Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 277

Өткөн дем алыш күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде адаттан тыш көргөзмө болуптур.

Аны көргөзмө же искусство деп айтууга да оозуң барбайт. Анткени баягы эле аялзатынын укугун коргойбуз деген шылтоого жамынып алып, кыргыз элинин каада-салты менен нарк-насилин талкалап, андан ары Кыргызстан деген мамлекетти биротоло жок кылууну көздөгөндөр дырдай жылаңач чечинген, уяттуу жан жерлери менен ич кийимдерин көрсөткөндөрдү ары-бери бастырып, келин-кыздарыбыздын абийирин аштай төгүшүптүр. 


Мындай шойкомдуу ишти көрүп, угуп калган мекенчил атуулдарыбыз дүрбөлөңгө түшүшүп, эртеси күнү, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине барышкан. Канткен менен көпчүлүктүн сүрү жаалдуу эмеспи. Аңгыча өң-алеттен кеткен жаш министр Азамат Жамангулов музейдин карт директору Мира Жангарачеваны өз ыктыяры менен арыз жазып, кызматтан кетүүгө аргасыз кылып, “Мира Камилевна бул арызды коом алдында жоопкерчилигин сезип жазды”,- деди.


Ал мындай кадамга музейдин кызматкерлерин жана заманбап искусствонун алгачкы Феминналенин уюштуруучуларын улуттук патриоттор (“Кырк чоро” кыймылынын өкүлдөрү) тарабынан “коркутуу жана физикалык жазалоодон” коргоо үчүн баргандыгын айтып актанды. Ошол эле учурда Жаманкулов көргөзмөдө перфоманстардын бирин жылаңачтанган аял чагылдырганы үчүн кечирим сурады.


Ал мындай иш-чараларды колдобосун, ал эми Феминналеде тулку бойдун тили “эпатаж жана коомду дезориентациялоо үчүн” колдонулган. 


“Иш-чара макулдашылган болчу, бирок анын мазмуну жыйынтыгында музейде болуп өткөндөн айырмаланган эле”,- деп билдирди министр.


Көрсө, ал көргөзмөдө даниялык перформанист Julie Savery жылаңач болуп чыгыптыр. Ал өз аракети менен секс кызматкерлерди коргоо маселесине көңүл бурдурткан экен.


Музейде иштегендер жана келүүчүлөр көптөн бери музейге мынчалык адам келбегенин белгилеп, ал эми жылаңач сүрөтчү айымдын перформансы жылаңач адамдар жок болгон башка көптөгөн көркөм акциялардын бирөөсү экенин айтышып актанууда.


Баарынан кызыгы, жылаңачтануу иш чарасын экс-президент Роза Отунбаева коргоп чыгып, мекенчилдерди сындагандыгында болууда. Балким, бул иш чаранын уюштуруучусу жана колдоочусу апчебиз өзү болуп жүрбөсүн?...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити