Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 130

Мындан улам кыз сүрдөп кеттиби же эл өкүлдөрүнүн ушунчалык түркөйлүгүнө жини келдиби, айтор ыйлап ийди.

 

 

Келерки жылы боло турган парламенттик шайлоого карата пиар акциябы же жөн эле балдар күнүнө карата иш-чарабы, айтор өткөн жумада вице-спикер Аида Касмалиева Бишкектин мектептеринин биринин окуучуларын Жогорку Кеңешке чакырып, депутаттардын ордуна отургузуп, адатта өздөрү бакылдап сүйлөгөн микрофонду беришип, алардын ой-пикирлерин укмакчы болушат. Аңгыча  бир окуучу кыз өзү окуган мектептеги коррупция боюнча сүйлөй баштаганда депутаттар күлүп жиберишип, кол чаап коштоп кетишти.

 

Мындан улам кыз сүрдөп кеттиби же эл өкүлдөрүнүн ушунчалык түркөйлүгүнө жини келдиби, айтор ыйлап ийди.

 

Жыйында Бишкектеги “Келечек” конушунда жайгашкан № 87 мектебинин окуучусу сөз сүйлөп, алардын мектебинде 2 миңден ашык окуучуну 1 медайым тейлей турганын жана ар бир сайылган уколго акча ала тургандыгын айтып жаткан болчу.

 

Бирок вице-спикер Аида Касымалиева “Рахмат, аябай жакшы маалымат бердиң. Кол чапканыбыз, сен жакшы маалымат бергениң үчүн баарыбыз колдоп атабыз”,- деп аны сооротууга аракет кылды.

 

Бул видео социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Интернет колдонуучулардын айрымдары, депутаттарга сын-пикир айтышып, жаш окуучу кыздын шагын сындырдыңар дешсе, кээлери депутаттардын деңгээлине асылышты.

 

Ооба, бийлик коррупцияга каршы күрөшүп, паракорлорду келемиштердей эле кармап атат. Анысына рахмат. Бирок бир гана ушул мектептердеги мугалим, деректирлердин ата-энелерден акча жыйнаган “рекетчилигин” тыя албай койду. Эми депутаттар жакында отчет берүү үчүн “килемге” чакырыла турган өкмөт башчыны баш, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызмат ачендигин төш кылып, мектептердеги коррупцияны жоюуну каттуу талап кылышпаса, бовой калды...

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити