Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 168

Ш. Маматокторов: Жөнөкөй кылмышкер үчүн, мындай диагноз жеңилдик алып келмек,  Атамбаев үчүн тескерисинче, абалын оорлоштурат.

 

- Шаирбек мырза, экс-президент Атамбаевге психиатриалык экспенртиза дайындалды. Пикириңиз?

- Ар бир кылмышкерге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалат. Бул жазык кодексинин талабы. Кеп башкада - Атамбаев кылмышкер катары сыпатталып, кылмышкер катары бүт процедуралардан өтүп жатат. Мына ушунун өзүнүн ал зарылчылык барбы, же жокпу деген суроого жооп. Кылмыш жасаган адамдын ошол кездеги психикалык абалын аныктоо керек. Себеби, акылдан азган адам болсо, кылмышкер катары эмес, оорукчан адам катары мүнөздөмө берилет. Анда, анын жазасы да башкача болот. Бирок, Атамбаев үчүн мындай диагноз өтө туура келбеген жыйынтык. Себеби, анда өлкөнү 6 жыл бою эс-акылы ордунда эмес адам башкарган болуп чыгат. Анын үстүнө, анын бүт ишмердиги, кабыл алган чечимдери, дайындоолору - баарысы маанисин жоготот. Жөнөкөй кылмышкер үчүн, мындай диагноз жеңилдик алып келмек, а түгүл ошол диагнозду алууга аракеттенишет. А Атамбаев үчүн тескерисинче, абалын оорлоштурат.

- Экс-депутат С.Жапаровдун талапташтары 19-декабрда митингге чыгууну көздөшүүдө. Бул саясатчы эмнеге абактан чыкпай жатат, чыгышы керекпи өзү?

- Башкасы олтурса да, ушул Садыр Жапаров түрмөдө олтурбаш керек эле. “Кумтөр” элдик болуш керек, “Кумтөр” кени боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөгөн келишимдер жокко чыгарылсын дегени үчүн, Атамбаев жана анын ууру командасы Садыр Жапаровду камакка тыгышкан. Бирок, бийлик алмашкандан кийин боштондук берилсе керек деп күтсөк, андай болуп чыкпады. Азыркы бийлик деле негедир создуктуруп, Атамбаевден калган соттор кайра эле Жапаровду темир тор артында кармап келет. Демек, кайсы бир күчтөр дагы деле С.Жапаров боштондукка чыкпоосуна кызыкдар. Менимче, келе жаткан шайлоону эске алсак, күчтүү атаандаш азыркы саясий оюнчуларга такыр кереги жок. Талаа тилке-тилке болуп, эбак эле бөлүнүп калган сыяктуу

Ч.Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити