Баткен облусунун аймагында жайланышкан 191 айылдын ичинен 93 айыл таза суу менен камсыз этилип, 98 кыштак дагыле таза сууга жетинбей келатат.
Мунун ичинен 2018-жылы 65 айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча Ислам Өнүктүрүү Банкы (ИБР) менен келишим түзүлүп, 2018-жылдын 21-23-сентябрында ИБР жана АРИСтин өкүлдөрү тарабынан анализдөө иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Өкмөтү тарабынан дагыле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акыркы тогуз айда республикалык бюджеттин эсебинен жана инвестиция тартуу аркылуу облустун төмөнкү айылдарына ичүүчү таза суу жеткирүү жумуштары жүргүзүлдү.
Ошентип, Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Чекайылына, СПТУ айылына, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бакайылына, Дара айыл өкмөтүнүн Жаңырык айылына, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Мазейиттин жери участкасына, Кадамжай районунун Көк-Таш, Бирлик, Марказ, Көк-Талаа, Маяк, Достук, Алга, Абсамат, Жошук, Ынтымак, Көк-Талаа, Чекелик, Умай-Эне, Бостон, Кара-Кечүү, Какыр, Кара-Дөбө, Кон,Кожоайылдарына, Лейлек районунун Тогуз-Булак, Жаңы-Жер, Достук, Арка, Жаштык, Борбордук, Маргун, Ак-Суу айылдарына жана Исфана шаарына, Сүлүктү шаарына караштуу Булак-Башы, Кольцо айылдарына дагы таза суу жеткирилди.
Бул максатта Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) тарабынан калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүү максатында 2026-жылга чейинки аралыкта Баткен облусу боюнча жалпысынан 1279,9 милион сом каралган. Ал эми 2016-2019-жылдар ичинде Баткен шаарына -218,8 миллион сом, Кызыл-Кыя шаарына 345,0 миллион сом, 2020-2025-жылдар аралыгында Исфана шаарына 345 миллион, Сүлүктү шаарына -345 миллион сом ажыратылган.
Булак: “Майдан. kg” гезити