Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 186

9-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланды.

Ага ылайык, мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды.

Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жаткан.

Сот жараянын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүркановду, “Айкөл курулуш” компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, “Альто Групп” компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылга кесүүнү суранды.

Ал эми дагы эки айыпталуучу «”Дастан Инжиниринг” компаниясынын мурдагы директору Асылгүл Сасыбаева менен Мырзабек Бактыбековду кылмыш мөөнөтү өткөнү үчүн үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилди.

Кулматов Кытай берген акчага “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп соттолууда.

Ибраимовго “Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар”- деген айыптар коюлган.

Сот өткөн жумада Бишкек ЖЭБи боюнча айыпталган экс-чиновниктерге да өкүм чыгарып, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга, калгандары 7-8 жылга соттолуп, арты 3,5 миллион сомдон айып төлөп чыгууга кириптер болушту. Эми буларды 15-20 жылга соттогон менен деле мамлекетибиз оңолуп кетпейт. Андан көрө ошол жеген-ичкенин кустурса, пайдалуу болмок.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити