Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 157

БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунун студенттери 18-ноябрь күнү нараазычылык акциясын уюштурушту.

Ага институтта окуу шарттарынын жана жылуулуктун жоктугу себеп болду. Студенттер жылуулук берилмейин сабактарга катышуудан баш тартып турушат.

 

“Университетте ремонт жок, таза суу бат бат өчүп турат, жылуулуктуу 15-октябрда эле бериши керек болчу, жылуулук берилбегендиктен ушундай талаптарды койдук. Биз ден соолугубуздан ажырагыбыз келген жок. Бүгүн жылуулук берилди, бирок кээ бир аудиториялар дагы деле суук”,- деп түшүндүрдү окуу жайдын студенти Улукбек Жаныбек уулу.

 

Студенттин айтымында, эгерде ЖОЖдун жетекчилиги калган талаптарды аткарбай жана жылуулукту толугу менен бербесе, студенттер кайрадан нааразычылык акциясына чыгышат.

 

Кызыл-Кыя педагогикалык институттун директору Миталипов Камалидин маалымат каражаттарына берген маегинде ишендиргендей, алар ушул жылдын жазынан сентябрга чейин имараттын тышын оңдошкон жана университетке суу киргизишкен.

 

“От казан 17-ноябрь күнү жарылып кеткен. Азыркы учурда оңдоо иштерин бүтүрүп, жылуулукту бергенбиз. Буга чейин берген эмес элек. Азыркы учурда студенттер сабакка катышып жатышат”,- деп актанды ал.

 

Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунда жана ага караштуу колледжинде үч миң студент окуйт экен. Коллежде окуу акысы жылына 16,6 миң сомду, ал эми университетинде 29 миң сомду түзөт.

 

Эми кыш келерин билген соң, окуу жайдын жетекчилиги кайдыгерлик кылбай эле күзгө чейин жылытуу системаларын оңдотуп койсо, ушундай абийири айрандай төгүлүп, рейтинги түшкөн окуя болбойт эле да. Анткени азыркы студенттер мурдагыдай унчукпай жүрө бере турган жаштар эмес да. Же Камалидин агай Арстан Алайдын “Зима не будет” деген аскиясына биротоло ишенип алганбы?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити