Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 255

Ш. Маматокторов: Коррупцияга каршы күрөшүү деген ураан - радикалдуу кадамдар менен коштолуп, эбак жыйынтык болуш керек эле.

- Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болуптур. Президент элге берген убадаларын аткара алдыбы?

 

 

-Тилекке каршы, президент эки жыл бою Атамбаев менен күрөшүүгө мажбур болду. Атамбаевдин командасынын дагы деле толук арыла албай келет. Мисалы, Атамбаев дайыма президент Жээнбековду сындап, а бирок негедир өкмөт башчы Абылгазиевди такыр сындабайт. А түгүл, “Мукан” деп атап, такыр чаң жугузбай келет. Абылгазиев да, эч качан Атамбаевдин дарегине катуу сөз айтпай, “буйтап” келет. Ошондуктан, элге берген убадаларын аткарууга президентте мүмкүнчүлүк болбоду. Андай масштабдуу убадаларды аткаруу үчүн, президентке өтө күчтүү команда керек болчу. Бирок, Атамбаевден калган команданын чачырандылары менен иштеп жатып, жарытылуу нерсеге жетише албады. А биз, жарандар жана коомчулук президентти алгачкы күндөн баштап колдоп келдик. Бирок, чабал өкмөт алып келип, Абылгазиев, Разаков, Боронов азыркы заманга ылайык ыкчам, прогрессивдүү иш жүргүзө алышпайт. Совоктук ой жүгүртүүнүн ээлери болгон бул эски адамдар эптеп эле күн өткөрүп жүрүшөт. 2 жылдан кийин тышкы карызды төлөө графиги башталат. Эки жыл ичинде өкмөт керектүү булактарды аныктап, “коопсуздук жаздыгын” камдап коё алган жок. Эртең эле шайлоо болсо, булар тымпыйып гана жумушун тапшырып кете беришет. Ал эми эң маанилүү 2 жылдык убакыт текке кетти. Бул - кылмышка тете. Парламент жөнүндө го сөз кылбай эле коелу, себеби парламенттин атын укканда жарандар жийиркенип калышты. Президентке болгон биздин зор ишеним да чексиз эмес. Күн өткөн сайын, ал ишеним төмөндөп баратат. Жээнбеков коомчулуктун алдында, мындан ары жүзү жарык болушун кааласа, акыркы шанс - келерки жылы парламенттик шайлоону таза өткөрүүсу керек. Эгерде, дагы деле ууру-кески, чала сабаттарды, олигархтарды алып келсе, анда жаңылышат.

 

- Жарандык коомдун митингине президент реакция кылышы керекпи?

 

-Жарандык коомдун митингине эле эмес, ар бир жарандын арыз-муңун президент угуп, ага реакция кылуусу керек. Ар бир жаран - мамлекеттин бир бөлүгү, коомдун мүчөсү. Ошондуктан, кайсы темадагы митинг болсо да, сөзсүз президент реакция кылуусу зарыл. Ал эми акыркы митинг коррупцияга каршы ураандын алдында болду. Дагы эле, биринчи суроодогу пикир кайталанышы мүмкүн. Себеби, чабал өкмөттүн курамындагы жетекчилер, президент койгон тапшырманы аткара алышпады, же аткаргылары келбеди. Ал эми жоопкерчилик - президенттин моюнуна артылып калып жатат. Ошондуктан, бир жыл ичинде жыйынтык бербеген чиновниктерди кармап олтура бербей, аесуз жазалап, кескин кадамдарга, кенен реформатордук кадамдарга баруу керек эле. Коррупцияга каршы күрөшүү деген ураан - радикалдуу кадамдар менен коштолуп, эбак жыйынтык болуш керек эле. Мына ошондо, кечээ болгон митинг болбойт болчу. Мына ошондо, жарандар чындык издеп аянтка чыкпайт болчу. Митинг десе эле, баары идея үчүн чыккандар эмес болушу мүмкүн. Себеби, тынч жарандардын нааразычылыгын башка тарапка буруп кетүүчү күчтөр бар экени бизге да, президентке да сыр эмес. Ошол күчтөргө мүмкүнчүлүк бербөө үчүн, эл ичинде нааразычылык жарабай турган жашоону камсыздаш керек. Эгерде, күнүмдүк жашоодо жарандар коррупцияга, соттук адилетсиздикке, чабал кадрлык саясатка, тууганчылык-кландык көрүнүштөргө күбө болушпаса, анда алар аянтка неге чыкмак эле?

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити