Экс-Акыйкатчы эмне дейт?
-Турсунбай мырза, бийлик Илмияновду камагандай неге башкаларды жазалай албай жатат. Илмиянов Атамбаевдин кадры болгон үчүн запкы тартып жаткан жокпу?
-Сооронбай Жээнбековго чейин президенттер өзүнө караштуу адамдарды камабай, жалаң бөлөк партиядагы, өзүнө жат адамдарды камачу. Эми ажо кечээги эле досторун жана партиялаштарын каматып, ага чейинки президент камагандарды четинен бошотуп жатат. Менимче, бул кыйла адилеттүү болууда.
-Коррупция менен күрөштө кармалгандардын санына басым коюлушу керекпи же иштин сотко жеткенине маани беришибиз керекпи?
-УКМК башчысы ТИЗОдо камалгандар үчүн орун калган жок деп айтып жиберди. Кеп камагандардын санында эмес, коррупцияга шектелип камалгандардын иштеринин канчасы сотко жетип, оң натыйжа бергенинде болушу керек. Маселен, уурдалган акчалар бюджетке кайттыбы? Кылмышы далилденип канча коррупционер түрмөгө олтурду? Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасы ушундай болуш керек.
-Коррупционерлер келтирген чыгымын, кошумча айып пулду төлөшсө эркиндикке чыкканы туурабы? Же кандай болгон күндө да жазасыз калбашы керекпи?
- Коррупционерлерди Кытайдай же ислам өлкөлөрүндөгүдөй жазалаш керек. Кытайда коррупционерлер уурдаган акчаны кайтарышса да бары бир атууга кетет! Ислам өлкөлөрүндө да дароо өлүм менен жазаланат! Коррупционерлерди аяган Кыргызстандай мамлекеттер дүйнөдө аз эле болсо керек...
-Коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жаткан жокпу?
- Сооронбай Жээнбековду Сингапурдун ажосу Ли Куан Юдай болсун десек, анда ал өзүнүн жакындарынан камоолорду токтотпой уланта берүүгө милдеттүү!
-Турсунбай агай, парламенттик шайлоо жакындаган сайын шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү каалагандар четтен чыга баштады. Сиздин оюңузча депутаттарды кандай жол менен шайласак, талапка жооп бергени депутаттардан болушат эле?
- Шайлоонун босоголук чегин 9 пайыздан 3-5 %га түшүрүп, шайлоо күрөөсүн 0,5-1 млн. сомго чейин азайтып, өлкөдөгү бардык саясий күчтөргө парламенттик шайлоого катышуусуна жол ачышыбыз керек. Ал эле эмес, референдум жолу менен конституцияны 1993- жылдагы абалына алып келип, ага эки-үч эле өзгөртүү киргизүү зарыл. Алардын бири шайлоо системасын жаңы нукка бурган өзгөртүү болушу керек. Маселен, 100% партиялык тизме менен эмес, 50 пайызы мажоритардык-пропорционалдык система менен келе турган кылышыбыз керек. Ошондо гана жалаң акчанын күчү менен түзүлгөн миллионерлердин партиялары эмес, идеясы, программасы бар чыныгы элдик депутаттардын бийликке келишине шарт түзүлмөк.
-ТЭЦ боюнча коррупциялык схеманы иштеткендер эмес, күнөөсү жоктор эле камакта отурат деген Елисеевдин пикирине ишенишибиз керекпи?
-Мындай кайчы пикирлер жок болушу үчүн сот процесстери жабык эмес, ачык түрдө жүрүшү керек. Ошондо гана чыныгы күнөөлүү аткаминерлер камалып жатабы же күнөөсүздөр камалып жатабы, билинет болчу. Тергөө амалдарына шектүүлөрдүн баары бирдей тартылып, сурак иштери жүрүшү зарыл. Ошондой эле ТИЗОдо кармалгандар соттон качпай, сотко барып ачыгын айтышса, күнөөлүүлөр так айтылмак жана күнөөсүздөр бошомок.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити