Борбор калаада 31-октябрдан тартып Патрулдук милиция кызматы ишке кирди.
Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынган. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүлөт.
Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.
Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштей баштай тургандыгы айтылууда.
Патрулдук милицияга иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүштү. Андан соң ден соолугу текшерилип, физикалык жактан даярдыгы каралды.
Бишкекте ушул эле күнү “Командалык борбор” да иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулду. Аталган борбордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
Ички иштер министрлигиндеги мындай жаңылануу эл тарабынан да жылуу кабыл алынууда. Анткени акыркы мезгилде кылмыштуулук күчөп, маскачан каракчылар түн ичинде айрыкча жер үйлөргө басмачыдай эле кирип барышып, үй ээлери менен иттерин газ менен ууландырып, каалаган буюм-тайымдарын ээн эркин алып чыгып кетиши өнөкөт адатка айланып бараткан. Эми патрулдук милицияга алардын кылмышын тыя алар бекен?
Булак: “Майдан. kg” гезити