1961-жылы ишке киргизилген, аны реабилитациялап же түп тамырынан оңдоп, ремонттоонун зарылчылыгы 2008-жылдан күн тартибине коюлган. Алсак, Өкмөттүн 2008-жылдын 13-февралында кабыл алынган “КРнын 2008-2010-жылдардагы Улуттук энергетикалык программасы жана 2025-жылга чейин отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүнүн Стратегиясында” Бишкек ЖЭБин модернизациялоого 50 миллион доллар каралган. 2009-жылы “Электр станциялары” ААКсынын жетекчилери  Бүткүл Дүйнөлүк Банк менен сүйлөшүп, анын негизинде БДБ техникалык экономикалык негиздемесин түзгөндө ЖЭБди модернизациялоонун жалпы көлөмү 150 миллион долларга бааланган.

2010-жылдын январында М.Бакиев баштаган ЦАРИнин жетекчилери Кытайда “Тэбион Электрик Аппаратус Сток Компании Лимитэд”  (кыскартылганда ТВЕА, мындан ары ушинтип атайбыз) компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө алар Бишкек ЖЭБин 200 миллион долларга модернизациялаганга макул болушкан, бирок ЦАРИчилер аны кымбат дешип, ТВЕАнын сунушунан баш тартышкан. Ал сүйлошүүлөргө ошол убактагы ЦАРИнин коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, энергетикалык маселелер боюнча эксперт Айбек Калиев башынан аягына чейин катышышкан. Муну 2019-жылдын 26-июнундагы соттук кароодо 7 күбө ырастаган.

Президенттин 2013-жылдын 21-январдагы №11-Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясынын “Энергетикадагы инвестициялык долбоорлор” бөлүмүндө Бишкек ЖЭБин 150 миллион долларга модернизациялоо, аны аткаруучу катарында “Электр станциялары” ААКсы көрсөтүлгөн.

2011-жылы Сапар Исаков өкмөттүн, анан Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан кийин ТВЕА менен кайрадан байланыш түзүп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ал компанияны кандай жол менен болбосун тандоого аракеттенгенге киришет. Ал 2013-жылы “Электр станциялары” ААКнын башкы директору С.Авазовду, анын биринчи орун басары Ж.Назаровду чакырып алып, аларга ТВЕАга артыкчылык берүү жөнүндө президентке кат жазууну тапшырат. 30-январда ТВЕАнын башкы директору Ли Бяньчуандан өзүнүн Кыргызстандагы өкүлү кылып кытай жараны Мусажан Макелекти сунуштаганы жөнүндө билдирүү келет. 31-январда С.Авазов менен Ж.Назаров ТВЕАны тандагандыктары жөнүндө адегенде президентке, анан Өкмөткө кат жиберишет. Ошол жылы 1-февралда “Электр станциялары“ ААКсынын башкы директору С.Авазов менен ТВЕАнын жетекчиси Ли Бяньчу Кытай Өкмөтү бөлгөн кредиттик каражаттын эсебинен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө  Меморандумга кол коюшат. Мында өзгөчө баса көрсөтүп кетчү нерсе, анда модернизациялоонун баасы көрсөтүлгөн эмес. Же алгач иш дүңүнөн  макулдашылып, анан 2013-жылдын 29-апрелинде ТВЕАнын “Электр станцияларына” жазган катында 386 миллион доллар делген баасы көрсөтүлгөн. Же С.Авазов элестүү айтканда, сырттан эле ЖЭБдин тонун бычып салган. Эмнелердин эсебинен, кандай иштердин натыйжасында ал ошончо болот, анын эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси, же сметасы, же башка кошумча экономикалык, техникалык документтери болгон эмес. Модернизациялоонун баасын ТВЕАнын жетекчилери өздөрүнө пайдалуу асмандан алган сандар менен аныкташкан, “Электр станциялары” ААКсы же А.Калиев жетектеген “Энергетика холдинги” өздөрүнүн ТЭОсун же сметасын сунуштаган эмес. Ошентип,  ЕРСтик келишим делген долбоор адегенде эле аябагандай чоң коррупциялык тобокелчилик, коррупциялык механизмдер менен башталып, ишти аткаргандар аткарылгандарды кийинчерээк 386 миллион долларлык көзөмөлдүк санга жеткирүү үчүн бардыгынын баасын асмандатып, бурмалашкан. Бул максатта базардык баасы 2500-3000 сомдон турган кычкачтардын комплектиси 600 доллардан, видеоаппараттар, лифттер, казандар, генератор, турбиналар ж.б. өз бааларынан 2-4 эсе ашыра кириштелгени айтыла, жазыла берип, Кыргызстандыктар жаттап алгыдай деле болуп калды.

 

Душанбедеги кубаттуулугу 400 мегаватт ЖЭБ 349 млн. долларга бүткөрүлдү

Эң оор шарттарда же жылдык үстөгү 2 пайыз менен алынган 386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана оңдолуп, ремонттолду. Эгерде АША баштагандардын ойлорундагыдай болсо, аны модернизациялоону толук аягына чыгаруу үчүн 1 миллиард 200 миллион долларга жакын каражат талап кылынмак экен. Бирок, Өзбекстанда, Тажикстанда, Арменияда Бишкек ЖЭБинин 30 пайызын модернизациялоого жумшалган каражаттан кыйла аз акчага деле биздикинен алда канча кубаттуу жапжаңы ЖЭБдерди куруп бүткөрүп салышты. Алсак, энергетикалык кубаттуулугу 400 мегаватт Душанбе-2 ЖЭБи 349 миллион долларга курулуп бүтүп, пайдаланууга берилгени жакында инернетке чыкты. Ал эми Бишкек ЖЭБинин мурдагы энергетикалык кубаттуулугу 180 мегаватт болсо, 30 пайызы модернизациялагандан кийин ага 120 мегаватт кошулуп, жалпы кубаттуулугу 300 мегаватт болуптур. Бирок, адистердин айтымында, Бишкек ЖЭБи электр энергиясын иштеп чыгууда азыр ага да жете элек, 200 мегаваттан бир аз ашыгыраак гана электр энергияларын өндүрүп жатыптыр. Ал эми калкка жылуулук берүүнү көбөйтүү жагында мурдагыдан сезилерлик деле өзгөрүү болбоптур. Эгерде  модернизациялоого жумшалган 386 миллион долларды жаңыдан кошулган 120 мегаваттка бөлсө, ар мегаваттын баасы 3 миллион доллардан же дүйнөлүк орточо баадан эки эседен ашык кымбат болуп кеткен.

 

Аферанын артында АША турса, Исаков башкы дирижер, негизги аткаруучулар Калиев, Авазов, Назаров болушкан

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого ТВЕАдан башка Кытайдын СМЕС компаниясы, Орусиянын ИНТЕР РАОсу катышарын билдиришкен. Интер РАО 510 миллион доллардан ашык каражатка оңдоорун билдирсе, СМЕС 356 миллион доллардык сметаны сунуш кылган. Эгерде ТВЕА Кытайда трансформаторлорду, кабелдерди, электр трубиналарын гана чыгарган, ЖЭБдер боюнча тажрыйбасы жокко эсе, жылдык айлантма акчасы 3,2 миллиард доллардын тегерегиндеги компания болсо, СМЕС жылдык айлантма акчасы 32 миллиард доллардан ашкан, ГЭСтерге, ТЭЦтерге жабдууларды чыгарып, аларды орнотууга адистешкен дүйнөлүк деңгээлдеги трансулуттук компаниялардан болуп эсептелет. Эгерде аны менен жакшылап соодалашуу иштерин жүргүзүшсө, ал деле ТВЕАдай 10-15 пайыздык скидка жасап, 336 же 346 миллион долларга түшүрмөк. Анда Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы эле эмес, мүмкүн бардыгы азыркыдан 40 миллион долларга арзанга оңдоп, түздөлүп, жаңыртылмак. ТВЕАлыктардын Кыргызстанга кылган эң чоң кыянаттыгы  -  алар алгач 386 миллион долларга ЖЭБдин бардыгын жаңыртабыз деген убада беришип, иш жүзүндө анын 30 пайызын гана оңдошуп, калганына акча жетпей калды деп кутулуп кетишпедиби. Ал эми 40 миллион доллар деген Кыргызстан үчүн 2 миллиард 800 миллион сом же мугалимдердин айлыктарына бир жылдык  кошумчалардын жарымына тете акча. Ага толук стандарттагы 100дөн ашык мектептин имаратын, же 250 балдар бакчасын курса болмок.

Эгерде ТВЕА менен болгон ЕРСтик келишимдин артында мамлекет башында тургандын жекече чоң кызыкчылыгы болбосо, ал кол алдындагыларды шаштырып,  Кыргызстан үчүн чыккынчылыкка тете келишимге кол койдуртуп, аны тезирээк ишке ашырганга мажбурламак эмес. Коррупциялык кызыкчылык болбосо, сунуш кылынгандардын ортосунда 30-40 миллион долларлык айырма, эл аралык эки башкача имидж турган компаниядан,  акыл эстүү бир да адам эң начар вариантты тандап албайт болчу. Анан жүздөгөн миллион долларлык келишимдин тагдырын президенттик аппараттын экономикага, чарбалык иштерге таптакыр тиешеси жок  тышкы саясат боюнча бөлүмдү жетектеген Сапар Исаков өзү гана чечкен деп ойлоо да маңыроолук болуп калмак. Ошол убакта АША аны кызматтан кызматка жогорулатып, “оң колум” деп мактап, анын колу менен баарын бүтүртүп, анын эң чоң акысы катарында премьер-министрликти сунуштап, мындан аркысын ушул элпек бала аркылуу бүтүрүп, “каймагын калпып жата берем”- деп ойлоду эле, бактыбыз бар экен, анысы ишке ашпады. Анын планы ишке ашса, көп өтпөй Бишкек ЖЭБин оңдоп, түздөөнүн экинчи этабы, анан үчүнчүсү башталып, Кыргызстан дагы 600-700 миллион долларлык чыгашага учурамак. Анын канчасы, АШАнын түбү жок чөнтөктөрүнө кетет эле, ал жөнүндө так айта албайбыз, бирок бир ЕРСтик келишимден 111 миллион доллар уурдалса, экинчи, үчүнчүлөрүнүн “шапкелери” деле андан кем болмок эмес. Кызматтан кеткенден бери АША эки хан сарай курду, толгон токой ЖМКларды, сайттарды багып, өзүнүн сөзүн сүйлөтүүдө. Алар атасынан мураска калгандардын эсебинен АШАнын ырын ырдап, чоорун тартып жатат дейсизби? Жок. АША ийгиликтүү рейдер-прихватташтыруучу болгондугун баарыбыз билебиз, бирок ал эч качан ийгиликтүү бизнесмен же ишкер болгон эмес. Ал төңкөрүштөрдүн, шектүү операциялардын, афералардын аркасы менен гана байып келген адам. Аракеттеги президент андай иштерин улантканга мүмкүндүк бербей койду эле, ок тийген аюудай айкырып чыгып, акыры өзү түзгөн  “Кой-Таш республикасында” камакка алынды.

Биз мында кылымдын аферасынын артында АША турса, анын башкы  дирижёру Сапар Исаков, негизги аткаруучулары Айбек Калиев, Салайдин Авазов менен Жеңиш Назаров болгондугун айткыбыз келет. Соттук кароолордо Н.Өмүралиев деген: “Сапар Исаков өз планын биздин колдорубуз менен аткарды”,- деп бир нече жолу айтты. Ал эми Сапар Исаковдун өзүнүн артында тургандын тапшырмасын өз колу менен аткаргандыгы эч кимди шектендирбейт  болушу керек.

 

Эмне үчүн Өкмөт четте калган?

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого каражатты эки мамлекеттин башчысынын деңгээлиндеги сүйлөшүүнүн натыйжасында Кытайдын өкмөтү Эксимбанк аркылуу бөлгөн. Бирок, аны  пайдаланууда эки өлкөнүн өкмөттөрү четте калып, Кытай тараптын башкы билерманы анын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык иштер боюнча кеңешчиси болсо, Кыргызстан тараптан башкы дирижёр президенттик аппараттын  тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп калгандыгы таң калтырат. Элчиликтин кеңешчисинин деңгээлиндеги кызматкердин бир мамлекеттин атынан экинчи мамлекетке “ультиматумга барабар талап коёт”- дегенди өмүрүбүздө, эч жерден уккан да, окуган да эмеспиз. Бул “жаман үйдү коногу бийлейт” дегендин так өзү эмеспи. Анча-мынча акчага биздин чиновниктерибиз элчиликтин кароолдорунун да буйруктарын аткарганга даяр турушса, албетте, кагаз толтуруп отура турган кеңешчи да өзүн вице-премьер-министрдей сезет да. Мында: “карызды алган жана оор үстөк пайыздары менен төлөй турган Кыргызстан болсо, эмне үчүн Кытайдын элчилиги бизге кимди тандоо керектигин  көрсөтүшү керек?”- деген мыйзамдуу суроо пайда болбой койбойт. Чындыгында эле аң-сезимдүү адамдар, рационалдуу логика бар жердин бардыгында карызды кай жакка, кантип жумшоону карыз берген эмес, аны алган чечет. Маңдай тери менен кутулабы же каны-жаны  мененби, ал өз иши. Ал эми Эксимбанк менен ТВЕА, ал аз келгенсип Кытайдын Кыргызстандын элчилигиндеги айрым майда-чүйдө кызматкерлер да ЕРСтик келишимге кожоюн болуп алышкан. Бул президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы ойлоп чыгарган трюктардын эле бириби же тигил тараптын өкүлдөрүндө да чоң коррупциялык кызыкчылыктар болгонбу? Эгерде тең бөлүшпөсө  ТВЕАнын жетекчилери эмне үчүн алиге чейин ЕРСтик келишимдин тийиштүү документтери түгүл, ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүнүн техникалык документтерин бербей, биздин персоналды ЖЭБди башкарганга үйрөтпөй жатышат? Мүмкүн, Кытай үчүн 386 миллион доллар Өкмөтү алектенбей турган майда суммага кирер, бирок ага 100 миллионду кошуп, 500 миллион доллар кылып кайтара турган Кыргызстан үчүн бул өтө эле чоң сумма экендиги шексиз. 500 миллион доллар, бул - Кыргызстандын Акаевдин убагындагы бир жылдык бюджетине барабар акча. Бул биздин жетекчилердин аңкоолуктарынан улам болгонбу?

Албетте, андай эмес. Мурдагы мамлекет башчысында жекече кызыкчылык болгондугу үчүн иш жүзүндө аны Өкмөттүн укук ченгээлинен чыгарып, өзүнүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмү менен “Электр станциялары” ААКсына өткөрүп берип салган. Меморандумга, анан 2013-жылы 11-сентябрда кредиттик келишимге колду “Электр станциялары” ААКсынын башкы директору С.Авазов кол койгон менен кредиттин үстөктөрү азыр бюджеттин эсебинен төлөнүүдө. Аталган ААКнын ички жана тышкы карыздарынын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга чамалап барат. Келишимге кол коюучуларда “Электр станциялары” ААКсын оор шарттагы кредиттер аркылуу атайылап банкротко учуратып, анан ГЭСтердин бирин ТВЕАга карыз үчүн өткөрүп берүү планы да болушу ыктымал. “Электр станциялары” ААКсынын айланасындагы каржылык кырдаал ушундай болжол жасаганга толук негиз берет.

 

ТВЕАнын  Бишкек ЖЭБиндеги бомбасы качан жарылат?

Укуктук жактан алганда, Салайдин Авазовдун 2013-жылдын 11-сентябрда ТВЕАнын башчысы Ли Бяньчу менен кол койгон кредиттик келишими “Электр станциялары” ААКнын Уставына, КРнын “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамына тикеден тике каршы келет. Анткени, акционердик коомдун балансындагы мүлктөрдүн баасынын 20 пайызынан ашкан келишимге кол коюудан мурда анын жетекчиси акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүп, алардын макулдугун алуусу керек. Ал эми “Электр станциялары” ААКсында андай чогулуш өткөрүлүп, макулдук алынган эмес. Демек, кредиттик келишим үчүн акционерлер эмес, коомдун башкармасынын  мурдагы жетекчиси С.Авазов баштаган жетекчи курамындагылар гана жооп берет. Тилекке каршы, “Электр станциялары” ААКсындагы бир нече адамдан башка бул багыттагы адистердин, эсеп-кысап, укуктук кызматкерлердин жоопкерчиликтери сурала элек. Качан суралары да белгисиз. Бирок, кандай болбосун  өкмөт кепилдик бергенден  кийин акционердик коом төлөй албаганды бюджеттин эсебинен биздин мамлекет төлөөгө аргасыз болот.

Булар да ТВЕАнын келишимди аткаруудагы Бишкек ЖЭБине каткан “бомбасынын” жанында шоона эшпей калат. Анткени, ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүнүн иштей баштагандыгына эки жылдан ашкан менен алиге чейин жергиликтүү кадрлар аны башкарууга үйрөтүлбөптүр, техникалык документтери, чиймелери, деталдаштыргандары ЖЭБдин жетекчилигине бериле элек экен. Бул деген: “эгерде кытайлык адистер кетип калышса, жергиликтүүлөр аны башкара алышпайт, ЖЭБдин жаңыланган жагынын бир жеринде авария болсо, аны Кыргызстандык адистер оңдой алышпайт, ЖЭБ иштебей токтоп калат”- дегенди билдирет. Чын эле орусчага же кыргызчага которулган деталдаштырылган чиймелери жок болсо, кай жеринде эмне бузулгандыгын, аларды кантип оңдоо керектигин биздин адистер кайдан билишет? Эмне үчүн ТВЕАнын жетекчилери алиге чейин аларды бербей жатышат? ЖЭБдин оңдолгон бөлүгүн өмүр бою өздөрү иштетип, бузулгандарын да олчойгон акчаларга өздөрү оңдоо үчүн аларды бергилери келбей жатабы? Же алардын башка максаттары да барбы?

Иши кылып кылымдын аферасындагы негизги фигуранттар жазаларын алышкан менен тынчсыздандырарлык маселелер, ойлондурарлык нерселер көп. Аларга ким жооп берет?

Маселенин баары ушунда болууда.

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити