Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 185

Кечээ... Бүгүн...

 

Аз күн мурда “Ата-Журт” саясий партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маек берип, өлкөдөгү саясий кырдаал, алдыдагы шайлоо, өлкө башчысы С.Жээнбековдун ишмердиги, анын талапкерлигин колдоосу боюнча азаттчыкчылардын суроолоруна жооп берип, айрым саясий маселелер боюнча позициясын так ачыктады.

 

Саясатчы өз сөзүндө президенттик шайлоо маалында Сооронбай Жээнбековдон башка  татыктуу талапкерди көрбөгөнүн, анын коррупциялык, мыйзамсыз иштерге аралашпаганын эске алып колдоого алганын билдирди. Албетте, Камчыбек мырза  шайлоодо ошол кездеги  партиялаш тандемдеши Өмүрбек Бабановду колдоого алуусу логикага ылайык келмек. Бирок бүгүнкү саясий кырдаал башкы “ата-журтчу” өз тандоосун кылууда жаңылбаганын ырастоодо.

Дегенибиз, эгерде өлкө башчылыгына С.Жээнбековдон башка адам шайланса кандай болмок? Айрымдарга жагабы, жокпу, бирок бүгүнкү президенттин коррупцияга каршы күрөшүүдөгү аракеттери колдоого аларлык. С.Жээнбековдун саясий эркинин, элдин кызыкчылыгын жогору коюусунан улам Атамбаев башында турган бир катар коррупциялык, мыйзамсыз иштер аныкталып, коррупционерлерге кылмыш иштери козголуп, эл, коомчулук кимдин ким экенин билип атабыз. С.Жээнбековдон башкасы бийликке келсе, Бишкек ЖЭБи, Батукаев ж.б. чуулгандуу иштер  ачыкка чыгат беле? Бул чоң суроо…

Ачыгын айтканда, аракеттеги президентке мындай тандоо кылуу оңойго турган эмес. Бирок тарыхый жактан алганда, Жээнбеков эң туура чечим кылгандыгы, акыйкаттыкты, элдин мүдөөсүн тандагандыгы бүгүн эч кимде талаш жаратпай калды (К.Ташиевдин “Азаттыкка” берген маегиндеги маанилүү жерлерин атайын кагазга түшүрүп, сиздерге тартууладык, аны гезитибиздин 5-бетинен окуй аласыздар).

 

Булак: “Майдан. kg” гезити