Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 271

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин  Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти.

 

Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду – болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган.

 

19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы учак “Манас” абамайданына келип конду. Бул учурда абамайдандын күтүү залында көпчүлүк топтолуп калган болчу. Микрофонун көтөргөн журналисттер, камерасын көтөргөн операторлор, спорт күйөрмандары, сүрөөчүлөр... Анткени бул каттам менен биз жогоруда сөз кылып жаткан Азия чемпиону Нурадин Рустамбек уулу баштаган кыргыз спортчулары жана машыктыруучулар учуп келишти.

 

Каттам келгиче жаш чемпионду толкунданып күтүп жаткан энесин кепке тарттык.

 

 

Абдыкулова Дарика, апасы: Эненин жүрөгү назик болот экен

 

-Баламдын жеңишин абдан кубанып кабыл алдым, эми уулумду толкундануу менен күтүп турам. Энелик жүрөгүм менен бул сапардан маңдайы ачык, кубанып кайтаарын сезгем. Намысты бек кармап, ийгиликке жетишип келсин деп атасы экөөбүз батабызды берип узаткан болчубуз. Көптөн бери Азия чемпионатын күткөнбүз, бул таймашка уулум абдан даярданган болчу. Мына эми тилеген тилегибиз кабыл болду, кубанган бойдон уулубузду тосуп алалы деп  Жалал-Абаддан келдик. Мен уулумду колдогондорго, элиме, машыктыруучуларына терең ыраазычылыгымды билдирем.

 

-Уулуңуз буга чейин да кандай ийгиликтерди багындырган?

 

-15 чет мамлекетке барып, таймаштарга катышып келген. Үйдө 30га жакын медалы бар, илинип турат. Көп таймаштардан биринчи орунду алып келген. Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионунда Кыргызстандын биринчи жолу чемпиону болгондуктан мындагы таасирлер башкача болууда.

 

-Балаңызды таймаштарга узатып жатканда сизге кандай сезим болот?

 

-Корком. Эненин жүрөгү назик болот экен, дароо эле кабатырланып башына катуу муш жебесе экен, колу, буту ооруп калбаса экен деп баштайм. Бардык нерсени Кудай берет экен, атасы экөөбүз күндөп-түндөп Кудайдан тиленип балабыздын аман-эсен, алты саны аман болуп, ийгиликтүү кайтышын суранабыз. Тилектерибиздин баары ишке ашып жатат, Кудайга шүгүр.

 

Ххх

 

 

Аңгыча учактан чыккандар күтүү залына чыга башташты. Куттуктоолор, чемпион спортчуну ысымын атап кыйкыргандар. Учурашып, куттуктоолор бир аз басаңдагандан кийин спортчуну тосуп алууга барган экс-депутат Камчыбек Ташиевге суроо узаттык. Белгилей кетсек ийгиликтүү кайтышкан спортчулар так ушул саясатчынын каржылык колдоосундагы спорт клубунун машыгуучулары.  "Тай-Мурас" спорт комплекси Жалал-Абад облусунун Барпы жергесинде жайгашкан. Анын негиздөөчүсү  жана демөөрчүсү  Камчыбек Ташиев болуп саналат.

 

 Камчыбек Ташиев, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти: Биздин мамлекетте чоң майрам

 

 

-Биздин мамлекетте чоң майрам, себеби Улан-Батордо өткөн жаштар арасындагы чемпионатта сорпчуларыбыз чоң ийгиликке жетишти. Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп 18 жаштагы мушкер Нурадин Рустамбек уулу жаштар арасындагы Азия чемпионатынан  алтын медаль утуп келатат. Бул жигитибиз жаштайынан бокс менен машыгып келди, эми минтип 18 жаш курагында өлкөсүнө алтын алып берди. Дагы эки мушкерибиз коло медалга ээ болушту. БУл Кыргызстандын бокс федерациясынын өтө чоң жетишкендиги деп эсептейбиз. 18 жашка чыкканда мекенине алтын тартуулаган жигиттерибиздин келечеги кең, дагы далай жолу элге-журтка ийгилик менен кайтышып, желегибизди желбиретишет. Жигиттерибиздин духун көтөрүү үчүн баарыбыз тосуп алууга абамайданга келдик.

 

18 жаштагы спортчу Нурадин Рустамбек уулуна кайрылганыбызда ал биринчи эле өзүн колдогон, ийгилигине шериктеш болгон агайларына ыраазычылыгын билдирди.

 

 Нурадин Рустамбек уулу, Азия чемпиону: Финалга чыккычакты абдан оор болду

 

-Жеңишиңиз менен куттуктайбыз. Спортко кандайча келип калдыңыз эле?

 

-Биринчиден сиздерге чоң рахмат. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын, менден улуу эки агам анан бир иним бар. Эки агам тең бокс менен машыгышчу. Анан мени “жүр, сен да бар” деп ээрчитип алышчу. Аларды ээрчип барып жүрүп эле көнүп кеттим. Агаларымдын арты менен спортко биротоло байланып калдым десем да болот.

 

-Алтын медаль алаарыңызга ишендиңиз беле?

 

-Биринчи кезекте күчтүү ишеним болушу керек. Таймашка кетээр алдында өзүбүздү психолгиялык жактан даярдап, биз биринчи орунду алабыз, алтын медаль тагынып кайтабыз деп ишенгенбиз. Финалга чыккычакты абдан оор болду. Он күндүн ичинде кыйынчылыктарга туш болдук. Бирок бул жактан ала кеткен ишенимден бир мүнөт да ажыраган жокпуз. Ата-энеме, машыктыруучума, бизди колдоп, сүйөмөлөгө Камчыбек Кыдыршаевичке абдан чоң рахматымды айтам. Биз барган мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Алган медалдарыбыз бир жылдык даярдануубуздун, эмгегибиздин үзүрү болду десем жаңылышпайм. Бул Азия чемпионатындагы экинчи медалым, 2018-жылы Таиландда өткөн чемпионатта 3-орун, коло медаль алгам.

 

-Атаандаштарыңыз жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

 

-Төрт мушкер менен бет келиштим. Финалдык таймаш бир аз оорурак болду. Анткени андагы атаандаышым Азиянын учурдагы чемпиону болчу. Ал Филиппиндеги чемпионаттыкта 60 кг салмак боюнча чемпионаттыкты алган эле. Бирок кандай болбосун бул сапар ийгилик мен тарапка жылмайды.

 

-Алдыда кандай пландарыңыз бар?

 

-2020-жылы Токиодо болчу олимпиадага даярданабыз.

 

Нурадиндин машыктыруучуларынын бири Төлөгөн уулу Данияр болсо экинчиси Сагымбаев Улан. Спортчунун ийгилигинде экөөнүн тең салымы чоң.

 

 Улан Сагымбаев, машыктыруучу: Нурадин спортко 8 жашында келген

 

-Таймаш учурунда эмоциялар болду, мушкерлердин баары абдан сонун даярданып келишиптир. Биздин барган спортчуларыбыздын ичинен Нурадин төрт мелдешке чыкты, калгандары эки атаандашы менен бет келишти. Нурадинден башка эки мушкерибиз: Юсупов Ахмет менен Тургунов Ислам коло медалдын ээси болуп кайтышты.

 

-Нурадинди машыктыра баштаган кезиңиз эсиңиздеби?

 

-Клубдун босогосун биринчи жолу сегиз жашында аттаган.

 

-Ошондо келечекте чемпион болоорун сезгенсизби?

 

-Жок, кичине кезинде тентек бала болчу, алгач келгенинде көңүл бурган эмесмин. Анткени агалары бокс менен машыгышчу, аларды ээрчип келди, кызыгы тараганча машыгат деп ойлогом. Кийин-кийин гана тырышчаактыгы, өжөрлүгү байкала баштады.

 

-Азия чемпионатына катуу даярдандыңыздар беле?

 

-Бир жыл даярдандык. Өзбектер, казактар менен таймаштарды өткөрүп, эки жакка көп чыгып тажрыйба топтодук.  Жалпысынан тогуз спортчуну алып бардык, үчөө жогоруда айткандай жеңишке жетишти, калган балдар ар кандай нюанстардан улам бул сапар жеңиштен сырт калышты. Бирок бул акыркы таймаш эмес да. Калган спортчуларыбыздын да жылдызы жана турган учур алдыда.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити