Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 315

А. Тейит: Эми алар өлкөдөгү бийлик менен элдин ортосуна от жагып жазында кырдаал курчуп кетиши мүмкүн!

-Аскат мырза, “Азаттык”  үналгысынын изилдөөсүнө пикириңизди жазып чыктыңыз...тышкы саясаттагы билинбеген тымызын ички саясатта кандай сөздөр болуп жатат?


--Туура, өтө деле тың саясатчы болбогоун менен тышкы саясатта Кыргызстандын учурдагы абалы кыйынчылыкта экени айтылууда. Кыргызстандын тынчтыгынын бузулушуна  эки мамлекет кызыкдар болуп турат. Ызы-чуунун чыгышына Кыргызстандын ичиндеги ички душмандар бейөкмөт уюмдар колунун келишинче жардам берет. Анткени аларга декабрдан баштап акча бөлүнүшү керек. Эми алар өлкөдөгү бийлик менен элдин ортосуна от жагып жазында кырдаал курчуп кетиши мүмкүн!


--Дагы кандай жаңылыктар болуп жатат? 


--Менин Кыргызстандагы маалыматтарга таянсак, Кытай менен Кыргызстан этти экспорттоо боюнча келишим түзүптүр. Кытай өздөрүнүн эттерин бизге жөнөтүп, алардан чыгарылган өндүрүш Кыргызстанга келет. Эми калганы баарына дайын. Бул жерде нарындыктар этти экспорттоо менен өтө байышы мүмкүн. Мени баарынан таң калтырганы электр жарыгы менен суунун кымбатташы. Демек Курманбек Бакиевди өлкөдөн кетирген “иттер” ошол тактикага Сооронбай Жээнбековду салып жатышат. Ошол эле учурда Кыргызстанда Матраимовдорго шылтоо кылып, Түркияда каза болгон ишкердин өлүмүнөн чоң саясат издеп, чет өлкөнүн кызыкчылыгын издеген биздин кыргыздарга таң калып атам. Азыркы маселе Матраимовдордо эмес, Кыргызстандын келечегинде. Анткени Кыргызстандын ичинде ызы-чуу болушуна азыр тапшырма кетти, эми аларды өлкөнүн ички душмандары пайдаланып жатат. Муну менен өлкөнүн эгемендүүлүгүнө доо кетет. Эми  "Азаттык" Саймаитиби - Чаймаитиби айтор ал өлөрүн билип,  коррупциялык иштерди айткан имиш. “Азаттыкттын” бул иликтөөсүнө кошулбаймын. Баары бир күнү чындык чыгат. Кыргызстандан эч себепсиз 700 млн доллардын чыгып кетишин айткан видеотасмада Айеркен Саймаити “менин көзөмөлүм боюнча 3 млн доллар чыгып кеткен”, деп айтып жатат. Чындыгын айтканда бул – бизнес. Мындай көрүнүштөр кошуна мамлекеттер арасында толтура. Кыргызстанда мурдагы президент Атамбаевдин учурунда болгон көмүскө окуяларды, Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетириши үчүн “чукулуп” жаткан маселе десек болот. Азыр эгерде “Азаттык” Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн күйсө, козгой турган маселе толтура. Менин дагы айта турган Кыргызстан тууралуу учурдагы сыртта болуп жаткан саясый сөздөр, жазында өлкөдө атайын тышкы күчтөр кырдаалды курчутат, ага ички душмандар жардам берет. Эгерде 3-революция болсо Кыргызстан урайт. А силер талкуу кылып жаткан Матраимовдор өлкөнүн урашына колдонулуп жаткан курал гана. Менин сөздөрүмө ишенесиңерби же жокпу ал силердин ишиңер...Бийликте мыкты кадрлардын жоктугунан ушундай кырдаалга кептелип жатабыз.


--Эмне үчүн “Азаттыктын” иликтөөсүнө ишенбей жатасыз? Менимче алардыкы туура ...


--Мен жаран катары айтып коюшум керек, Саймаитини өлүмүнө Атамбаевдин адамдары кызыкдар болгон. Себеби, эмне үчүн “Азаттык” августтагы иликтеп бүткөн иликтөөсүн Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин чыгарып жатат. Мени ушул маселе таң калтырып жатат. Эмне үчүн? Бирок азыр жыйынтык чыгарганга шашпагыла. Менин укканыма караганда жакынкы аралыкта Айеркен Саймаитини ким өлтүрдү, баары ачыкка чыгат. 


--Рахмат.


--Сиздерден сураныч, макаланы бурмалабай чыгарсаңыздар, Кыргызстандын жок болуп кетишине тышкы күчтүн аракети болуп жатканын эл билсин. Кыргыз элим ынтымакта болбосо, бийлик элдин кызыкчылыгы менен эсептешпесе “лагандин ичиде” баары калып кетиши мүмкүн. Ал эми Матраимовдорго болгон иликтөө бул кимдир бирөөнүн гана кызыкчылыгы бул көрүнүш баардык мамлекеттерде бар!

 

Булак: NazarNews.kg