Көз караш
Кириш сөз
1932-жыл, жай айы. Суусамырдын төр жайлоосунан үч атчан Сөөктүн ашуусун ашып, Жумгалды көздөй сапарга чыкты. Алардын астында жол баштаган байыркы Кыргыз медицинасынын бизге жеткен атактуу өкүлү, жана ошо тапта Украинага кулак-куйрук катары айдалат деп, бирок, жыл сайын мал-жаны, алтын-күмүш байлыгы саналып бүтпөй создуктурулуп келаткан Сарпек уулу Түркмөн. Ортодо анын туурамчы жигити. Ал эми саптын эң аягында Октябрь революциясына чейинки Кара-Кече аймагында болуш Султандын кызы - Сыябүбү келатты.
Күн түш ооп, улам төмөндөгөн сайын жаканын ысык аптабы бет маңдай ура баштаган болуучу. Аларга бу шашылыш сапардын максаты, эгер Түркмөн Украинага айдала турган болсо… Байзактын аманатынан кутулуу үчүн: (эркектери сүргүндө жүргөндүктөн) анын инисинин кызы Сыябүбүнү үйүнө чакырткан. Себеби ал… олуянын өтүнүчүн аткарып, 1882-жылда Кытай менен чек ара тактоо учурунан бери: Тыныбектин “Манасынан” оёз Алма-Ата архивине тапшыргандан калган бөлүгү сыяктуу материалды топтоп, айрым тарыхый окуяларды өзү кагазга жазып сактап жүргөн.
Азыр алар ар бир аттын ээр жайыгына эки көз куржун артып, суу жээк, жатакчылар айлынын жанынан өтүп баратты. Аңгыча астыда Түркмөн: туурадагы жаман алачыктын жанында чамасы беш-алты жаш… ак шишик басып, чач өскөн башын каната тырмаганы менен бара-бара чымындан корунууга дарамети жетпей көзүн алайтып жаткан кызды (атактуу ырчы Мыскал) көрүп тизгинди тартты. Белги катары камчы көтөргөндө ортодо жигит алгач өзү, анан атын ары мамыга байлап келген соң, кожоюнун колтук сүйөп ээрден түшүрдү.
-Балтыр бит башка чыккан экен. Атаңдын көрү!- деди. Түркмөн табып балага эки кадам жетпей токтоп.
- Бу байкуш эми эмне болот?
- Эмне болмок эле. Тиги кан аккан жерине азыр чымын чычып, мээсин курт жейт. Анан өлөт.
- Сиз ага жеткизбей бир ылаажы табат окшойсуз, болбосо аттан түшпөйт элеңер го.
- Бүргө жабышат, биз мунун жанына өтө жакын барбайлы? Ошондуктан сен кайра атыңа минип, береги адырдан бир кучак шыбак үзүп келе кал? Анын жардамы менен мен мунун жанына барып, башына кургак дары сээп, чымын-чиркей жолобогудай кылам.
- Жарайт таксыр!- деди жигит, азыр эле чылбыр байлаган мамыны көздөй кайра басып.
А тиги баятан бери ээр үстүндө эркектердин сөзүн угуп отурган келин “балтыр бит чоңоюп башка жетип - бүргөгө айланганы” жөнүндө суроо салгысы келди. Бирок, аксакалдан ыйбаа кылып унчукпады.
Аңгыча үчөөнө: ары кырк курак боз үй тараптан чыккан кемпирдин карааны көрүнгөн болуучу.
- Кандай эже саламатсызбы?
- Жакшы айланайын!
- Бу кыздын эне-атасы каякта?- деп Түркмөн аны суроо менен тосту.
- Аларды үч жыл мурун: “батырактар” уюмун түзүп, күйөөсү рабочком эле, аялы экөөнү басмачылар өлтүрүп кеткен. Андан бери чоң энеси багып жүрүүчү. А киши да жакында о дүйнө көчтү.
- Анда сиз бу байкушка жардам бериңиз?
- Кантип? Кеңеш Өкмөтү байлардын баарын сүргүнгө айдагандыктан ачарчылык менин башымда да бар.
- Бүгүндөн калбай бу баланын денесин эрмен чылап, анын суусуна киринткиле? Анан мен бир кадак талкан берем, аны кайнатып күндө үч маал кожо жасап бериңиз? Бүрсүгүнү мен келген чакты бу балага жан кирип калат. Азыр тиги менин жигитим үзүп чогулткан шыбакты сөзсүз астына жаздап коюңуз? Себеби бүргө-бит жолобойт.
- Андай аттуу күн кайда. Сөзсүз аткарам, айланайын! Багаар, көрөөрү жок, өлгөн аткан кыздын багына сени Кудай айдап келген экен,- деди ошондо кемпир. Бирок, эки күндөн кийин Түркмөн жигити экөө кайра кайтып келгенде баягы Мыскалдын башы кычышпай биттен арылган менен, денесинде шишик алигиче тарабаптыр. Көрсө кемпир кайнаткан көжөсүнүн көбүн небересине берип, өзү да ичип, анын курсагын тойгузган эмес экен.
(автордун толук жазылып бүтпөгөн “Мыскал” кинороманынан үзүндү)
***
Ушунун сыңарындай менин баамымда 28 жылдан бери биздин өлкө реанимацияда жатат. Улам президенттер алмашкан менен бийликке жалаң балтыр биттер умтулуп, анын өнүгүп, өзүүсүнө жогоруда кемпир айткандай “кыргыздын багына Кудай айдап келген” табып керек болуп тургандай сезилет. Эмне үчүн дегенде мындан мурунку үчөө үй- бүлөлүк, кландык башкарууда, же башкалардын жетеги менен жашап, эл жөнүндө ойлогон жок. Өздөрүн ойлоду. Аларда Курманжан датка энебиз белгилеген “Эл башыга: эл башылык дэңгээл…” жеткен жок. Мисалы кыргыздын шоруна Ч.Айтматов А.Акаевди таап берип, ал 70 жыл калкыбыздын жыйган-терген байлыгын мындай кой, “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” деген бир сөзү менен улуттун көрөнгөсүн бузду. Ошондуктан өткөн айтышта казак акыны “кыргызга кытай (күйөө бала) толуп кетиптир”- деп ырдап атат. Себеби, Каримов Совет Өкмөтү кыйрагандан кийин, СССР аймагында түрмөгө түшүп туберкулёз болгон жарандарын кайра өзүнө албай, ал эми Назарбаев “кошунаң менен ынтымактуу жашагың келсе - дубалың бийик болсун” деген принципти карманып, 2000-жылга чейин эле чек арасын тактап бүтүп койсо, а биздин алабарман ажо Ала-Тоого ар кандай оору-сыркоону, кеңешчи кылып, Бириштейин сыяктуу Кудайдан жөө качкан шылуундарды чогултту. Ушу алашемдиктин айынан Кытайда эр өлтүргөн мыкаачы: биздин 40 тешик чек арабыздан өтүп кыргыз кызга үйлөнгөндөн кийин паспортту оңой алды.
Ошол эле учурда көр оокаттын азабын тартып, тең кыргыз чет өлкөдө азыркы күнгө чейин тентип жүрөбүз. Тышкы карыз ар бир төрөлгөн балага миң долларга жакын. Андыктан… өз үй-бүлөсүн, тууган-уругунун жыргалчылыгын ойлогон президентке караганда, “элим” деген бандит артык экени да чындык. Себеби, раматылык Рысбек Акматбаев: “Эгер мен ЖКга барып калсам, тышкы карызды а жердеги бизнесмендерге (коррупциялык жол менен байыган депутаттарды айтса керек) эки күндө төлөтөм”- деп жар салган. Азыр интернет булактарында аны АША аттыргандыгы жөнүндө маалымат тарады. Чын- төгүнүн Кудай өзү териштирээр. Менин айтайын дегеним: ар бир президент келгенде байкуш эл келечекти ушунчалык үмүт менен карайт. Анан алар төрт жылга жетпей ажыдаарга айланат дейсиз. Башында Атамбаевге деле эл үмүтү зор болуучу. Аны колдогон кээ бир “дүжүрлөр” учурунда, “ар бир үйдүн короосунда төрттөн машине… АШАнын учуру свет өчпөй, газ берилип, жол тоскон пикетчилер (обончу аялдар) жок, тим эле жыргап-куунап жашап атабыз” деп кыйкырып чыкан. Ал өзү да Кудайды кошунасындай ортого кармап, “жаштар элитасын түзсөк, конституцияны (9- ирет) дагы оңдосок эле, эки жылда оңолоорду” убада кылды. Анан иш жүзүндө андай болбой, Кыргызстан кайра он жылга артка кеттик.
Кеп учугун уласак: “Сооронбай Жээнбековдун эки жылы: өлкөнү тоноп келген кылмыштуу режимдин ойрон болушу жана бийликке карата эл ишеничинин кайтарылып келе башташы…”, “санариптештирүүдөгү революциялык өзгөрүүлөр”, “тышкы мамилелер жөнгө салынды”- деп, макала жазгандарга толук кошулам. Бирок, эл үчүн Сооронбай Шариповичтин тилеги канчалык ак болгон күндө дагы, өлкө жогоруда “ачкадан ак шишик басып, биттеген кыздын окуясында” убаданы катыра берген менен, бир кадак талканды ачка отурган небереси, өзү кошо жешкен кемирдей ортодон пайдаланып кетүүчүлөр көп. Ошондуктан Сооронбай Шарипович эл ишенимине толук жетиш үчүн: биринчиден ушу тапта экономикалык, экинчиден Сталин айткандай кадр, үчүнчүдөн чек ара, төртүнчүдөн мыйзамдуулук, сот адилеттүүлүгү масалесин чечкен күндө да анын астында далай тоскоолдуктар бар. Буга У.Черчилл белгилеген демократия деген эң начар системада жашаганыбыз себеп.
Мына быйыл Өкмөт региондорду өнүктүрүүнүн алкагында айыл өкмөттөргө конкурс жарыялап, Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылына эмнегедир республика боюнча 2-орун, миллион сом сыйлык берилиптир. Ушу кабарды укканда менин сүйүнгөнүмдү сураба. Жылда көлдө эс алуучу жайым бар эле. Мында каадаланып кичи мекениме бардым. Толгондон жамгырлуу күнү жолго чыгып алган экемин. Түнү жетип, эртеси атамдын үйүндө союлган койдун этин жеп чаңкадым да, орус келинимден суусундук сурасам ал: “байке колонкада суу кир, жана курт, андан көрөк кайнатылган чай ичиңиз?”- деди. Эртең мененки тамактануудан кийин секиге чыгып айлана-тегеректи карадым: баардыгы 50 жыл мурункудай эле - огороддо чөп өспөй куурап, жылаңач тамдардын артында кургакчылыкка чыдамдуу кара жыгачтар гана дүпүйүп турат. Анан биздин Өкмөт Баш-Кууганды айлына кайсы жетишкендиги үчүн 2-орун бергени жөнүндө ойлонуп башым катты. Балким бийлик сугат жердин масалесин чечкенби деп, жайлоого баратканда БСРге да кайрылдым. Анда кетмен, күрөгүн көтөрүп кезек күткөн адамдар көп экен. Пикирлешип: көлөмү 120 миң куб суу топтолуучу бул курулуш 1989-жылы башталып, 80% жумушу бүткөндө каражат жок, СССР таркаган үчүн токтогонун, жана мурунку президент А.Атамбаев республикада 2013- 2017-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү программасын кабыл алып, аны ЖК бекитип бергенден кийин, республиканын бюжеттик каражаттарынын тартыштыгынан айыл чарба, ошондой эле мелиорация министрлиги тарабынан чет элдик донорлор аркылуу иш жүргүзүлөт. Мында: Корей экономикалык өнүктүрүү фонду бөлө турган грант инвестициялык каржылоосуна 5 обьект, анын курамында “Баш- Кууганды БСРи” да сунушталат. Ушинтип анын проектилик сметалык курулушу (ТЭО) 64 млн. сомго түзүлөт. Тендерде ЗАО Жалал-Абад СМЦ жабык акционердик коому утуп алып, 54 млн. сомго БСРди куруу укугуна ээ болуптур. Иш 2017- жылы жаз айында башталып, 2018- жылы декабрь айында 113,7 млн. сомго бүткөрүлгөндүгүн жумушчу комиссия “ураалап” кабыл алат.
Кептин кызыгы, же “иттин өлүгү” мына ушу жерде катылган. Биринчиден эмне үчүн тендерде бир сумма, ал эми бүткөрүлгөндө эки эседен ашык каражат сарпталды? Муну ГКНБ текшерип көрүшү керек го деп ойлойм. Экинчиден чала курулган БСРден чыккан суу жалпы 1000 гектар жердин 40 гана пайызына жетет. Себеби, калган 60%ин камтыган Орто-Арыкка лоток коюлуп, цементтелген эмес. Үчүнчүдөн: ал ТЭО боюнча негизгиси арык болуп эсептелсе да үстүнкүдө көпүрөлөр эки кулактык суу баткан өлчөмдө гана бүткөрүлгөнү чын. Ошондуктан күнүнө 4 саат убакыт берилип, лотоктордун бириккен жерине парализон резинасы коюлбай суу акма, жана Булак участкасына кеткен цемент арыкка - Эмилбек учсткасынын майнабы “шалдырап” куюлуп турат. Минтип отурса бир жылга жетпей лотоктун ичине кум-топурак толуп бүтөлүп калышы да толук мүмкүн. Төртүнчү: эң маанилүү көйгөй “таза суу”. Буга чейин фильтрге, “табышмактуу таш арыкка” бөлүнгөн 17 млн. сом каякта? Аны да “кемпир” саясатчылар жымырып кеткенби… белгисиз. Бешинчиден: айылдан 20 км. алыстыкта жайгашкан экинчи Жол- Кара БСРинин ичи 80 пайыз кумга, көмүрдүн күлүнө толуп, 150 га үлүш жер айдалбаганы. Иши кылып… Баш- Кууганды элинде айта берсе арман көп.
Анан, ие айланайын Кудай! Кайсы саясий сокур бийлик ушу айылга сыйлык берди? Барынан кызыгы карапайым кайран эл президенттин атына эки ирет кайрылуу жазып, ошо бүттү делген 40 пайыздын кем- арчын, маселен он кулак суу баткан лотоктун ордуна эки кулактык цемент труба коюп койгон жерлерин араң оңдотуп алды. Мындай жагдайда эл мүдөөсүн угуучу, бизден шайланган ЖК депутаттары барбы? - деген суроо туулат. Атамбаев учуру райондук активдин СДПК партиясы чогулткан жыйынында ушу тууралуу сөз боло калып, Р.Момбеков санап бергендей, жок эмес… атын атаса куту сүйүнөт - жетөө. Бирок, убадалар шайлоого чейин эле… андан кийин “кимди- ким көрсүн Быржыбайды там басты” дегендей кеп экен. Себеби мени айылдаштарым үч депутаттын атын атап, көйгөй түшүндүрүү максатында көзмө-көз жолугууну өтүндү.
Сентябрь айы борборго келээр замат шымаланып Акүйгө жөнөдүм. Алгач Ж.Турускуловго кайрылгым келди. Бирок, мындан туптуура бир жыл мурун: Байзактын 190 жылдыгын белгилөө жөнүндө ага жолукканымда, Жыргал иним Баатырдын юблейин мамлекетттик деңгээлде өткөрүүнү мындай кой… китеп чыгаруу убадасын да аткарган эмес. Ушундан улам анын ордуна, атасы менен “Демилге” газетасында чогуу иштешип үйүнө барып, анча-мынча тааныган жайым бар, А.Кулбараковдун жардамчысына телефон чалууну туура көрдүм. Ал жарым айдан ашык күндө сурасам, күндө ар кайсыны айтып тажаткандыктан оппозицияда депутат эмеспи деп, А. Шыкмаматовдун кабылдамасында кыз менен сүйлөшө баштадым. Мен канчалык жердештерге жардам бергим келген менен, мындан да тилегим таш каап, чынымды айтсам азыр ушу макаланы жазып отурам. Тээ президенттик шайлоонун астында: “Аскар аялсаак чыкты, Курманбек куу союл чыкты, Роза кызым… кыйын учурда - эркектерге кыр ашыраар чыкты, Алмазбек айрыкча сүйлөөк чыкты, ал эми айланайын… Сооронбай сонун чыкса экен” деп бата берип, газетены көз айнексиз окуган - 85те кемпир жөнүндө “Майдан” газетасына чыккан. Ал Байматова Туйтун. Азан чакырып койгон аты - Калбүбү. Алиги беш, алты айлык 20 бала төрөп боюнан түшө берип, 1932ден 33-жылга чейин Түркмөн дарылаган Султан кызы Сыябүбүнүн кызы. Бу саам… а кишиден жердеш депутаттар тууралуу кеп сурадым. “Өз арабасын өзү сүйрөп оокат кылып аткан байкуш эл саясатың менен деле иши жоктой сезилет. Бирок, ичип алганда кыймана ат койгон жагынан биздин супер саяктарга жетпейт. Укмуш! Мисалы: Жыргалбек Турускуловдун ( Р.Казакбаев менен мушташып, Бабановду саткан)- “саткын”, А.Кулбараковдун “ордендүү кошолёк”, А. Шыкмаматовдун “Текебаевдин көлөкөсү” деген жарлыктары бар. Булар азыр карапайым калкты карабайт. Шайлоонун астында гана акчасын чачып, арагын суудай агызат”- деди.
ШАХ ЖУМА, жазуучу, Булак: “Майдан. kg” гезити