З. Курманов: Мыйзамды бузушса, Атамбаевдин кейпин кийерин биле жүрүшөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын юристи Нурбек Токтакуновдун Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 15-майында кабыл алган экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын мыйзамдуулугу жөнүндө доосун карап, 24-октябрда анын бир пунктунан башкасы толугу менен “өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келет”- деген чечим чыгарды.
Бул боюнча коомдук саясат таануучу Зайнидин Курманов пикир билдирди:
- Конституциялык палатанын Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан чечимин мыйзамдуу деп табары күтүлгөн эле нерсе болчу. Мыйзамдык өңүттөн алып караганда, баары туура эле болду. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатага башка максат менен кайрылышкан. Алар муну менен мурдагы президентке коомдун көңүлүн бурдуруп, сотту дискредитациялоону көздөшкөн. Алар жөнөкөй жарандардын баары эле юридикалык жактан сабаттуу эмес экенин билишип, бул чечимди туура эмес чечим катары көрсөтүүгө аракет кылышып көрүштү. Бирок чынын айтканда, сабатсыз юристке деле ушундай чечим чыгарылары белгилүү болчу.
Саясий өңүттөн карасак, бул келечектеги президенттер үчүн жакшы сабак болот. Бул чечимдин Атамбаевдин абакка отурганынан башка кесепети деле болбойт. Болочоктогу экс-президенттер абсолюттуу макамдан ажырашат, мыйзамды бузушса, Атамбаевдин кейпин кийерин биле жүрүшөт. Бул дүйнө жүзүндөгү нормалдуу эле көрүнүш, атүгүл королдордун да чексиз эркиндиктери болгон эмес.
Булак: “Майдан. kg” гезити