Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 277

Economist.kg финансылык басылмасы парламенттин депутаты Айсулуу Мамашованын бизнеси бар экенин жана ал бир нече фирмалардын жетекчиси экенин аныктады.

 

 

Бирок Мамашова бизнестерге ээлик кылаарын декларацияларында көрсөткөн эмес.

 

Басылманын маалыматы боюнча, Мамашова 2006-2013-жылдары түзүлгөн беш фирманын тең негиздөөчүсү жана аларды жетектейт. Ал эки компаниянын жетекчи катары көрсөтүлгөн: дүң соода боюнча Aisu-Lu фирмасы жана аба менен жүк ташуу боюнча «Дасмиа Авиэйшн» ишканасы.

 

Мындан тышкары, Мамашова AQUAPARK DASMIA аквапаркынын, DASNUR турагенттигинин жана аба менен ташуу боюнча KIT-TRAVEL компаниясынын тең негиздөөчүсү.

 

Бардык фирмалар Горький көчөсү 2 дареги боюнча катталган. «Ачык бюджеттин» маалыматы боюнча, Мамашованын Aisu-Lu менен DASMIA эки фирмасы иштеп жаткан убагында такыр салык төлөшкөн эмес.

 

Башка KIT-TRAVEL жана DASNUR фирмаларынын салык төлөөчүнүн идентификациялык номерлери жок. Бир гана «Дасмия Авиэйшн» компаниясы бюджетке салык төлөгөн — 2013-жылы 100 сом жана 2017-жылы 200 сом.

 

Мамашованын бизнеси болгонуна карабастан, ал өзүнүн 2015-2017-жылдарындагы декларацияларында бир айда 17 миң сомдон 65 миң сомго чейинки киреше көрсөткөн.

 

Ал эми Мамашова өзү бул фирмаларынын айрымдары азыр иштебей жаткандыгын жана алардын ээликтеши чет элдиктер болгондуктан, жабуу процесси кыйын болуп жаткандыгын айтып актанууда.

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан.kg” гезити