Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 194

Күндүн  темасы

 

КРнын чыгаан мамлекеттик жана саясий  ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына байланыштуу анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында коомчулуктан, конкреттүү жарандардан ар кандай сунуштар болуп келүүдө. Буга чейин Өкмөт мамлекеттик ишмердин ысымын эски аянтка берүү чечимин кабыл алган. Ошол эле мезгилде Бишкектеги 4 райондун бирине  Т. Усубалиевдин ысымын берүү эң туура болмок дегендер да көп. Бишкектин ири көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу туура болорун  жактандар да жок эмес. Ал эми эмгек сиңирген куруучу  Асан Давлетов Бишкектин аталышын Турдакун Усубалиев деп өзгөртүү сунушу менен чыкты. Албетте, бул сунушта балким, аша чапкандык жоктур. Анткени, Бишкек шаарынын инфраструктуралык облигин түзүүдө Турдакун Усубалиевдин эмгеги зор болгондугу талашсыз. Бекеринен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов «Турдакун Усубалиев – Фрунзенин чыныгы архитектору» деп айтпагандыр.

 

Бирок биздин оюбузча, борбор калаабыздын Бишкек аталышын өзгөртүү  тарыхый жактан туура болбой калат. Анткени, Бишкек тарыхый аталыш. Фрунзе, Пишпек болгонго чейин эле Бишкек аталып келген. Кийин гана Советтик бийлик Фрунзеге өзгөрткөн. Ошондуктан Бишкектин бүгүнкү аталышы ошол бойдон калышы керек. Ал эми Турдакун Усубалиевдин ысымы  Бишкектин Биринчи  Май же Свердлов райондорунун бирине берилсе, эң туура чечим болмок.

 

Орусия президенти Владимир Путин Лениндин сөөгүн мавзолейден чыгарууга байланыштуу маселеде: «Лениндин сөөгүн мавзолейден чыгаруу же калтырууну келечектеги  муун өздөрү чечет, биз азырынча тийбейбиз» деп жооп бергендей, Турдакун Усубалиевдин ысымын борбор калаага берүүнү же бербөөнү да  келечек аныкташы керек го…

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити