Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 153

Республикалык деңгээлде шылдың...

 

Кечээ бүт дүйнө жүзүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белигленди. Тагыраагы, кечээ биз бул адамдарды кантип коргоого алуу жаатында сөз сүйлөп, аларга жылуу сөз айтышыбыз керек эле. Ушуга байланыштуу бир окуя эске түшөт. Бул коомдун арты менен чон даражага жеткен адамдар көп. Анын бири - КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев. Ал сүйлөгөндө ыйлагың келет. Бирок, сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши дал келип жатабы? 25-ноябрда Дастан Бекешев коррупцияга каршы митингге катышты. Бирок аны бул мамлекеттин казынасын бөксөрткөн начар көрүнүштүн айыгышкан душманы деп айтууга да болбойт. Тастыктоо катары 5 фактыны келтиребиз.

 

1. Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн Коомундагы конфликт жана интрига ар дайым болуп келет. Дастан Бекешев майыптарга жардам көрсөтпөйт, анан да алар менен соттошот. Ошолордун арты менен адам болгон, бирок, аларга каршы чыгып гана жүрөм. Коомдо 9 миң 507 мүчө бар, анын 4 миң 310у дүлөйлөр, 5 миң 168и азиздер, калгандары жалпы дарттар боюнча майыптар.

 

2. 2012-жылы Дастан Бекешев коомдун мурдагы башчысы Калык Мамбетакуновду кетирип, ордуна тил алчаак Марат Ташбаевди отургузган.

 

3. 2010-жылы Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен келген. Бирок коомду башкаруу курамынан чыккан жок. Ушул убакка чейин башкаруу курамда жүрөт.

 

4. 2011-жылы Дастан Бекешев азиздердин жана дүлөйлөрдүн Коому аркылуу батир алган. 2012-жылы жубайы менен ажырашкан кыяз кылып ага батирди жаздырып берет да, 2 миллион 700 миң сом ссуда алат.

 

5. 2016-жылы Бекешев коомдун турак-жайга өтө муктаж болгон мүчөлөрүн “Майыптар коомунун” мурдагы башчысы Калык Мамбетакуновго каршы митингге чыгууну буйруйт. Коомдук мүчөлөрү мындай дешет: “Бекешев майыптарды аянтка чыгууга шыкактады, чыккандарга батир жана акча берүүнү убадалады”.

 

Жыйынтыгында депутаттын буйругу менен Мамбетакуновго каршы чыккандар батирди да, акчаны да ала алышпады. Бирок эл өкүлү башкаруу курамда калды, айтканынан чыкпаган Марат Ташбаевди дайындады, жеңилдетилген шарттагы насыя алды жана батири да өзүндө калды. Эми ал жардам берем деген ант берген адамдарга каршы соттошуп жатат.

 

Темирлан Ормуков, акын, коом мүчөсү:

 

- Дастан Бекешев депутат болуп майыптардын атынан шайланган, майыптардын укугун коргойт, таламын талашат деп парламентке барган. Бирок ал парламентте отурган жылдары майыптардын пайдасына кандай мыйзам сунуштады, кандай токтом кабыл алды? Майыптардын маселесин көтөрдүбү, майыптардын көйгөйүнө байланышкан кайсы бир демилге менен чыктыбы? Жок. Анын көтөргөн демилгелери: мектептердеги ысык тамак берүүнү жокко чыгаруу, Шри-Ланка менен Бангладештин жарандарына визасыз режим киргизүү гана болду.

 

 

Жамийла Темирбаева, коомдун мүчөсү:

 

- Дастан Бекешев бизди сотко бердирип, 3 жыл сотто жүрдүк. Сот акырында 20 миң сом айыппул төлөөгө чечим чыгарды, биздин пенсиядан башка эч нерсебиз жок десек 4 миңге түшүрүштү. Бир күнү кечинде үйгө Бекешевдун катчысы Айдай, сот аткаруучу Садыркулов жана дагы бир бала болуп келишип, 20 миң сом төлөбөсөм Кыргызстандан чыгуума арест коюларын айтып коркутушту. Аларга да карманганым пенсия экенин гана айтып, коркутууларын койбосо мен да сотко кайрылам дедим. Ошондо гана кетишти. Бекешев бир туугандай болгон азиздерди бири бирине чабыштырып үй талаштырып койду. Өзүнүн досу Марат Ташбаевди директор кылды, ал Бекешевдон башка эч кимди укпайт. Майыптар үчүн келген долбоорлорду өзү алат, бизге эч нерсе жасабады. Мамбетакуновдун убагында берилген үйлөрдү алып өз адамдарына карматты. 2013-жылы үйгө кезекке тургам, жашым 45те дагы деле кезегим келе элек.

 

Автордон: Дастан Бекешев тууралуу коомчулукта сөз көп. Ал ар дайым өзүн гана ойлогон бир адам экенин ким гана айтпады. Бүгүн ал таптакыр чектен чыкты. Ошондуктан, бул депутаттаны ишмердүүлүгү текшерүүгө алынышы керек. Коомдун эң аялуу катмарларынын арты менен байып, эч кимди көзүнө илбей, кыйын болуп олтурат. Адилеттүүлүк болсо, жогоруда фактылар боюнча териштирүүлөр болушу керек.

 

Азизбек Каработоев, Булак: “Майдан. kg” гезити