Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 380

Соң-Көлдө жүргөн, Тоң, чөлдө жүргөн, Боомдо жүргөн, ООНдо жүргөн - Турсунбек Акун

 

 

Адамдан башкача Адам,

эчкимге окшобогон,

эч ким буга окшобогон,

эч кимди коштобогон,

эч бир жерге токтобогон,

күнү да түнү жүгүргөн

күлүн бир жерге...

                               ...топтогон.

 

биликтей күйгөн

бир орунда жүгүргөн,

короз чакыра электе

“Кожзаводдон чыккан,

Көлөкөсүнөн мурун

Көк үйгө кирген,

Көп өтпөй

Аттап-буттап Ак үйдө жүргөн.

кеч кире электе

Кеминден кезиктирген,

Бир аздан соң

Бишкекке безип кирген,

 

таңатканда

Таластамын деген,

Өтмөктөн өтүп-өтпөй “...

Өзгөндү көздөй

бараткамын...”, - деген,

карга пок чокуй электе

Караколдон кабар берген,

“чү”-деген жерден

Чүйдө жүргөн,

 

 

Үрүмчүгө тийип – тийбей

үч күндөн кийин

үйдө жүргөн,

ар качандан бир качан

арка-бел жолдо жүргөн

ач жондо жүргөн,

оңдо жүргөн

солдо жүргөн,

Соң-Көлдө жүргөн,

Тоң, чөлдө жүргөн

Боомдо жүргөн

ООНдо жүргөн,

 

 

Алайга барсаң

Алайда жүргөн,

Сарайга кирсең

Сарайда жүргөн,

Данияга барып

далайга жүргөн...

 

 

Кайда жүрсө да,

Калай – макан кылган,

Анысын

Ак баракка жазышып,

Ак калпак,

Жалпак бет эли

далай макал кылган.

 

 

Башынан чолоңдогондор менен

Бадыша болом!...-деген...

Карышкырлар менен

Жарышка түшөм!...- деп...

 

 

 

Ушуна камына

уникум “энергиясы” менен

“эл..., эл эле эл...,-деген

ээ – жаа бербеген, 

“Элдик  адам” атанган

эр көкүрөк “Атаман”,

эч кимден  коркпогон

ээнбаштарды поктогон,

жансызга жанын берген,

алсызга арка белдей болгон,

каарына калганда

каптап эле кетчү

селдей болгон,

 

кезегин кетирбеген

тезегин калтырбаган,

чатагы жок жүрбөгөн,

бирак, чатакты көп сүйбөгөн,

чакчелекей салган

чалмакейди чалган,

ал ошондо абаңдын

ар жагы..., ...чаңдаа-ап эле калган...,

 

Теңир Тоодо туулган

Текирең таскак “чуулган”,

КыДыКеде жуурулган

Кыргында далай “куурулган”,

“ кыйындарга“  жулунган

Кылычтай суурулган,

 

карды ачболсо да,

карлыгач демократ болгон,

сакалы жок,

сансыз макалы бар...

токолу бар-жогун ким билет...

сабыры бекем сары алтын

сабымда жазам утур-улап,

айыбын айтсаң деле

чукупулам -

ачуусу түк келбеген чукулунан,

 

атпай журтка уйутку

айтылуу “Моңолдордун” тукумунан,

 

караңгыда көз тапкан

капилеттен сөз тапкан,

 

баарысынан башкача

оголе башка жөнүн гөр –

оозун ачсаң оймоктөй–

опол тоодой жүрөгү көрүнгөн...

ЭСЭНБда катталган

Эл-журтуна жатталган

“Эр Т.Акун”- деген атты алган,

тарамыштай, тиштенген

такыр эле ичпеген

таң заарынан иштеген,

 

анча – мынчаны укпаган,

бирак да,

купшуңдабаган,

шукшуңдабаган,

чунаңдап чукчуңдабаган,

куш уйку салып уктабаган...

 

Тектүү атасы башкарган

Тээтиги Эки Нарынды,

жакшыдан жакшы чыккан гой

жана да,

жалындуудан жалындуу,

ошо,

сайынан Эки Нарындын

санжырасы башталган,

таржымалы Тукемдин

ташка тамга баскандай

тарыхта таасын катталган.

 

Өтө кетпей алыска

Өзүңө келсем Тукенбай

Бөтөнчө бир бендесиң

энди,

бөрк ал десе башты алган.

 

түнбү, кечпи, эртеби

түйшүгүн элдин жүктөндүң,

түз сөздү сүйлөйм , - деп жүрүп

түгөнгүр Туке канча бир

түптүз жүрүп бүктөлдүң,

оппозиция болгондо

ошондо сени көргөндөр

ойгонуп алып түш көрдү,

 

майдан, кармаш, пикетте

мадыра баш кездеойгондуң,

майрам менен ойронду

мамлекетти жойгонду,

маңдай тер далай агыздың

машакатты көп көрдүң

майкөл-сүткөл бүт көрдүң,

Каркырадан, Кангайдан

Какшаал каат тооңдон

Тоңдон, тордон,ООНдон

Тоодой иштер бүткөрдүң,

 

 

жеңил-оор жүктөйсүң,

желиндеги сүттөйсүң,

кай кырыңдан карайын,

кай кылыгың санайын

кайраным-аа, кайраным

сен, казалдасам бүтпөйсүң,

 

 

котур менен сокурлар

котологон кокуйлар,

койчу менен уйчулар,

койчу деги, короче

жаамы журттун ичинен

жабыр тартса жарандар

жалгыз өзүң түтпөйсүң.

 

 

жоболоңго кабылдың

жоголуп кетип табылдың,

издеп жүрсө калайык

изиңди жердин үстүнөн

сен,

ичинен чыктың кабырдын.

 

 

Көкөмерен дайрасың

көбүрүп бир жабырсаң,

какошондода бир сен

Кара Буура, Нарын сен,

күн түшсө журттун башына

күн-түнү күйгөн жалын сен.

 

 

Карап турсам саамга

Кай бирде келет жадыма

Кадимки сенин  элесиң... –

Окшоштурсам өзүңдү

Орустун оюнчугу –

“Ванька-станькадай”элесиң,

жыга чапса,

тура калган,

жыга чапкандарды

кайра өздөрүн жыга чаап,

жыласын чыгарып,

сурак алган...

 

 

Катаал тагдыр туш келсе

кайгыга батып чөкпөйсүң,

эби келе калганда,

“эки” болуптурса да,

эсебинтаап “төрт” дейсиң,

өөн ишке тушуксаң

өчүрүлгүс өрттөйсүң,

жаныңда жамаат болбосо

жалгыз туруп көптөйсүң,

“каргачычса” колуңа

калпайтканмененболобу

кайраным бирок көппөйсүң.

 

 

Бөтөнчө сага дүйнө күн

Бөтөнчө өмүр сүргөнүң -

жөтөлгөнүң, күлгөнүң

жөргөмүштөй жүргөнүң,

эдиреңдеп басканың

элестетет бүргөнү,

так секирип турганың

таңкалтырат мүлдөнү.

Кызык сендей бендени

кыдырсаң да таппайсың

кыйырын кезип дүйнөнүн,

 

 

жаратат тура а көрсө

жаркын кылып жашоосун

Жараткан Өзү сүйгөнүн.

Башкасын айтып нетейин –

Баш оорутпай кетейин,

Кандай болсо күлгөнүң

кандай өмүр сүргөнүң

казалымда мына бу

как өзүндөй “чүргөдүм”,

кашкайган эле чындык бу   

                                                                                                                                                                                 

калпы жокмына ушундай

кагазга жазган түрмөгүм.

 

                      Бектурган-Бешыргай Шаршембиев, Булак: “Майдан. kg” гезити