Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 199

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту.

 

Анда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы иш-чаралар, мунун ичинде бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча ачык пикир алышуу жүрдү.

 

Мамлекет башчысыСооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев жөнүндө өзүнүн эскерүүлөрү менен дагы тең бөлүшүп, анын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын баса белгиледи. Буга улай аталган инсандын Кыргыз тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экендигин дагы кошумчалады. Ал эми Эрмек Усубалиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Мамлекет башчысына терең ыраазычылыгын билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөндүгүн жана буга катышкан мамлекеттик органдардын ишин дагы зор канааттануу менен белгиледи.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев мындан тышкары Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтчү 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын дагы чыгарышты.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити