Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1019

С. Муканбетов:  56 жашына чейин темир тор артында өмүр өткөрсө, уурдалган, катылган, колдоно албаган акчалардын кереги не?

 

- Сабыр байке, баягы узун кеп, маегибизди баштайлы. Быйылкы күз резонанстуу окуяларга бай болуп жатат. “Азаттык” радиосунун бажыдагы коррупция боюнча иликтөөлөрү, коррупцияга каршы митинг, аткезчилик менен акча ташыган курьерлердин өлтүрүлүшү, музейдеги ызы-чуу, ТЭЦ реконструкциясына байланыштуу сот өкүмү чыгышы боюнча коом ичинде ар кандай, карама-каршы ойлор айтылып, коомубузда жарака кетип бараткандай.

Каршылашкан тараптар абдан ачуу сөздөр менен бири-бирин шыбашып, жек көрүп, керек болсо түбөлүктүү душмандашуудан да кайра тартпашчудай болуп баратат. Алдыда, 2020-жылкы боло турган парламенттик шайлоого карата элибиздин саясый активдүүлүгү мындан да катуу күч алса стабилдүүлүк бузулуп, чаң-тополоң түшүп калбайбызбы деген чочулоо күч. Ушул маселелер боюнча ой бөлүшүп, баарлашсак деп турам. Кандай дейсиз?

- Туура айтасың. Азыр эл ичи тынч эмес болуп баратат. Жогоруда сен айткан маселелер боюнча  уу-дуу кептер жүрүп, нааразычылык күчөгөнсүп бара жатат. Анан биз ЖМКлар пикир билдирип оюбузду айтпасак, кайдыгер болуп отуруп алсак кандай болот? Айталы... Балким кандайдыр бир жагынан жардамыбыз тийип, “жардан алыс” кетип аткандарга сабак болсо да ажеп эмес. Андыктан, эми сен өзүң козгоп аткан соң, сен айт, кай жагынан баштайлы?

- А дегенде эскисинен, эки жылга чукул созулган ТЭЦ боюнча соттун өкүмү тууралу бир эки ооз сөз. Кыргызстандын таарыхында биринчи ирет ири коррупция боюнча соттун өкүмү чыгып, эки мурунку премьер-министирлер баш болгон жогорку денгээлдеги аткаминерлер күнөөлүү деп табылып, алды 15 жылдан арты 7 жылдан ашык мөөнөткө соттолуп, өкүмдөрү чыкты. Соттолгондор күнөөлөрүн мойунуна албай, “акпыз, ак жерден соттолдук” деген сөздөрүн айтышты. Сиз кандай пикирдесиз? Соттун окүмүн кандай кабыл алдыңыз?

- ТЭЦте авария болуп, коррупциялык схема менен эбегейсиз чоң суммадагы каражаттар уурдалганын адеп укканда элдин кыжыры кайнап, ЖМКлар аркылуу катуу талаптарды коюп, мурунку премьер-министрлер баш болгон чоңдор камалганда, “өөх” деп канагаттанып, андан кийинки сот процесстерине, үзүл-кесил, ЖМКлар аркылуу үстүртөн гана көз салып калды. Акталып, кутулуп кетишеби деп санааркап турушкандары да көрүнүп турду. Акыры сот аяктады, өкүм чыкты. Бирин-экин жан тарткансып жаткан тууган-туушкандарынан башка эл сот процесси чойула бербей жыйынтыкталганын туура көрүп жатат.

Тилеке каршы, соттолгондор уурдалган акчаны кайтарбай, дагы деле актанып жатышат. Анткени ал коррупциянын башында турган, уурдалган акчанын эң чөң бөлүгүн сугунуп койду делип жаткан Алмазбек Атамбаев соттоло элек. Анын ТЭЦтеги коррупция боюнча иши өз алдынча өндүрүшкө бөлүнүп алынгандыгы айтылган. Уурдалган акчалар табылып, кайтарылбаганынын дагы бир себеби ушунда болсо керек.

Башында ТВЕА 150 млн. долларга бүтүрөбүз деп жүрүп, кийин эле биз тарап 386 млн долларга баалап, ошол сумманы “суверендик карызбыз” деп кол коюп бергени, иш жүзүндө 70-80 млн долларлык суммага тете иш жасалгандыгы тууралуу гана акт бар экендиги айтылып, жазылып атты. Эки ортодо ашыкча жазылган сумманы ТВЕАнын өкүлдөрү менен биздин төбөлдөр бөлүшүп алган, коррупциялык схема экени көрүнүп эле турат.

Эми Сапар Исаков акмын деп ыйлактап жатат. Максим Бакиевден калган проектинин кагаздарын көтөрүп алып, керек болсо Алмазбек Атамбаевди азгырып ушу коррупцияга аралаштырганы анын аракеттеринен, жазган кагаздарынан, кошо соттолуп аткандардын көрсөтмөлөрүнөн аныкталып атпайбы.  

Сапар Исаков андан көрөкчө ачыгын айтып, моюнга алып, ким аркылуу кантип алышканын, кантип бөлүшкөндөрүн, кай жактын банктарына катышкандыктарын ачык айтып, кытайлар алганын кайыра албасак да кыргыздар алганын кайра кайтарууга салым кошсо болмок да.

Азыркы мыйзам боюнча коррупция беренеси менен соттолгондорго амнистия, УДО, срок давности деген жок да. Азыр 43кө чыккан Сапар Исаков эки жылдай отурду, эми дагы 13 жыл үй-бүлөсү менен жашабай, 56 жашына чейин темир тор артында өмүр өткөрсө, уурдалган, катылган, колдоно албаган акчалардын кереги не? Аялы, балдары ансыз кандай тагдырга туш болот? Чыдай алышабы? Балким ойлоноор дагы деле? Кеч болсо да күнөөнү моюндап, уурдалган акчаларды казынага кайтарууга жардам берсе, анан мөөнөтүн кыскартып, үй-бүлөсүнө эртерээк кайтпайбы дегиң келет.    

- “Азаттык” радиосунун бажыдагы коррупция боюнча иликтөөлөрү, коррупцияга каршы митинг, АКШ менен “Азаттык” радиосуна каршы айыптоолор, аткезчилик менен акча ташыган курьерлердин өлтүрүлүшү, “Раим-миллиондун” суракка чакырылышы, Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы сотко бергени тууралуу кеп салсаңыз? Сотто таразанын ташы каяка оойт, ким жеңет деп ойлойсуз?

- Бул эми, менин оюмча, “Раим-миллиондун” аргасы кеткендеги аракети болду го? Ал өткөндө кыргыз өкмөтүн соттон жеңип алгандай “жеңил-желпи жеңип алам”- деп жатса катуу жаңылышат. Кандайдыр бир өзүнө ылайыктуу өкүм чыгартып алууга жетишкен күндө да анын үзүрү болбойт. “Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” деп, эл баасын берип койду. Сотторго эл ишенбейт, бийлик үчүн да эбегейсиз репутациялык жоготуу болот. Эл жарылып кеткенге карай баратабыз.

Бизде сойкулук саясатчыларда эле эмес журналистерге, блогерлерге, активистерге, коомдук ишмерлерге чейин жугуптур. Анча мынча тыйынга сатылып, уурусун да кылмышкерин да колдогон көнүмүшкө айланды. Коррупция менен табылган акчаны суудай чачып, ЖМКлардын, сайттардын оозун жаап койсо болот экен. Анан жердешчилик, тууганчылык, жеке кызыкчылык үчүн чыгып коррупцияга катыштыгы бар делинген адамды колдогондон да уялбай калдык.

Мисалы, Искак Масалиев, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев, Жылдыз Жолдошева, Бөдөш Мамырова, Камчыбек Ташиев, Надира Нарматова баары бир сыйрадан ЖМКлар аркылуу “Раим-миллионду” колдомуш болушту. Коррупцияны колдош кыйын да, кыйналып-кысталгандары деле байкалгансып калды. Кудаага шүкүр, дагы жакшы, буларды коштоп ак-сакал, көк сакалдарыбыз, жалпы элибиз трайбализмге берилип, ууру-кескини колдоп кеткен жок. Нарк бар экен, али да болсо...

Надира Нарматова андан да ары кетип, коррупцияны иликтөөчүлөрдүн өзүлөрүн жоопкерчиликке тартууну сунуштап жиберди. Бөлүнүп, жарылып уруш башталды, кадимкидей. Айрым, жалданган ажаан блогерлерге сөз айткандан да заарканасың. Эч аёосуз болгон заарын чачып, башынан ылдый бок-сак куюп тытышып, ооз ачкандын баарына атырылып, беттен алып атышат. 

Эми ошол, жогорудагы актамыш болуп чыгышкандардын айтканына көнүл бурсак, кеп чынында алар актап деле кыйратышкан жок. Болгону бир эпизод боюнча, “700 млн доллар кыргыздын бюджетинин акчасы эмес, өзбектики” дегенди гана айтышты да ошонун негизинде, “Раим күнөөлү эмес” деп өзүлөрүн өзүлөрү ынантымыш болушту, бирок элди ынантыша алган жок.

Ошо 700 млн доллардан 200 млн сом кыргыз бюджетине комиссия алынышы керектиги тууралуу Акылбек Жапаровдун кыйытканына эч ким деле кулак салган жок. Вице-премьер министр да 10 миң доллардан ашканы аткезчилик деп ЖКдан жооп берип жатса да баары бир.

Өзбекстанга транзит деп оформит этишип Кыргызстанга түшүрүлүп, Орусия менен Казахстанга аткезчилик менен ташылган товарлардан бажы төлөмдөрү алынбаганы, кымбат бажы салыгы алынуучу товарлардын текстиль деп катташып эң төмөн баада салык алышып калгандары сол чөнтөккө солонгону, ал товарлар Баткендеги базарда сатылды болуп, кагаздары чет жакка акча которууга негиз болгону, а текстиль деп жазылган кымбат товарлар Баткенде сатылбай эле аткезчилик менен ЕАЭСтин базарына ташылганы, ар бир чек арадан өткөн фуралардан акча жыйналып турган системалык коррупция тууралуу бир ооз соз айтпай эле, “700 млн доллар биздики эмес, Раим апакай” деп гана коюшту.

Булар эми, кеп чынында Раимди колдош үчүн чыгышкан деле жок, өзүлөрү үчүн, “не бар, не жок, Раим эртең бир чо-оң тизмеге спонсор болсо кереги тиет”- дегенсип эле чыгышты десек жаңылышпайбыз. Раимди актап деле жыргатышкан жок. Болгону өзүлөрүнө пайда кылышты - Раимди колдогондордун тизмесине эле кирип коюшту.

Бирок эми, журналистерге жетпеген сөз жок да... Ич ара сүйлөшүшкөндө “...эй колдомуш болуп коёлу, бийликтин түбүнө ушу Раим жетет эй”, -дешип, айтып жүрүшкөндөрүн өзүң деле угуп жатасың го?  Ошон үчүн ыйынып-ычкынып, уятты жыйыштырып, бир сыйра көрүнүмүш болушту да жым болушту. А Раимге кандай да болбосун, иши кылып бир поддержка болсо болду болчу...

Ооба, бул бажыдагы системалуу коррупция көп жылдардан бери Раимге чейин да, Раим менен да, Раимден кийин да иштеп жүздөгөн бажы кызматкерлеринин колу менен жасалып жатат. Просто Раим ушул коррупциянын символу, желеги сыяктуу болуп калды. Анан жок дегенде ошол символ жазаланмайынча коррупция боюнча күрөшкө болгон ишеним калыбына келиши мүмкүн эмес да. Мына ошону бийлик бутактарындагы, укук коргоо органдарындагы Раимдин колдоочулары түшүнбөй жаткандай.

Керек болсо - “Сооронбай Жээнбеков “Раим-миллионду” колдойт, аркалыктар Раим аркылуу президентти дискредитация кылууну көздөшүүдө, ошондуктан Раимди колдошубуз керек!”- деген трайбалистик түшүнүктү, анча ойлонбой, курсагын тойгузса ажылдай  берчү жердешчилик канына сиңген блоггер сымалдар аркылуу тымызын жайылтышып, элди бөлүп, президенттин аброюна шек келтиришүүдө. Кыскасы, кандай жагынан албайлы, “Раим-миллион” чекеге чыккан чыйкан болду да, калды...

Алмазбек Атамбаевдин элди түндүк-түштүк кылып бөлүп тополоң чыгаруу арам оюу ишке ашкан жок эле, эми ушу трайбалисттер ишке ашырабы деп сар-санаа болосуң. Же ошол аркалыктар тарабынан кепке аралашып, Атамбаевди колдоп сүйлөп, жердешчиликке басым жасап, элди бөлүп-жарып сүйлөп жаткандар болсочу. Андайлар жок.

Бирок жанагындай трайбалисттик аракеттердин таасиринен карапайым, коом алдында сөз сүйлөбөгөн, жөнөкөй эле адамдардын пикири бузулуп, кухняларда бийликти сындай баштаганы ачык байкалууда. Шайлоого карата уюша калып мөөрөйгө жетебиз деп трайбализмди жылжыткан элита сөройлөрүбүздүн аракети ушундай ажырым жаратууда. Буга бийлик көз жаздымда калтырбай чара көрүп, элдин ынтымагын, биримдигин сакташы керек.

- Коррупцияга каршы митинг, АКШ менен “Азаттык” радиосуна каршы айыптоолор, аткезчилик менен акча ташыган курьерлердин өлтүрүлүшү туураалуу айтпай калдыңыз?

-Эми акча ташыгандарды, Саймаитини өлтүргөндөр четинен кармалып, тергөө жүрүп атпайбы. Аны ошо тергөө органдары айтаар.

Биз мынабу коррупцияга каршы өткөрүлгөн митингге карата болгон реакция тууралуу айталы. Абдан кызык болду. Бейөкмөт уюмдар, активисттер, коррупциядан тажаган коомчулук коррупцияга каршы, по существу, “Раим-миллионго” каршы чара көрүүнү талап кылып митингге чыкты.

А биз канттик? “Америка келатат, тополоң баштайт экен, баланча миллион доллар келиптир, “Сириядай кылат экен, америка акмак, жоголсун америка, элчилигинин астына пикет кылалы”- деп, “Азаттык” радиосу менен кошуп туруп, бийликчил ЖМКларыбыз баш, эркин ЖМКларыбыз төш болуп каршы чыктык. Корупционерлерди коргоп калыш үчүн мамлекетибизге АКШ менен Батышты, “Азаттыкты” кошуп туруп жоо кылганга да даяр болдук го чиркин.

Ооба, чындыгында Америка ошондой. АКШ өз кызыкчылыгы үчүн далай жерге бүлүк салып, төңкөрүш жасашканы факт. АКШ СССРди ыдыратып талкалагандан кийинки планы Орус Федерациясын талкалап, майдалап бөлүп, ресурстарына ээлик кылууну пландап, туш тарабынан кысып келет. Булар согуштук доктриналарында бири бирин душман туткан ири державалар. АКШнын Украинадан орусту төшкө соккон “удары” өтпөй калды.  Биз Кыргызстан Ирак ж.б. сыяктуу энергоресурстарга бай өлкө эмеспиз. Бирок биз, Кыргыздар орустардын буфердик зонасы, Орусияга кол салууга өтө ылайыктуу плацдарм катары (чандырдан алганга)  АКШга кызыктуубуз.

А бирок, АКШ анда эмне кечээ, былтыр, мурдагы жылы келип төңкөрүш жасабай жүрөт? Анткени алар убактысын күтүшөт. Жөн эле каалаган жерге ойлонбой барып катыла бербейт. Эли ырылдап, тытышып, ынтымагы кетип, стабилдүүлүк бузула баштаган жакка барып, бензин чачып, тутантып ийгенге даяр турушат.

Андыктан “ууру-кескини колдойбуз” деп чуру-чуу түшүп, “мына биз бышып калдык, келсеңер болот”,- дегенсип сигнал берүү, өз башыбызга өзүбүз балээ тилеп, уктап аткан “монстрду” ойготконго эле барабар да.  Жок дегенде мамлекеттик ЖМКлар ошону ойлош керек да. Кайдагы бир коррупционерди колдойбуз деп мамлекетибизге тоодой душман чакырдык.

- Бизге бөлүнгөн гезит бетиндеги аянт деле толуп калды. Акыркы суроо – Көркөм сүрөт музейиндеги ызы-чуу тууралуу эки ооз соз айтсаңыз. Ошону менен жыйынтыктайлы. Кандай дейсиз?

- Нургазы, сен жакшы суроо бердин да эй! Тим эле үстүнөн түштүн! Бул баягы КВН ойногон командалар матч реванш алып, кайра беттешкендей болду. Мен составы боюнча айтып атам. Ширин Айтматова, Мира Жангарачева, Роза Отунбаева ж.б. лар бир тарап, Раимди колдоп аткан журналист, блогерлер бир тарап болуп калды. Мира Жангарачева менен Роза Отунбаева экөө тең Даниялык жыланачтанган аялдын жоругун колдобостугун, алдын ала билишкенде жол бермек экендиктерин айтышты. Бирок Роза эже ачууга алдырып, мекендештеринин менталдык деңгээлин эске албай, айылдык-шаардыктар тууралуу бир топ ашыкча кептерди айтып, ур-тепкиге кабылды.

Берки тарапка болсо, Америкага асылбай, Раимди кошпой оппоненттердин өпкөсүн үзсө боло турган кырдаал түзүлдү. Салт-санаабызга туура келбей турган, чектен чыккан жорукту сындай тургандардын эсебинен алардын саны арбып баратат. Мурун, башка маселе боюнча түзүлгөн фронт экенинен кабары жоктор кошулуп атат.

Американы боктобой “авансты” актоонун жолун таппай кыйналып жүргөндөрдүн ошентип “багы ачылды”. Азыр алар, ошол артыкчылыкты сактап калуу үчүн бар айлаларын салып, талкууну улантып, берки тарапты уйпалап, элдешкис душманга айлантуу үстүндө күпүлдөп аракеттенишүүдө. Ажырым болсо чонойуп баратат. Азырынча, “элдешкис душман болуп калсак эмне болот, эртен бирге кантип өмүр сүрөбүз, ынтымагыбыз ыдырагандан сырткы күчтөр колдонуп кетсе кантебиз?”- деп ойлонгондору деле, ныпым байкалбайт.

Ошентип, Америкага, батышка, “Азаттыкка” асылуу опурталдуу экенин сезип, акыры эсибизге келдик окшойт, токтодук. Америкага асылбай калдык. Бирок андан эмне толк?  Чырыбыз токтобой атса.  

Бирок ага чейин, жанагы төңкөрүшкө деп, АКШнын элчилигине келиптир деген 60 млн доллары, балким чын эле келип калган болсочу? Анда канттик?  Бир коррупционерге “шумовая завеса” керек экен деп, туруктуулугубуздан ажырайлыбы? Көчүктү кысып ынтымагыбызды сактайлы да.

Эмнеге ыркырашабыз? Даниялык аял туура кылды деп бир кыргыз айткан жок го? Андай жорукту, ЛГБТларды көпчүлүгүбүз, кыскасы баарыбыз эле жактырбайт экенбиз. А эмнеге Отунбаева өзү жылаңачтангандан беш бетер жулунуп атабыз. Сабырдуу эле “жоругуңар жолдо калсын” деген менен бүтүрүшүбүз керек болчу да.

Ошол музейде даниялык бийчи чечинген видеону карагылачы. Так секирген, сөөмөйү менен кезеп, өкүрүп-бакырып, сөгүнүп-сагынып, шок болуп, атырылып кол салып, жулунуп аткан бирөө жок. Акырын, сабырдуулук менен бурулуп, өтүп кетип жатышат.

Мына карагылачы, биздин элдин накта маданияты ошондой жогору, сабырдуу маданият экен. Ошол жерден  даана көрүнүп калыптыр.

А бүгүн ал жерге барбагандар, көрбөгөндөр жулунуп атасыңар. Себеби максаты башкалар аралашып атат.

Сабырдуу бололу. Шайлоо деп атып, трайбализмге берилип атып, оюндан от чыгат болбойлу. Эки жолу дүрбөгөндөн көрдүк го. Шаар өрттөнүп, адам чыгым болуп, артка кеткенден башка пайда жогун...

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити