Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 288

Жогорку Кеңеште көпчүлүктүн арасынан карааны көрүнбөгөн Бактыбек Райымкулов деген депутат бар.

 

 

“Республика – Ата Журт” партиясынын катарында шайланып келген. Шайланып эле келгени болбосо анын аткарган алгылыктуу ишин деле көрө алганыбыз жок. Көпчүлүктүн катарында анда-санда жыйындарда өкмөттү же башканы жарга такагансып кыйкырып алганына корстон болгонсуйт. Ошол депутат жакында гезиттердин бирине маек берип, өзүн парламентке алып келген “Республика – Ата Журт” партиясын бөлүп-жаруу максатындабы, айтор “Ата Журттун” дарегине терс пикирин билдирип алыптыр. Арийне, чээндегилердин баары ар беш жылда, парламенттик шайлоонун алдында бир дүрбөп, эл көзүнө өзү иштеген, башы иштеген адам болуп көрүнүп алаарын эске алсак анда бул депутаттын капысынан “саясий көз карашы терең” болуп чыга келгенине таң калуунун деле кереги жок.

 

Аталган маегинде Райымкулов келерки парламенттик шайлоого катышууга “Республикада” мүмкүнчүлүк барын, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе дей албашын башкача айтканда бул партиянын шайлоого катышаарына көзү жетпей турганын билдирген. Депутаттын мындай билдирүүсүнөн кийин анын өмүр баянына үңүлүп көрдүк. Партияларга саясий баа берүүгө жарап, ары-бери калчап калган бул ким болуп кетти деп. Панфилов районунун акими болуп жүрүп парламентке секирик жасаган “спортсмен” башка жооптуу мамлекеттик кызматтарда деле иштеп көрбөптүр. Мындан улам Бактыбектин “бактысын” өзү күмөн санап баштаган “Ата Журт” ачканын билүүгө болот. Анткени, «Республика» жалгыз жеңишке жетпестигин билип же биригүү гана жеңишке алып бараарына ынанган соң эки партия бириккен эмеспи. Бирок, мындай кадамды каарманыбыз Бактыбек Райымкулов түшүнө албай, же түшүнүүгө дарамети жетпей атыптыр. Биздин божомолубузду оңунан чыгарып аталган партиянын лидери Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасында бул депутаттын пикирине жооп кайтарды. Анда Камчыбек мырза Райымкуловго карата:

 

“Республика – Ата Журт» партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүнчө боло элексиз, болушуңуздан күмөн санайм. Биздин «Ата Журт» партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурасыз”-деп как маңдайга чапкандай калыстыгын айткан.

 

Чындыгында ушундай, партиялык тизме менен элге кадыр-баркы бар лидер жана бир катар талапкерлердин катарында парламентке өтүп алгандар абдан көп. Аларды эл шайланып келгиче таанымак тургай кээ бирлерин беш жылдык мөөнөтү соңуна чыккандан кийин да билбеген бойдон кала берет. Ошондой аты-жыты белгисиз эл өкүлү келген жагын шылдыңдагансып, келерки шайлоодогу салмагын салмактап көрүүгө эркти кайдан алды дейсиң. “Ата Журт” болбосо өзү ошол креслосунда чалкалап, кнопканы басканды үйрөнөт беле? Же шайлоо жакындаганы алды-артынан тал кармоого камынып, “Республикага” жагалдана берсем бир бурчуна кыпчып алышаттыр деп жатабы? Анткени, Камчыбек Ташиев беш жыл ичинде кимдин ким экенин айра таанып билип, келерки шайлоодо жалаң гана керт башын эмес эл камын ойлоп, жалпы кызыкчылыкты биринчи орунга койгондордон куралган топту парламентке алып келүү ниетинде экени жашыруун эмес. Мурдагыдай Райымкуловчосунан көпчүлүктүн катарында өтүп алып, андан ары эл өкүлү деген атка татыктуу болбой, мандаттын кулуна айланып, айдаган жакка кеткендерди жанына жолотпойт. Райымкулов лидердин ниетин байкап, баамдап калганы үчүн “коңшу” республикачылардын этегин кармайын деп чечкендей. Анан эмне, бир жолу мандаттын даамын татып калган неме дагы беш жыл сайрандагандан баш тарткысы келбейт да.

 

Баарынан да депутаттын Ташиевдин пикирине кайтарган жообу кызыктуу болду. Ал: «Ата-Журттун” мүмкүнчүлүгү кандай деген суроого “айта албайм” деп жооп бергем. Жоопту туура түшүнүп, анан пикирин жазса болмок. Туура түшүнө албаса деңгээли ошол да”, – деп жооп бериптир.

 

Бул жооптон кийин ал маекти окугандардын баары Камчыбек Ташиев кандай түшүнсө так ошондой түшүнгөнүн, а деңгээл баарыныкы бирдей, бир гана Райымкуловдуку башкача экенин билип алдык. Көрсө Райымкулов такыр башканы айтыптыр да биз теңирден тескери түшүнүптүрбүз. Элден өзгөчө ой жүгүрткөн эл өкүлүнө баракелде! Эр жигит айтпайт, кокус айтып алса алды-артына тайсалдабай кандай кырдаал болбосун эр жигитче жооп берүүгө туура келээрин бул мырза чалыш билбейт көрүнөт. Алгач айт, анан актан – бул жигитчиликтин мыйзамына туура келбешин эсине түйүп алганы оң го.

 

Булак: “Майдан. kg“ гезити