Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1472

Саймаитинин оозун жабыш үчүн өлтүрүлгөндүгү шексиздей туюлуп, аны карызы үчүн өлтүрүлдү деген версия суу кечпегенсип, “Раимдин крышасы бийлик!”

 

Кытайлык бизнесмен Айеркен Саймаити Стамбулда өлтүрүлгөндөн кийин жарыяланган “Азаттык” радиосунун, “Kloop.kg” сайтынын, ошондой эле “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) журналистик иликтөөсү Кыргызстандын медиа айдыңын дүрбөлөңгө салды. Кыргызстандын бажы тармагындагы аткезчилик, казынаны кыйгап өтүп сол чөнтөккө солонгон миллиондор, 700 млн АКШ долларынын чет жакка чыгарылып кетиши тууралуу маалыматтарды “Азаттык” биринчи ирет, ушу жылдын май айында алып чыкканда аткезчилер менен алар жалдаган ЖМКлар “ал акчалар импортко болгон эле төлөмдөр болчу”- дешип, иликтөөчүлөрдү “ит талагандай” кылышып, окуя бас-бас болгонсуп, иликтөөчүлөр болсо ишин андан ары улантышаарын убада кылышканы эсибизде.

 

Акыры убада, шартка жараша чала чийки болсо да аткарылып, иликтөөнүн уландысы уюшкан аткезчилик топтун тикелей катышуучусунун Стамбулда өлтүрүлүшү менен коштолуп чыгышы бомба жарылгандай эле эффект жаратты.

 

 Бажы тармагында коррупция менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтун 2012-2016-жылдардагы иш аракеттери иликтенип, ири партия товарларды Өзбекстанга транзит катары жалган документтерди жазгандары, ал товарлар ЕАЭСтин базарларына аткезчилик жол менен ташылып тургандыгы, кымбат бажы төлөмү алынуучу товарларды текстиль деп катташып, эң төмөнкү тариф менен бажы төлөмдөрүн төлөтүшүп, айырмасын эл аралык аткезчи, кытайлык Хабибулла Абдукадыр менен бөлүшүп, байышканы, арам акчаларды адалдашкандары, байлыктарын чет жакка ташышып, Дубайда небоскребдер курулуп жатканын айтып баштаган Саймаити атып өлтүрүлдү.

 

Коомчулук шок абалына кептелип, нааразычылыктар көчөгө чыга баштады. Аттуу-баштуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, карапайым жарандар Кыргыз Республикасынын президенттине тикелей талаптарды коюшуп, “бажы коррупциясына чара көрүлөбү?”,- деген суроо жоопсуз, абаада каалгып турат. Саймаитинин оозун жабыш үчүн өлтүрүлгөндүгү шексиздей туюлуп, аны карызы үчүн өлтүрүлдү деген версия суу кечпегенсип, “Раимдин крышасы бийлик!” деген Атамбаевчилер менен дагы башка нааразылардын айыптоолору күч алды.

 

Мындай, бажыдагы коррупциянын ана-башыларынын бири катары айтылып жүргөн Раим-миллионду Сооронбай Жээнбековго жабыштыруу аракетин Алмазбек Атамбаев бийликтен кетип, азыркы президент менен мамилеси начарлаганда баштаган.

 

Коомчулук ошондо: “Өзү президенттик кызматта турганда, 2012- 2016- жылдары бажыдагы коррупцияны гүлдөткөн, Раим Матраимовду өстүргөн, Атамбаев өзү да колун булгап байыган”- деп баа берип, ал жаманаттылоолорду Сооронбай Жээнбековго жуктурушкан эмес. Убакыттын өтүшү менен, ЖМКларда Раим-миллион тууралуу тынымсыз материалдар чыгып жатканына карабастан, эч кандай чаралар көрүлбөй жатышы, президенттин тапшырмасынан да жыйынтык чыкпай жатышы коомчулукту түйшөлдүрүп жатканы ачык байкала баштаган. Бирок ал жагдайларга да карабастан президентке Атамбаевдин жан жөөкөрлөрүнөн башкалар кине тагышкан жок. Анткени коррупция боюнча дөө-шаалар камалып, иш жүрүп атканын эл көрүп турду.

 

Президенттин Раим Матраимов боюнча тапшырмасынын чоюлуп отуруп жыйынтыксыз калганын, дагы деле ошо Раимдин укук-коргоо органдарындагы жек-жааттарынын колдоосу катары карап: “Тапшырма бербедиби, анан тергөөчүлөр алакан жайып, эчтеке таппаса кантсин, өзү тергөө кылыш керекпи?”- деп, чаң жугузбай, президентибиз жакшы эле колдоого ээ болуп жүрдү. Анан айлар өтүп, жыл айланды. Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине эки жыл болду. Раимдин кылы кыйшайбады.

 

Ал аз келгенсип Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн экинчи бөлүгү, бажы коррупциясынын фигурантынын Стамбулда өлтүрүлүшү менен коштолуп жарыяланды. Бул жагдайда олку солку болуп тургандардын көбү Раимди жектеп, Сооронбай Жээнбековго нааразы болгондорго ооп, нааразылардын катары калыңдап кетти. Бийлик спичрайтерлери мында да чара көрүүгө аракеттенгени байкалбай, жагымпоздордун иликтөөчүлөрдү боктогон, зыяндуу аракеттерине канагаттангансып отуруп алды. Кеп чынында, так ошол бийликти колдоочулардын Раим миллионду коштой жактап чыкканы катуу резонанс берип, элдин бийликке болгон нааразычылыгын күчөтүп таштады. Өлкө башчысы унчукпай жатып алган жок. Учурдун талабына ылайык оюн билдирди.

 

“Кабар” агентине маек берген Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков: “Коррупция боюнча күрөш оңой иш эмес, бирок бул багыттагы иштер тынымсыз жүргүзүлүп жатат. 6,5 млн элибиз бар экен. Сураштыра келгенде баары бири бири менен тууган болуп чыгып, анан коррупцияга аралашкан туугандары кармалса эле актап, коргоп чыгышат экен. Коррупция менен күрөштү айоосуз жүргүзүүнү талап кылган элдин чоң колдоосу бар, бул багытта алдыга коюлган максаттарга сөзсүз жетебиз деп ишенимдүү айта алам. Бул процесте эн негизги коррупция менен тикелей күрөштү жүргүзө турган - сот, прокуратура, милиция, финполиция, эсеп палатасы сыяктуу мамлекеттик органдарды тазалоо керек”- деген маанидеги сөздөрүн айтты.

 

 Президент айтып оозун жыя электе эле, президенттин сөзүн “жерде калтырбайлы” дешкенсип коррупционерлерди колдогондор шатырап чыга келишти. Мамлекеттик деп эсептелген “5-каналдын” жетекчиси Эрнис Кыязов ойлонбой кылдыбы, атайылап жасадыбы, анысын ким билсин (?), айтор эфирге чыга калып эле “Азаттык” радиосу менен иликтөөчүлөрдү катуу сынга алып: “Атамбаевдин андан башка кылыктарын эмне айтпайсыңар, эмнеге анын аты атаган эмессиңер”- деп, беттен алып, “Азаттыкка” асылганын эл тикелей эле Раимди колдоо катары кабылдады.

 

“Раим кыргыздын жигити, өлсө бир уйгур өлүптүр” дегенсиген чакырыктар менен чыккан мамлекеттик уюмдарга тиешеси жок трайбалисттер, сатылмалар менен жарма патриоттор айтса да мейли дейт элек го. Бул жерде унчукпай коюуга болбой турган кырдаал жаралды. Калыстык учун айта кетели, бул иште Эрнис жалгыз болгон жок. КТРКнын орун басары, дагы бирин экин мамлекеттик уюмга тиешелүү кызматкерлер ошентип “Азаттыкка” ыксыз асылды. Эл муну өтө жаман кабыл алып, “Азаттыкка” жан тарткандар баш көтөрдү. Раимдин бул колдоочуларынын аракети логикага деле сыйган жок.

 

Анткени, “Азаттык” бажыдагы 2012-2016-жылдардагы, Атамбаев бийликте тургандагы, ага тикелей тиешелүү коррупцияны айгинелеп жатканы айдан ачык көрүнүп тургандан кийин анын аты аталганы, аталбаганы маанилүү эмес болчу. Эл баштагыдыай эле аны Атамбаевдин коррупциясы катары кабылдап жаткан. Коомчулук: “Бийликчил ЖМКлар Раимди колдоп жаткандан кийин бийлик да аны колдойт тура, анда Атамбаевдин учурдагы президентке Раимди жабыштырганы чын экен да”- деп тикелей кабыл алып чалкасынан кетти.

 

Орустар айтмакчы, “чаша терпения” ушул демарштан улам ашып ташыды. Болбосо мынчалыкка жетип, эл көчөгө чыкканга жетмек да эмес. Мамлекеттик ЖМКнын жетекчиси Эрнис Кыязов жердешчилике таянабы, же башка кызыкчылыгы барбы (?), айтор, иликтөөнүн биринчи бөлүгүндө да Раимди колдоп чыккан. Эми да, түз айтканда “Раим үчүн керек болсо Азаттык менен жоолошобуз” дегендей эле аттанып чыкты.

 

 Б.а. бул жүрүш Сооронбай Жээнбековго арналган, таптаза эле “медвежья услуга” болуп калды. Же эмне президентке - “Сооронбай Жээнбеков Раим үчүн туруп берет” деген пикирдин элге сиңиши жагат деп ойлойсуздарбы? Кай жетекчи болбосун “коррупция менен шыбагалаш” дегенден жаа бою качаары жаш балага деле түшүнүктүү эмеспи? Ошону Эрнис билбейби? Же билинбей калат дегениби? Же эмне кайдагы бир шалмандар Раим-миллионго жагыш үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин аброюн тобокелге салууга укугу барбы? Андай эмес дейин десең, бирок жыйынтыгы ошондой болду го? Президент менен “Азаттыкты” жоолоштурушуп, бийликке нааразы болгондордун санын эселеп өстүрүп, алдын митинге чыгарып коюшканы айныгыс факт болуп калды. “Азаттыктын” иликтөөсү алар айткандай арам ойлук менен жасалган күндө да, мындай, тикелей беттен алууга барбай, акыл калчап, зыяны тийбегендей, элди айнытпагандай жүрүш жасап, кумалактарды колго чаап тура турган адам жокпу?

 

 Ошентип, учурда, коомчулук ичи тынч болбой турат. Эл ичиндеги күбүр-шыбыр жакшы болбой калды. Абалды бул бойдон калтыруу өтө опурталдуу. Кескин чаралар көрүлбөсө иш чатак. Азыр эки кишинин башы бириккен жерде эле президент менен Раимдин мамилелери кызуу талкууланып: “Шайлоодо жардам берген спонсоруна тиймек беле, КараСуудагы электораты шайлоодо дагы керек болот”,- деп жатат да, “Атамбаевден өткөрүп алып өзү шыбагалаш болуп колдонуп жүрөт, камаса коррупциялык былыктарды айтат деп коркуп атат”- деген сыяктуу жоромолдор кенен жайылып, бийликтин рейтинги кайра көтөрүлбөй турган төмөнкү деңгээлди көздөй түшө баштады.

 

Эми, бул кырдалдан чыгуунун ачкычы Сооронбай Жээнбековдун колунда. “Тууган экенине да, дос экенине да карабайм” деген сөзүнө бекем туруп, Раим-миллион баштаган бажычыларды, бажыдагы коррупцияга жол ачып, шыбагалаш болгон, жашырып жаап коргоп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошуп туруп кылмыш жоопкерчилигине тартып, алардын байлыктарын конфискациялап, мамлекетке кайтаруу жолу менен гана элдин ишенимин кайтара алат. Владимир Путин айтмакчы, “котлетаны өзүнчө, чымындарды өзүнчө” кылыш керек. Башкача айтканда Ли Куан Юнун тажрыйбасын колдонуусу керек. Эмне Сооронбай Жээнбековдун колунан андай иш келбейби? Келет да! Раимден чоң эмгек сиңирип тактыга отургузган Алмазбек Атамбаевдин былыктары ачылып, же элди, же Атамбаевди тандоо кезеги келгенде элди тандап Атамбаевди түрмөгө тыкты беле? Тыккан! Азыр да ошондой - “же эл, же Раим” деп маселе кабыргасынан коюлду. Анан кайдагы бир уурукескилер үчүн элди садага чапмак беле? Мен андайга ишенгим келбейт! Президент эл үчүн туруп берет. Ошондо гана Сооронбай Жээнбеков деген ат тарыхка ташка тамга баскандай жазылат. Болбосо көптүн бири...

 

А Атамбаевчилерге эмне керек? Алар бул окуядан шефине эч пайда жок экенин эң жакшы билишет. Аларга бул бийликтин абийри төгүлүп, дискредитация болушу гана керек. АША менен АШАчыларга ошо гана пайда. Аларга башка пайда жок. Ошон үчүн аларга асылып, алар менен алпурушуп, аларга убакыт коротуп, алардын баркын көтөрүп керек эмес. Элинин кызыкчылыгын саткан саясый өлүктү айланчыктаган кузгундардан айырмасы жок бир ууч топтун колунан эчтеке келбейт. “Думанадан айбашы үмүт этет”- демекчи, башка бирөөлөр кегибизди алып берсе деп, тополон эңсеп кыялдануудан башка аларда арга да жок.

 

Сабыр МУКАНБЕТОВ, Бишкек, Орто-Сай айылы, 26- ноябрь, 2019-ж.