Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 198

К. Дүйшөбаев: Биз өзүбүздүн ишибизде шашпастан, саясий коньюктурадан алыс болуп, коомдун туура, калыс, акыйкат кабыл алуусуна басым кылдык.

- Кеңешбек мырза, декабрь айында болоору маалымдалып жаткан Курултай эмнеге февраль айына жылды?

- Курултайдын Аткаруу комитети өзүнүн 9-декабрында өткөн жыйынында кезектеги Курултайды 2020-жылдын 8-февралында өткөрүүнү чечти. Андан тышкары Курултайда каралуучу маселелерди, уюштуруу иштерин, жооптуу адамдарды бекитти. Азыркы мезгилде коомдо түзүлгөн саясий кырдаал, мамлекеттик органдар, бийлик бутактары жасап жаткан иштер боюнча пикир алышуу болду. Көпчүлүктүн сунушу боюнча Курултай мамлекетте түзүлгөн стабилдүүлүктү сактап, Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүнүн  корутундусун карап, ага тиешелүү саясий укуктук баа берилип, андан тышкары бажы, чек ара маселелериндеги чуулгандуу окуялар текшерилип, анын жыйынтыктары коомго белгилүү болгондо өткөрүү туура болоору белгиленди.

- Курултайдын күн тартибине кайсы маселелер кирет жана эмнелерге басым коюлат?

- Курултайдын күн тартибине Кой -Таш окуяларын иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын корутундусу, конституциялык, сот укуктук реформаларды жүргүзүү, 2020 -жылы боло турган парламенттик шайлоо жана башка ушундай орчундуу маселелер киргизилди.

- Кой-Таш окуясын иликтеген коомдук комиссиянын жыйынтыгы даяр болдубу?

- Кой-Таш окуяларын иликтеген Коомдук комиссия өзүнүн  ишин аяктап, азыр корутундусун даярдап жатат. Биз өзүбүздүн ишибизде шашпастан, саясий коньюктурадан алыс болуп, коомду кызыктырган маселерде иштин сапатына, коомдун туура, калыс, акыйкат кабыл алуусуна басым кылдык.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити