Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 192

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлерине Баткен шаарындагы үч кабаттуу үйдүн 24 батиринин ачкычын тапшырды.

 

Буга улай Сүлүктү шаардык прокуратурасынын кызматкерлерине дагы үч бөлмөлүү бир батир жана эки бөлмөлүү эки батир тартууланды. Ал эми Лейлек районундагы көзөмөл органында иштеп жатышкан беш үй-бүлө эки кабаттуу тамга жайгашышты.

 

Ошентип, Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттин эсебинен 43 миллион сом ажыратылган эле. А курулуш иштери былтыр башталган.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити