Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 265

Ы. Өмүрзаков: Президентке Премьерин деле, депутаттар спикер баш болуп, кезекке жазылып, президент менен жолуга албай, мүмкүнчүлүк алса Президенттин жардамчыларын эшиктерин сагалап: Можуна? - деп олтургандары жашырун сыр деле эмес.

-Атамбаевдин акыркы билдирүүсү ынанымдуу эле болдубу же саясий шоу болуп калдыбы?

 

-"Мени канча жыл камасаңар да, менин тарапташтарымды бошоткула", - деген Атамбаевдин билдирүүсүн бийлик эске ала турган болсо,  Атамбаевтин тарапташтарын бийлик өзү кыйла көбөйтөт. Тескерисинче, Атамбаевдин ушундай билдирүүсүн тараткан  адамдарын камаш керек. Анткени, Атамбаев ансыз деле түрмөдөн эле тарапташтарын башкарып жатканын жашыра албайбыз. Андай билдирүүсү менен билген кишиге  "Атамбаев тарапташтарын таштабайт, ал Соке эмес", - деп айтканга  барабар шоу  жасап жатышат. Чынында Атамбаев тарапташтарын уруп да койгон жок. Бийлик, Атамбаевтин коррупцияга матырылган балдарынын ишмердүүлүгүн текшерип, жыйынтык чыгара баштаса, ошондо Кыргызстанда бийлик бар экенин сезет эле. "Жээнбеков дагы эле Атамбаевтен коркот деген сөз токтомок...

 

-Баса, бийликтин электр энергияга лимит киргизебиз деген демилгеси түрдүү сынга кабылды. Бул нерсе элдин ишенимин жоготуп койбойбу?

 

 -Электр энергиясын пайдаланууга лимит киргизебиз дегени  бийлик өзүнө балта чапкан нерсе деп айтсак болот.  Бакиевдин  мезгилиндегидей айылдарды өчүрүш керек. Же Атамбаевдин убагындагыдай 6 сомдон сатып алып, элдин канын чакалап ичиш керек. Бирок, Фаридти иштетип, информация тармагында... Калпты урдуртуп, туп-тура жол деп какшап, элди ишендириш керек.

 

-Парламенттик шайлоо жакындаган сайын парламенттик башкаруунун өтөөсүнө чыга алдыкпы? Партиялык тизме менен шайлоого баргандын мамлекет пайдасын көрдүбү же зыянын тарттыбы?

 

-Парламенттик башкаруу деген Кыргызстан үчүн бир чоң саясий алдамчылык (афера). Бул партиялык тизме менен шайлоо деген кеп, партиялардын лидери “шабашка” кылууга чоң мүмкүнчүлүк. Парламент башкаруусу партиялык тизме менен шайлоо өткөзүү бу мыйзамдаштырылган коррупция, көз бойомочулук. Бири талапкерлерден пара алат, пара берип, мандат сатып алгандар, мамлекеттин чөнтөгүнө кир колдорун салышат, тендерлерди сатышат, бирөөлөрдүн кызыкчылыгына мыйзамдарды өткөрөт. Ошондон паракорчулук, алдамчылык, мыйзамсыз баю азыркыдан да дүнгүрөйт. Ага күбөө болдук да, дагы эле болобуз. Эл аны билип турса да, акчалуу партиялардын лидерлеринин сөзүн сүйлөп коюшат да , добуштарын сатып, же шайлоого барбай коюшат. Шайлоого барбай коюу, бийликтин, коррупционерлердин, партиялардын лидерлеринин “тегирменине суу куйгандай” болот. Жасалма добуш жасаганга кеңири жол ачылат.. Кыргызстанда Парламенттик башкаруу деп кимди алдап жатабыз? Президентке Премьерин деле, депутаттар спикер баш болуп, кезекке жазылып, президент менен жолуга албай, мүмкүнчүлүк алса Президенттин жардамчыларын эшиктерин сагалап: Можуна? - деп олтургандары жашырун сыр деле эмес. Партиялык тизме менен шайлагандын жыйынтыгы туралуу айтсак, жыйынтыгы деле зор. Депутаттар “чимкирик” деп, “элита койлор” деп аталып калышты. Ал эң эле чоң “жетишкендик”. Иштери бааланды да, кысталак... Башка жетишкедиктерин айта албайм. Адамга эмес, партияга добуш берип, жыйынтыгында эл күтпөгөн адамдар депутат болуп калып, анан “кой” “чимкирик” деп аталып калып жатышпайбы? Парламенттик шайлоо жакындап келе жатат. Элдин маселесин биринчи орунга коё турган депутаттар кийинки чакырылышта да Парламенте келишпейт. Оппозициян да, пропозицияларын деле, баягы эле “калың бет”, калын капчыктар... Биз качан гана кимди шайлап жатканыбызды билип, ал шайланган депутаттарыбызды кайра чакырып алууга жетишсек, ошондо гана парламентаризмге өтүү эмес, Парламентризм туралуу ойлонгонго укукту болобуз. Ага жетиш үчүн бир мандаттуу шайлоо өтүшүбүз керек. Эми партияларга да 30 процент мандаттарды берсе болот. Андан ашырбаш керек. Мен ойлойм, келе жаткан шайлоодо, Парламентке азыркылардан да “көп-көк, коп-кою”, чимкирсен да, жерге түшпөгөн “чимкириктер” келет.

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити