Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 151

Чек арадагы чечилбес арман

 

Чек ара тилкелерин бөлүштүрүү маалында Араван районуна караштуу Байтопу жана Жар-Кыштак айылдарына караштуу көрүстөн дагы негедир Өзбекстанга энчиленип кеткен. Мунусу аз келгенсип, коңшу өлкө бул аймактагы жападан жалгыз Кара-Багыш чек ара бекетин 2009-жылдын 27-августунан бери биротоло жаап таштаган. Бирок, мунун чоо-жайын Кыргызстанга эмдигиче түшүндүрө элек.

 

Араван районундагы Байтопу айылына тээ Совет доорунда жалаң гана байлар отурукташтырылган. Ошондуктан, жаңы кыштакка Бай тобу деген атты ыйгарышкан. Бирок, бара-бара ал аты өзгөртүлүп, моминтип Байтопу гана аталып келатат. Айылда ушул тапта төрт миңдей калк жашайт. Калктын басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен шугулданат.

 

- Мобул зым тосмонун наркы тарабы- тээтигил Өзбек чек арачылары кайтарышкан мунаранын дал маңдайы өзү бизге, Кыргызстанга, гана таандык. Ал жакта ата-бабаларыбыз, тууган-уруктарыбыз көмүлгөн,- деп тызылдады Араван районундагы Байтопу айылынын башчысы Мырзаалы Усманов. – 2009-жылдан бери Өзбекстан бизди бул тарапка таптакыр жолотпой койду. Айлабыз таптакыр куруганда, Кыргыз Өкмөтүнө деле бир нече ирет кайрылганбыз. Эч кандай натыйжа жок! Ал эми коңшу мамлекеттин чек арачылары “Биз Ташкендин тапшырмасын аткарабыз! Негизги маселе ошол жактан гана чечилет” деп дагыле ийин куушуруп келатышат.

 

Ушинтип тызылдаган Мырзаалы Усманов булардын бүгүнкү көйгөйлөрүн Араван районунун, Ош облусунун мурунку жана азыркы жетекчилиги абдан жакшы билишээрин, тилекке каршы, алар маселени жогорку бийликке кабыргасынан койбостон, жөн эле кат жүзүндө Кайрылуу менен чектелип келатышкандыгын айтып зынарлады.

 

А береги Араван районундагы Жар-Кыштак айылынын калкы эки миң кишини чапчыйт.

 

- Көрдүңүздөр го. Жыйырмадай кожолугубуз Өзбекстанга чалкеш жайланышкан. Коңшу өлкөдөн эки жүздөн ашуун келин дагы алганбыз, - деп кепке кошулду Араван районундагы Жар-Кыштак айылынын башчысы Хусан Сабиров. – Булар азыр Кыргызстандын толук кандуу жарандары. Бирок, эми гана чекесинен Кыргыз паспортун алып жатышат. Ошентсе дагы, жамандык-жакшылыкта булар туугандарына тоскоолдуксуз катташа алышпай дагыле санаада. Биз деле байтопулуктар өңдөнүп Өзбекстан тараптагы өзүбүздүн сөөгүбүздү көрүстөнгө жашыра албастан, өлүгүбүздү ар бейитке ташып мукурадык. Акыры бир бейитке токтолдук эле. Аны дагы жергиликтүү бийлик таптакыр мыйзамдаштырбай жатат. Андыктан, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевге өтүнүч: мейли, чекараны тосушсун! Бирок, Кара-Багыш чекара бекетин мурункудай эле тартипте күнү-түнү иштетип коюшсунчу? Анан биздин президентибиз Сооронбай Жээнбеков биргезде Ош облусунун губернатору эле. Байтопулуктардын жана жар-кыштактыктардын дартын беш колундай эле билет. Андыктан, жөн жатпастан Өзбекстанга сөзсүз барып, биздин көйгөйүбүздү ачык-айкын сүйлөшүп, биржаңсыл чечсинчи, эй?

 

Араван районундагы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Рафикжон Эргашевге жолукканабызда, аталган эки айылдын көйгөйү аларга мурдатан маалым экендигин моюндап, Кара-Багыш чекара бекетинин кайрадан ачылышы мамлекеттик деңгээлде чечиле тургандыгына бекем ишендирди.

 

- Өзбекстандан 227 келин алганбыз. Аларга чекесинен Кыргыз жарандыгын ыйгардык эле, Улуттук паспортторду тоскоолдуксуз алып жатышат,- деди Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Рафикжон Эргашев. - Ал эми Кара-Багыш чекара бекети боюнча Жогорку Кеңеш депутаттары дагы билишет. Алар дагы бул маселени өкмөттүн жана президенттин алдына кабыргасынан коюп келатышат. Буюрса, жакын арада мамлекеттик деңгээлде бул маселе оң жагына чечилет деген терең үмүттөбүз!

 

Баса, буга дейре Араван районундагы жападан жалгыз Кара-Багыш чек ара бекети Өзбекстан аркылуу бир тараптуу жана белгисиз мөөнөткө жабылгандыктан, аны кайрадан калабына келтирүү максатында коңшулаш эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилиги бир нече ирет жолугушуп, а түгүл сүйлөшүүлөр дагы жүргөн. Тилекке каршы, баары тең ийгиликсиз аяктаган.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити