Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 134

Ы. Бекмуратова: Жанындагылардын сөзүнө эмес, элдин пикирине ишениш керек.

- Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине туура 2 жыл болуптур. Президент элге берген убадаларын аткара алдыбы?

 

-Президенттин  эң биринчи убадасы коррупция менен күрөшүү болчу. Аны алынын жетишинче аткарып жатат. Мурдагы президентти баш кылып, премьер-министрди төш кылып досун, санаалашын кыйын болсо да жоопко тартты. Бул өтө чоң жетишкендик.  Ошондой эле медиктердин, мугалимдердин эмгек маяналарын аз болсо да  көтөрдү. Пенсияны дагы алынын жетишинче жогорулатты.  Бирок, президент өтө шордуу киши экен. Бир тармакта да аны колдогон кадрлары жок. Соттор болсо тымызын ага каршы иштеп жатат. Жанына өзүн элге жек көрсөтө турган адамдарды топтоп алды. Кыскасы, бирдиктүү командасынын жоктугунун кесепетин тартып жатат. Жанындагылардын сөзүнө эмес, элдин пикирине ишениш керек.

 

- Жарандык коомдун митингине президент реакция кылышы керекпи?

 

-Жарандык коомдун митингине  реакция бериши керек. Митингге чыккандар деле жаман маселени көтөргөн жок. “Коррупцияга каршы күрөштү улант, бир жактуулукка жол бербе”- деп жатат. Президентке элдин үнү митинг аркылуу жетпесе, жанындагылар эч качан түз жеткирбейт.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити