Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 243

Кимдин чөнтөгү калың?

 

Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат менен бизнести чогуу алып жүрүп, капчыгын кампайтып, байыгандарга мүнөздүү бир көрүнүш бар - кирешелерин көрсөткөн милдеттүү декларацияларын карасаң эле итке минген кедей болуп чыга келишет.

 

Эсиңиздерде болсо, буга дейре чоң бизнесмен Тайырбек Сарпашев: “үйүм да, машинем да жок, батирде ижарада турам”- деп көпчүлүктүн оозун ачырган эле. Бул ирет ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиевага таң калып турабыз. 2018-жылга карата толтурган кирешелер боюнча декларациясына ишенсек, авто унаалардын тетиктери сатылчу ири “Кудайберген” базарына ээлик кылган Эльвира айымдын да үйү, авто унаасы жок кыргыздын бечара кызы экен. Атүгүл жакын туугандарынын да үйлөрү, авто унаалары жок, жумушсуз  экендиктери  белгилүү болду.

Ал эми бүгүнкүнүн “серый кардиналы” атыккан ЖКнын башка депутаты Төрөбай Зулпукаровдун кирешеси болуп маянасы эле эсептелет экен. Бирок Төрөбай мырзанын карго кызматы боюнча бизнеси, көп кабаттуу үйлөрдү курган курулуш компаниясы бар экенин көпчүлүк билбесе да, тар чөйрөдөгүлөр жакшы билет.

Албетте, декларациядагы маалыматтар чиновник, депутаттардын кирешелери, байлыктары боюнча так маалымат  эмес экендиги айдан ачык. Үйлөрүн, бизнестерин башкаларга каттатып, эл көзүнө жупуну  көрүнүүгө аракет кылышары айтпаса да түшүнүктүү. Бирок мамлекеттен уурдабай, маңдай тери, мыйзамдуу бизнеси менен  табылган кирешелер болсо аны өздөрүнө каттатып, ачык көрсөткөндөн эмнеге чочулашат? Демек, бизнесин, мүлкүн жашыргандардын корко турган себептери бар десек болобу?

Мыйзмдуу жолдор менен байыгандар жашырбай эле ачык көрсөтүшөт тура. Мисалы, ЖК депутаты Марат Аманкулов 2017-жылы толтурган кирешелер боюнча декларациясында 10дон ашык турак-жайлары, бизнес объект, жерлери бардыгын жаап жашырбай, ачык эле көрсөткөнү эсибизде.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити