Г. Исаков: Экономиканын өсүүсү үчүн электр энергиясынын потенциалын жогорулатуу зарыл.
- Өкмөттүн электр энергиясын үнөмдөө үчүн лимит киргизебиз дегени Бакиевдин “тезек жаккыла” деген доорун эске салбайбы?
- 145 млрд. кВт ашык гидропотенциалга ээ болуп туруп, анын 9-10% араң колдонуп жатабыз. Анан потенциалды колдонбой туруп, «үнөмдөгүлө» дегени акылга сыйбайт. Экономиканын өсүүсү үчүн электр энергиясынын потенциалын жогорулатуу зарыл. Колунан эч нерсе келбегендиктин башкача түшүндүрмөсү. Өкмөттүн бул аракети балдар ачка болсо, азык алып келүүнү ойлонбой эле «Көп жейсиңер! Мындан ары жебегиле же өтө аз жегиле!» дегендей болуп жатат. Алдыга карай жылуу зарыл, өнүгүүгө пайдубалын түзүшүбүз керек...
- Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримов “бюджетке акча түшүрүш үчүн казинолорду ишке киргизип, уранды казышыбыз керек” деди. Акча үчүн пайдасынан зыяны көп уранды казып, иштетүүгө тыюу салынган казинолорду ишке киргизишибиз керекпи?
- Азыркы учурда кен байлыктарды иштетүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл, бул биринчиси. Анткени, улуттук байлык улуттун пайдасына иштебей жатат. Акча сыртка кетип, биз талкаланган жаратылышты кучактап жатып калуудабыз. Уранды казууга белгилүү убакытка мораторий жарыялап, биздин кийинки муундар өздөрү окуп, өздөрү зыянсыз түрдө чыгарганга жетишип калганда элдин кызыкчылыгына иштетишсе болот. Кумардын пайдасынан зыяндары көп. Утурумдук акча деп канчалаган үй-бүлөлөр талкаланат? Ар бир үй-бүлө кичинекей мамлекет. Талкаланган үй-бүлөлөрдүн эң жаман кесепет болот. Аны менен күрөшүү үчүн кайра эле тапканыбыздан көбүрөөк акча коротуп калышыбыз ыктымал. Акыл калчап иш кылганыбыз туура. Андан көрө жаратылышыбызды коргоп, туризмге басым жасайлы.
- Өткөн жума Алмазбек Атамбаев камакта жаткан жеринен билдирүү таратып, мени камасаңар да, тарапташтарымды коё бергиле деген суранычын билдирди. Анын өтүнүчү эске алынышы керекпи же көп сөздүн бири катары эле мааниге ээ эмеспи?
- Азыр жогору жак сунуштарды укпай калган. Өз билгенин жасап жатат. Тигине, чек ара маселеси курч бойдон турса дагы, үн катпай жатышат. Ички маселелерди чечишип, такташып алышат. Бирок, тышкы маселени приоритеттүү түрдө карашыбыз зарыл! Өтө чукул!
Булак: "Майдан. kg" гезити