Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 166

Түй-ата!

 

Бизде саясий маданият, саясий деңгээл деген төмөн экенин айтсак, айрым саясатта жүргөндөр чычалап калышат. Бирок ошондой экенин дагы бир жолу өкүнүч менен белгилөөгө аргасызбыз.

 

Айтайын дегенибиз, Роза Отунбаева президенттик бийликтен кеткенден кийинки экс-президент макамына татыктуу, ошого ылайыктуу жүрө албай койду. Адатта цивилдүү өлкөлөрдө экс-президенттер саясаттан, чуулуу нерселерден алыс болушуп, экс макамына татыктуу жүрүү менен башкаларга саясий маданиятты көрсөтүшүп, үлгү болушат эмеспи. Фонд түзүп, анын иши менен алектенип, окуу жайларда дарс окушканга өтүшөт. Биздечи?

Тилекке каршы, экс-макамын алып жүргөн мурдагы президент жалгыз Роза Исаковна болсо, ал бийликтен кеткенден бери саясатка аралашып, чуулуу иштердин чордонунда болуп келүүдө. 

Өткөн жуманын этегинде Улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөн феминисттердин жылаңач денелерди, уяттуу жерлерди демонстрациялаган иш-чарасына катышып, экс макамдын биротоло кадырын, сыйын кетирди. Суроо туулат, Роза айым аталган иш-чарага эмнеге катышты? Жалпы  улуттук баалуулуктарга каршы келген иш-чараны мурдагы өлкө башчысынын колдоп, катышканын кандай түшүнүүгө болот? Анан да Роза айымдын жылаңач денесин жараналаган аялды коргоп, ага каршы чыккандарды айыптагандарына жол болсун! Муну менен ал коомдун бир бөлүгүнө бүлүк салып, көпчүлүктү нааразы кылып атканын түшүнбөйбү?  Же мурдагы НПОчу, батышчыл экс-президенттин аталган “шермендечиликти” уюштурууга катышы бар беле?

Феминисттер ушундай эле аялдардын укуктарынын бузулуп, тебеленип  жатканын айтып, ал жөнүндө  коңгуроо каккылары келишсе, жылаңач денесиз, уяттуу жерлерсиз эле аталган иш-чараны өткөрүшсө болот эле го…

 

Булак: “Майдан. kg” гезити