Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 133

С. Четинбаев:  Аны элдин баары көрүп турат.

 

 

- Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болуптур. Президент элге берген убадаларын аткара алдыбы?

 

 

-Эң башкысын айталы, Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин көздөгөн планын бузуп, анын айдагынан чыга алды. Элди тандады. Бул сөздөр жеңил айтылганы менен иш жүзүндө өтө оор нерсе. Буга чоң эрк керек. Мындай шартта чоң жумуш аткаруу да бир топ татаалдыкты жаратары шексиз. Аны элдин баары көрүп турат.

 

- Жарандык коомдун митингине президент реакция кылышы керекпи?

 

-Ал эми бүгүнкү жарандык коом талабына сөзсүз көңүл бурушу керек. Ансыз болбойт. Эгер “Азаттыкта” айтылган фактылар аныкталса, күнөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылышы керек. Муну тез арада тактап, элге жообун айтпаса болбойт. Кечеңдесе эле президенттин аброюна шек кеткени турат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити