Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 195

#ЦИТАТА


 

- Урматтуу шайлоочулар!

 

Менден жаңы шайлоо мыйзамы-кодекси тууралуу өтө көп сурап жатышат, мен өзүмдүн жеке оюмду билдирип коюну туура таптым.

 

Ооба, 2020 жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген, азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес, көпчүлүгү парламентте олтурушкан, эми гана айта башташты. Демек, ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.

 

Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем, саясий атаандаштыкта күч сынашалы, эл чечсин кайсыл адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин, АЛЛАХым буюруса элдин колдоосу менен парламенттке өтүп келебиз!”

 

Булак: “Майдан. kg” гезити