Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 368

Шоу-маек

 

Картинки по запросу эгиз кайрык

 

Бүгүн биз башкалардай болуп, карьера жасап, анан турмуш жолуна аттанбай, алгач турмуш куруп, бала чакалуу болуп, үй жай күтүп, анан чыгармачылыкка баш оту менен аралаша баштаган үч уул бир кыздын ата энеси, Суран Садыбакасов менен Айжанат Асылбекованы кепке тартып, кечээ Филармонияда өткөн “Эл ичиндеги эгиз кайрык” атту тушоо кесүү концерти тууралуу баарлаштык.

 

- Суран, тушоо кесүү концертиңер ойдогудай болдубу?

 

Суран: - Албетте, ойдогудай  болду. Анткени, бул концертке даярданганыбызга туура бир жыл болду. Бир жыл ичинде концертке кандай муктаждыктар зарыл болсо, ошонун баарын камсыздоого аракет кылдык. Режиссёрлор менен иштештик. Тушоо кесүү концертибизди   жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Сүйүнгөнүм, концерт учурунда  биздин да, көрүүчүлөрдүн да маанайы жакшы болду.

 

Айжанат: - “Өзгөчө концерт берсек экен, келгендердин жакшы ыр угуп, жарпы жазылып, эстетикалык ырахат алса экен” деген аракетибиз текке кеткен жок. Концертте ар бир 2-3 номер сайын жагымдуу атмосфера тартуулап, элди толкунданткан, кол чаптырган номерлер дээрлик көп болду. Айжанат экөөбүз “Бир тууганым”, “Ата-энем”, “Мен сенсиз”,  “Биз экөөбүз” , “Акмаралым” деген дуэттерди ырдадык. Айтор, биздин тушоо кесүү концертибизди куттуктап келген досторубуз да бизди кубантып, жакшы чыгармалары менен элдин көңүлүн  ого бетер көтөрүштү.       

 

- Айжанат, ырчы түгөйлөрдү сахна, эл кандай кабыл алды?

 

Айжанат: - Кудайга шүгүр, жакшы эле кабыл алды. Сахна ажарыбызды ого бетер ачты.  Ырдаган сайын ырдагыбыз келип, демибизге дем кошулду. Буюрса, мындан да көп ырларды жаздырып,  репертуарыбызды эл суктанып, сүйүп уккан дуеттерди көбөйтөлү деп максат кылып жатабыз.

 

- Суран, дуэт ырдаганда эл жакшы кабыл алат бекен?

 

Суран: -Дуэт ырдаганда  эл да жакшы кабыл алат. Бизге да жагымдуу болот. Айтайын дегеним, мурда Айжанат балдар менен алек болуп, консерваторияда окуган мезгилинде  мен жалгыз эле ырдап жүрчүмүн. Жалгыз ырдаганча жубайым менен ырдагандын артыкчылыгы бар экенин сездим. Жубайым менен чогуу ырдоо мага да, башкаларга да жагымдуу болорун байкадым.

 

- Чыгармачылыгыңарга ким кол-кабыш кылып жатат?

 

Суран: - Биринчиден, ата-энелерибиз моралдык да, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп, колдорунан келген жардамын берип жатышат. Ата-энебиздин колдоосу менен чыгармачылыкка баш отубуз менен кириштик. Экинчиден, сахнага кийип чыккан кийимдерибизден, ыр тандоого чейин кеп кеңешин берип, чыгармачылыктын түйшүктүү анан татаал жолунда туура багыт берген Анара Шаимкулова эжебиздин эмгеги зор. Анара эже, тушоо кесүү концертибизге да чын дилинен жардам берип, концерттин жакшы өтүшүнө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшады. Эжеге ыраазычылык билдиребиз.

 

Ч.Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити