Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 332

А. Мырза:  “келинизация - бул кулчулук”, “чай куйбоо менен укугум”

 

- Айбек, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн феминистердин иш-чарасын айыптап чыктыңыздар... Аталган көргөзсөдө сизди санаага салган дагы кандай нерселер орун алыптыр?

 

- Ал жерде биринчи эле көзүмө аялдар койдун кесилген башын таякка сайып, колдоруна кармап алган "ОБОН" деген музейдин өзүнүн сүрөтү көзүмө урунду. Экинчи, феминистер коому уюштурган көргөзмөдөгү “Аборт кылдырууга менен укугум", "бир жыныстык никеге болгон укук", "паркта бала эмгизүүдөн уялбайм", "ажырашууга болгон менин укугум" жана башка түшүнүктөрдү жайылтууга жасалган аракети санаага салды. Анткени, мунун баары улуттук идеолигиянын жоктугунан келип чыккан көрүнүштөр десек туура болот. Мамлекетте бул багытка көңүл бөлүнбөгөнү, тарбия берүү маселесинин колго алынбагандыгы үчүн ушундай жагдайлар жарала баштады. Бул ойлоно турган маселе. Буга азыртан маани бербесек - бул нерсе бара-бара кыргыз улутунун өзөгүн өртөөгө алып келет. Мен музейге киргенде андай акылга сыйбаган көрүнүштөрдү эмес, Герцендин “Манас” эпосуна байланышкан сүрөттөрүн көргүм келет. Мира Жангарачева музейдеги бул көргөзмөгө жооптуу. “Көргөн эмесмин”- дегени аргумент эмес.

 

- Бирок, экс-президент Роза Отунбаева:Мырзалар, токтогула! Балким силерде административдик күч бардыр, бирок коомдун жана аялдардын тилектештиги деген пикир да бар. Көргөзмө аялдардын маселесине, аларга карата зомбулукка арналган”- деген билдирүү таратты го?..

- Булар аялдарга карата зомбулук деген шылтоо менен “бир жыныстуу үй-бөлө курууга укугум” деген антиконституциялык иштерге жол берип, кыргыз элинин менталитетине, улуттук баалуулуктарына каршы иштерди жайылтуу аракетин көрүштү. Бул эки жүздүүлүк. “Бир жыныстуу үй-бүлө”- деген Конституцияга каршы келет. Ошондой эле жылаңач аялдар катышкан көргөзмөдө 18ге чыга элек жаш балдардын жүрүшү да  мыйзамга каршы келет. Ошон үчүн текшериш керек. Анткени, алардын көргөзмөсү акылга сыйбай турган, улуттук баалуулуктарга каршы келген иштерге жык толуптур. Биз ошон үчүн каршы чыгып, сындап, ал көргөзмөнү жабууга аргасыз кылдык.

 

- Балким Отунбаева ал көргөзмөгө барып, колдогондой түр көрсөткөнү да туурадыр. Бул жерден активистер аша чаап кеткен жокпу?

- Активистердин реакция кылышы да алардын укугу. Азыр баалулуктардын кагылышы жүрүп жатат. Бул окуя мамлекетке чоң сабак болушу керек. Конституцияга өзгөртүү киргизип, улуттук баалулуктарды коргогон жана жыйылтууга багытталган беренелерди киргизүү зарылчылыгы жаралды. Эсибиз барда этегибизди жыйып, кыргызды кыргыз кылган баалулуктарыбызды сактап, ал турсун мыйзам менен туш тараптан коргошубуз керек. Антпесек аялдардын укугу деген шылтоо менен кыргыз салтына, кыргыз баалулуктарына доо кетирген иш аракеттер жүрүп жатат. Аялдар менен эркектерди бири-бирене каршы коюу, кагыштыруу аракети күч ала баштады. Чынында мындай маселе көргөзмөнү жаап койсо эле чечилбейт. Мамлекет тарбия берүү саясатын колго алып, үй-бүлөдөгү туруктуу тарбия берүүнү күчтөндүрүшүбүз керек.

 

- Эгер активистер реакция кылып, каршы чыкпаганда алардын мындан аркы аракети кандай болот эле?

- Алар активисттердин каршылыгы болбогондо сөзсүз түрдө өздөрүнүн деструктивдүү иш-аракеттерин уланта бермек. Анткени, бул системдүү жүрүп жаткандай сезилет. 8-март феминстердин жүрүшү жана андагы “келинизация - бул кулчулук”, “чай куйбоо менен укугум”- деген акылга сыйбаган, кыргызга жат көрүнүштөрдү ураан кылып чыгышкан. Башкача айтканда, булар атайын кыргыз баалуулуктарына каршы системдүү иш аркеттерин жүргүзө башташкан. Биздин каршылыгыбыз, биздин реакциябыз болбогондо эмкиде мындан да башкача форматтагы көргөзмөлөрүн уюштурушмак. Буларга учурунда маани бербесек, аракеттери менен кыргыз коомчулугун бөлүп-жарууга, кыргыз салтын тебелөөгө, улуттук ар намыска шек келтирген нерселерге жол бериши толук мүмкүн. Ошон үчүн мамлекет буга терең көңүл буруп,  улуттук идеология, тарбия берүү маселесин колго алыш керек. Мадинят минисирлиги иш-чаралардын планын иштеп чыгыш керек.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити