Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 234

Сот отурумунан…

 

 

4-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке байланыштуу кезектеги сот отуруму уланды. Анда сот тарабынан  Осмонбек Артыкбаевге суроолор берилип, андан кийин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Осмонбек Артыкбаевге суроолорду берип, жоопторду алуусуна мүмкүндүк берилди.

 

С. Исаков:   - Мен азыр сизди кыйнабайм, ишти жакшырта турган гана суроолорду берем. 21-майдагы кызматтык  катында мурдагы президент Атамбаев кандай тапшырмаларды берген эле?

 

О. Артыкбаев:  - Атамбаев маселени карап, сунуш берүүнү айткан болчу.

 

С. Исаков:  - Энергетика министрлигинин жыйынына ким төрагалык кылган эле?

 

О. Артыкбаев:  - Мен…

 

С. Исаков:  - Жыйындын протоколундагы кол тамгаңыз жыйындын жыйынтыгы менен макул экендигиңизди билдиреби?

 

О. Артыкбаев:  - Мен алардын позициясын билдирип, кол тамгамды коюп бергем. Министрлик менен ведомстволордун катышуучулары өздөрүнүн позицияларын билдиришкен.

 

С. Исаков:  - Президентке, премьер-министрге жолдонгон каттагы кол тамгалар сиздики беле?

 

О. Артыкбаев:  - 27-майда кызматка дайындалсам, 28-майда жыйынга катышкам. Биз президенттен катты алганда, ал жакта конкреттүү көрсөтмөлөр бар экен.

 

С. Исаков:  - 28-майдагы жыйындын протоколунун 5-пунктунда Отун энергетика комплекси боюнча мамлекеттик департамент электр энергиясына тарифти карап чыгуу керектиги жазылып турат. Бешинчи пункт эмнеге кабыл алынган эле?

 

О. Артыкбаев:  - Бул жерде долбоордун өзүн актай тургандыгы тууралуу сөз болуп жатат. Анализдөө милдети коюлганы жөнүндө.

 

С. Исаков: - Ал жерде тариф саясатын карап чыгуу боюнча так тапшырма берилип атат, анализдөө тууралуу эч кандай сөз жок.

 

О. Артыкбаев:  - Мен түшүндүрүп кетейин, чоң көлөмдөгү документтер болчу, анын  болгонуна көп болду. Мага  окуяларды майдалап, ирээттеп чыгууга туура келди. Акыры окуялардын өнүгүүсүн ирээттей алдым.

 

С. Исаков:  - Ошондо  баасын  түшүрүү өкмөттүн көрсөтмөсү беле же президенттинби?

 

О. Артыкбаев:  - 5-июлда Энергетика министрлигинде ТВЕАнын өкүлдөрү менен плансыз жолугушуу болгон. Жолугушууда Энергетика министрлиги менен «Электр станциялары» ишканасынын өкүлдөрү баасын түшүрүүнү сүйлөшүшкөн. Белгиленген 390,5 млн. доллардан 386 млн. долларга түшүрүүгө мүмкүн болгон.

 

С. Исаков:  - Ведомстволор аралык комиссия эмнеге түзүлгөн эле?

 

О. Артыкбаев:  - Ал чечим жогору жактан болгон, комиссияны түзүүгө зарылдык жок болчу.

 

 

P. S.  Ошентип, чуулгандуу Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык кылмыш иши боюнча сот отурумдары өтүүдө. Жогорудагы Сапар Исаков менен Осмонбек Артыкбаевдин суроо жооптору  «кылым аферасы» аталган кылмыштын кантип ишке ашуусунан аз да болсо кабар бергенсийт…

 

Калыстык үчүн айта кетели. Бул иште эптеп эле бирөөлөрдү күнөөлүү деп таап абакка отургузуу эмес, коррупциялык иштин кантип ишке ашырылганын, кимдердин күнөөсү канчалык экенин аныктоого сот тарабынан аракеттер болууда. Сот процесстеринин  узакка созулуп жатканы да ошондон.  Ал үчүн бардыгы суракка алынып, баарына сөз берилүүдө. Иштин акыйкаттыгы үчүн фемида айыпталуучулардын сотко келбей коюу, суроолорго жооп берүүдөн баш тартуу сыяктуу «кылыктарына» да түшүнүүчүлүк менен мамиле кылууда.

 

Не дейбиз, Бишкек ЖЭБи боюнча сот иши акыйкаттуу түрдө аягына чыгарылып, айыпталуучулар  күнөөлөрүнө жараша мыйзам чегинде өз жазаларын алышсын. Күнөөсү жоктор болсо, эркиндикке чыгарылсын. Бул элдин да, мезгилдин да талабы.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити