Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 168

ИИМ тарабынан 16 айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү боюнча токтом чыгарылды.

Алардын ичинде мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да бар.

КР ИИМдин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүшү шарт.

“2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин (“Экспертизаны дайындоонун негиздери”) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, ИИМдин мындай токтому Кой-Таш айылындагы башаламандык, жарандарды барымтага алуу ишинин алкагында кабыл алынды.

Бизди кызыктырганы, эгерде соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен мурдагы президенттин башында мандем бар деп табылса, анда кандай болот? Кой-Таштагы окуя боюнча жоопкерчилиги каралбай калабы? Жоопкерчилиги курусун,  Кыргызстанды 6 жыл  психикасы жайында эмес адам башкарыптыр деп дүйнөгө шерменде болбосок эле…

 

Булак: “Майдан. kg” гезити