Сактангыла: бүгүн - мүмкүн, эртең – кеч!
Австрия эчендеген кылымдардан бери табигый кырсыктардан таптакыр башы чыкпай келатат. Ошондуктан, Дүйнөдөгү эң ири MedLife камсыздандыруу компаниясы дагы дал ушул өлкөдө жайланышкан. Бул үлкөн мекеменин баш директору Петер ХРОНОВСКИЙ Кыргызстанга жасаган сапарында “Майдан” гезитинин кабарчысынын атайын суроолоруна гана жооп кайтарды.
- Петер мырза, Кыргыз жергесине куш келипсиз!
- Чоң ыракмат! Адегенде Бишкек калаасына аярлап, жергиликтүү активисттер менен бетме-бет жолугуштум. Эми минтип Ош шаарын кыдырып олтурам. Жериңер абдан кооз, ал эми элиңер абдан меймандос экен. Менин суктанганым: тим эле бейиштин төрүндө гана жашайт турбайсыңарбы, эй!
- Ааламга атагы чыккан MedLife камсыздандыруу компаниясынын жетекчилигинин Кыргыз өлкөсүнө күтүлбөгөн сапарынын негизги максаты эмнеде?
- Алишер, мактангандык эмес, бирок, Австрия – жаратылышы аябагандай кооз өлкө! Бирок, эчендеген кылымдардан бери күтүлбөгөн табигый кырсыктар анын кендирин гана кесип мукуратып келатпайбы. Байкашымча, Кыргызстан деле Австриядай жаратылыш катаклизми тилкесинде гана жайланышыптыр. Картадан деле даана көрүнүп турбайбы.
Биз жүрөк өйүткөн маселелерибизди - бар мал-мүлкүбүздү жана байлыгыбызды мамлекет тарабынан камсыздандыруу аркылуу гана биротоло чечкенбиз. А Сиздер ушул туптуура жолго эми араң түшүп жатыпсыздар. Кыргызстан мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түптөгөнүңүздөр менен, бул уюм эл арасында түшүндүрүү жараяны менен гана чектелет экен. Тескерисинче, калкты байма-бай аралап, ынандыруу аракетин абдан күчөтүү абзел! Ошондо гана кыргызстандыктар мал-мүлкүн жана өмүрүн мамлекет тарабынан толук кандуу камсыздандырганга өздөрү эле аргасыздан ыкташат.
- Петер мырза, MedLife дүйнөлүк камсыздандыруу компаниясына кыргызстандыктар деле кайрылганга акылуудур?
- Ооба. MedLife дүйнөлүк камсыздандыруу компаниясынынын Кыргызстандагы өкүлү - Роза Бабаева. Бул айым Европада жашайт. Биз Кыргызстан өңдөнгөн жаратылыш катаклизмдеринин тилкесинде жайгашкан өлкөлөр менен мындан ары тыгыз кызматташканга абдан ынтызарбыз!
Биз – Жер шарынын балдарыбыз! Дүйнө жүзүнүн кайсыл өлкөсүнүн, же инсанынын башына кокус мүшкүл түшсө, биринчилерден болуп колубузду сунуп, ага улай токтоосуз жардамдашканга дайым даярбыз!
Булак: “Майдан. kg” гезити