Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 137

Ачык сөз

 

Бир катар бейөкмөт уюмдар 25-ноябрда Ак  үйдүн жанында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча митинг өткөрүү жөнүндө чакырыктарды социалдык түйүндөр аркылуу  таркатышты эле, айтылган күнү же мурдагы күнү аталган митинг өттү. Ага ички иштер органдарынын маалыматтары боюнча 400дөй, ал эми бейөкмөт уюмдардын өздөрүнүн эсептери боюнча 1200дөн ашык, дагы бир эсеби боюнча 2 миңдей адам катышып, бир сааттай Райым-миллионду жазалоо, Айеркен Саймаити “Азаттыктын” берүүсүндө айткан адамдарга каршы иликтеп, изилдөө, тергөө иштерин жүргүзүү жөнүндө талаптарын айтышып, тарап кетишти.

 

Бизде дайыма ушундай. Бейөкмөт уюмдардын, оппозициячылдардын өкүлдөрү митинге, пикетке катышкандардын сандарын дайыма көбөйтүп, апыртып айтышат. Ал эми ички иштер органдарыныкы чындыкка жакын болот. Анткени, мурдагы күнкү митингде айрымдар бири-бирине “сүрөткө жакшылап тарт, элдин көп жерлерин тарт, эртең отчетко керек болот”  деп буйрук берип жүрүшкөндөй, бейөкмөт уюмдар ар бир өткөрүлгөн митинг, пикет боюнча демөөрчүлөрүнө отчёт беришет деген сөздөр чын окшойт. Болбосо митингдегилер кайсыл отчетту айтып жатышат? Нормалдуу митингге же пикетке чыккандар да бири-бирине отчет беришчү беле.

 

Элдин көпчүлүгү Айеркен Саймаити айткандарга нааразы болуп, анын чын-төгүнүн териштирип, күнөөлүүлөрдү жазалоону  көчөлөргө чыгып айтышпаса да, бири-бири менен болгон пикир алышууларда айтып жатышкандары чындык. Бирок, бул иштерге бир катар бейөкмөт уюмдардын өтө эле тездикте аралашып, катализатор болуп кетишкендерине,  “24.кж”, “Азаттык” сыяктуу  айрым маалымдоо каражаттарынын бир жактуу өтө жаалдуу позицияга өтүп алышып, Айеркен Саймаити айткандарды, Хабибулла Абдукадырга байланышкан чуулгандуу маселелерди  бир жакка гана төңкөгөнгө жандалбастап аракеттенишип  жатышкандарына караганда мурдагы күнкү акцияны сырттан координациялап, атүгүл карыжылап да турган күчтөр бар экендиги байкалып калды. Хабибулла Абдыкадырдын  мыйзамсыз  иштеринин көбү АШАнын тушунда ишке ашырылып, бийлик алмашып, АШАнын келечек планына чек коюлгандыгынан “Мегакомду” сатып алуу, “Коопсуз шаар” долбоорун 60 млн. долларга аткаруу боюнча  пландары ишке ашпай калгандыгы далилденген учурда жандалбастап аны бурмалап, башкага төңкөй салганга аракеттенгенде сөзсүз чоң  кызыкчылык, себеп бар экендиги эч кимде шек туудурбай калды. Ал кандай максаттагы, кайсыл күчтөр болушу мүмкүн? Кандай максаттагы күчтөр болбосун алардын кутум максаттары ашкереленип, сөзсүз чүмбөттөрү сыйрыларын бөркүңүздөй көрсөңүз болот.

 

Азыркы бийликтегилердин Орусия менен өтө жакын мамиледе болуп, Кытай Эл Республикасы менен да тыгыз кызматташып, атүгүл Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транзиттик темир жолун курганы жатканы өздөрүн дүйнөнүн кожоюнубуз деп эсептешкен сырттагы айрым күчтөргө, Батыштагы стратегдерге жакпай, аларды аллергия кылып, туталантып жатканы эч кимге жашыруун эмес. 2005-жылдагы март төңкөрүшүнөн кийин АКШнын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси Стивенг Янг төңкөрүштө анын, артында турган державанын да салымы бар экендигин ачык эле айткан. Айрым көз карандысыз эксперттердин айтымдарында, АКШ, анын Батыштагы өнөктөштөрү ар кандай жолдор менен Борбордук Азияга Кыргызстан аркылуу кирип, өздөрүнун таасирлерин бекемдөө аракеттерин башташты дегендеринде да негиз бар сыяктанат. Кай жерге барып баш калкаларын билбей аргасы кетип жүргөн Айеркен Саймаити Батыштагы атайын кызматтардын буйрутмаларын аткарып, анан кереги жок болуп калганда алар тарабынан көзү тазалынышы да толук мүмкүн. Бул өңүттөн алганда, алар Райым-миллионду Кыргызстанда саясый туруксуздукту баштаганга шылтоо болчу фигура катарында тандап алышып, ага болгон да, болбогон да компроматтарды шыбап жатышы да ыктымал. Алардын атайын кызматтары үчүн ак адамды деле заматта каргадан өткөн кара кылып салуу өзгөчө кыйынчылыкты деле жаратпайт. Эгерде чындап эле АКШ, Европадагы өнөктөштөрү Кыргызстанда саясый туруксуздукту уюштуруп, өздөрүн таасирлерин бекемдөөгө аракеттенишсе, Кытай менен Орусия жөн эле кайдыгер карап тура береби?

 

Ачыгын айтканда, бул эки держава мындан ары АКШны да, анын батыштагы өнөктөштөрүн да Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жакындатышпайт. Азыркы региондогу геосаясый абал 2005-жылдагыдан түп тамырынан айырмаланат. Орусия күчтүү аскердик державага айланды, Кытай болсо, күн санап экономикалык күчү, таасири ашып баратат. Ал өзүнүн колтугунда АКШнын таасиринин артуусуна эч качан жол бербейт. Андай авантюрага аралашкандар эртели-кеч  Кытайдын катуу жазасына тушугары турган иш. Бизде кандай вариант ишке ашпасын Орусия: “биз аларды тааныбайбыз, Батыштын элине кыянаттык кылган тактекелери менен иштешпейбиз”- деп койсо эле, бардык маселе бир күндө жабылат. Ошондуктан Батыштын бекер акчаларын актоо үчүн Кыргызстандагы саясый абалды чайкалтууга аракет кылып жаткандарга: алардын  андай аракеттери эч качан ишке ашпашын, азыр аймактагы геосаясый кырдаал мурдагы убактарга салыштырганда таптакыр башкача экендигин, арам акчаларга алданып алды аркаларын карабастан оолуга беришсе, тескерисинче өздөрүнүн баштарына бутпөс балээлерди үйүп алышарын дагы бир ирет эскертип койгубуз келет...

 

 

Кадырбек Мурат уулу, Булак: “Майдан. kg” гезити