А. Бейшеналиев: Ошентип өлкөдө мораллык деградация, материалдык кризис күч алды.
- Алмаз мырза, эмне үчүн акыркы мезгилде Кыргызстанда экономикабыз жогорулабай, жумушсуздуктун саны күндөн-күнгө өсүп жатат?
- Мен бул жагдайды бир нече факторго бөлүп карайм.
Биринчиси, Кыргызстандын элинин билим деңгээли, айрыкча кесипчиликке багытталган билим деңгээлибиз начар. Окуу жайлар чыгарган адистердин саны да, сапаты да талапка жооп бербейт.
Экинчиси, билимге байланыштуу маданий деңгээлибиз начар. Эл арасында нарк-насил, адамды адам болгондугу үчүн сыйлоо жок. Аламдардын көөдөнү бош. Аң-сезим деградацияда.
Үчүнчүсү, мамлекеттик чыгымдар 70% түзөт. Башкаруу системабыз өтө начар, системсиз башкаруу бар.
Төртүнчүсү, жеке менчик мамлекеттик түзүмдөр активдүү. Өз киндигин өзү кесип келатат. Мамлекеттик мекемелер иштөөгө шарт түзүүгө караганда жолтоо болот.
Бешинчиси, мамлекеттик башкаруучулардын сапаты начар, чабал.
Алтынчысы, мамлекеттик ири долбоорлор жок. Ошого байланыштуу инвестиция да келбейт.
Жетинчиси, туруксуздуктан улам мамлекеттик эс тутум жокко эсе.
Сегизинчиси, мамлекеттик идеология, лидер жок. Орускулдар көп, мына ЕАЭБдин пайдалары...
Тогузунчусу, көп векторлуу тышкы саясат жок. Мигранттардын 90% Россияда. Аларга ылайыктуу иштөө укуктарын коргоо жолго коюлган эмес.
Онунчу, мамлекетттик туура эмес саясаттан улам эркин соода жүгүртүүдөн ажырап, экономикабыздын локомотивдери базарлар солгундап кетти. Ошентип өлкөдө мораллык деградация, материалдык кризис күч алды.
- Мындай абалдан чыгуунун жолдору барбы?
- Албетте, жолдору бар. Биринчиси, мындай абалдан чыгууга саясий эрк, чечкиндүү реформа, көзөмөл керек. Экинчиси, өнүгүү багыттарыбызды туура жана так аныктообуз зарыл. Үнүнчүсү, талапка жараша адис жана кадр саясатын туура жүргүзүү керек. Төртүнчү, дүйнөлүк өнүгүү тенденцияларын жакшы түшүнүү жана Кыргызстанда аларды айкалыштыруу шарт. Бешинчиси, жемкорлук, тууганчылык, уруучулдук сыяктуу көрүнүштөрдөн арылуу абзел. Алтынчы, профессионал, иш билги адистерди ишке тартуу керек. Жетинчиси, мамлекеттик түзүмдөрдүн чыгашаларын 50, 60%га кыскартып, жеке менчик, өндүрүш, соода жана сервиске маани берүү керек. Мен санап өткөн жагдайларды эске алсак, Кыргызстанды батып бараткан саздан сууруп чыгабыз.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити