Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 133

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, мал сарайда эшектер союлуп, эттери тамакка кошулуп жатканы боюнча соцтармактарда тараган тасмадагы маалымат чындыкка дал келбейт.

Аталган тасма соцтармактарга декабрдын башында жарыяланган.

Тасманын автору эшектер Ош облусунун Мады айылындагы сарайда кармалаарын айткан.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, видеодогу маалыматты текшерүү үчүн укук коргоо органдары, жергиликтүү аймактын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы, санэпидемстанция жана жергиликтүү бийликтен турган комиссия түзүлгөн.

“Текшерүүнүн натыйжасында тасмадагы сарай Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан «Береке Мойнинг» ЖЧКга караштуу экени белгилүү болду. Бул ишкана болжол менен миңге жакын эшек чогултуп, ишмердүүлүк жүргүзүп келүүдө. Аталган короодо эшектерди союп этке таркаткан фактылар аныкталаган жок”,- дешти Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Укук коргоо органдарынан соцтармактарга тарап кеткен тасма 2015-жылы тартылганы аныкталганын жана видео менен кошо таратылган сүрөт башка жактан алынгандыгы тастыкталганын кабарлашты.

Ошондой эле милициядан соцтармактарга аталган тасманы таркаткан жаран “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча изделип жатканын кошумчалашты. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, жалган маалыматтарды таратуу боюнча кылмыштын белгилери аталган беренеде камтылган.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити