Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 149

“Коопсуз шаар” долбоорунан сыртка аккан маалымат аз жерден эки үй-бүлөнү ажыраштырып сала жаздады.

4-декабрда интернет айдыңында автоунаада бара жаткан аял менен эркектин ыксыз сүрөтү долбоордун көзөмөл видеосунан алынып жарыяланган. Сүрөттү жарыялагандар рулдагы эркек Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов, ал эми аял анын орун басары экенин белгилешкен.

Белгилей кетсек автоунаадагы түгөйлөр сүрөттү жарыялагандардын версиясындагы адамдар эместиги такталгандай болду. Алмаз Мамбетов сүрөт тартылган учурда шаардын такыр башка жагында болгонун, ал эми орун басары үйүндө, өз бүлөсүнүн маңдайында отурганын далилдеп беришкен.

Эксперттер булар актыгын далилдей алышканы менен береги чуулгандуу сүрөт дагы бир үй-бүлөгө запкысын тийгизиши мүмкүн дейт.

“Видеокамеранын сүрөтүндө ким тартылбасын айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосунда кызматтык же сүйүү романы бар. Анткени күйөө эч убакта аялынын денесинин жумшак бөлүгүнө минтип кол сала бербейт. Аялы дагы эл көзүндө мындай кылууга жол бербейт. Сүйүү мамилелери өз үйүндө интимдик жагдайда жасалышына мыйзам каршы эмес”, – деди эксперт Расул Умбеталиев бул окуя боюнча.

Айтымында “Коопсуз шаар” долбоорунун жүрүшүндө Россияда да ушундай ызы-чуу болгон. Ири орус шаарлары үй-бүлө жаңжалдарын азайтуу максатында эреже бузган автоунааларды каттап алуунун башка ыкмасына өтүшкөн. Ага эреже бузган автоунаанын алдыңкы айнегинен айдоочу менен жүргүнчүнүн жүзү чагылдырылып, “бакыт каты” ээсине жеткенде күйөөсү сүрөттөн аялынын көңүлдөшү бардыгын билип калганы себеп болгон. Бул үй-бүлөлүк чырга алып келген. Мындан кийин эреже бузган автоунаанын арткы номерлери сүрөткө тартылып баштаган.

Расул Умбеталиев да “жеке турмушка кол салбоо” үчүн Кыргызстанда дагы видеокөзөмөл камералары автоунаалардын арткы номерин чагылдыргандай кылуу керек деп эсептейт.

Айтор, бул “Коопсуз шаар” долбоору бир балакет болду...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити