Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 178

Баткен шаарында “Санариптештирүү:  Дүйнөдө жана бизде” деген темада конференция өткөрүлдү.

Бул иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Бишкек шаарынан келген жогорку окуу жайларынын окутуучулары, техникалык адистер, Баткен облусунун коомчулугу,ошондой эле жаштар дагы катышты.

 

Аталган абройлуу конференцияда санариптештирүүнүн маани-маңызы, негизги максаты, артыкчылыктары, аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун жол-жоболору орой-чарай талкууланды. Ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдаланып, техникалык адистиктерди даярдоого чакырык жасоо учур талабы экендиги дагы белгиленди.  Санариптешүүнүн натыйжасында  мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү, жарандарга ыңгайлуу шарттарды жаратуу жана коомчулук менен ачык-айкын иш алып барууга жетишүү зарылдыгы өтө катуу айтылды.

 

Экс-президент Роза Отунбаева өз сөзүндө заманбап, билимдүү, акылдуу жаш муунду тарбиялоодо техникалык жактан сабаттуулукка өзгөчө көңүл буруу, заман талабына жараша билим берүү, жетиштүү шарт түзүү зарылчылыгын баса белгилеп, өлкөнү санариптештирүү менен көптөгөн ийгиликтерди багынтууга жол ачылаарын дагы кошумчалады. Ушул эле күнү Роза Отунбаева Баткен шаарындагы облустук гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен кенен-чонон баарлашып, окуучулардын суроолоруна ынандыраарлык жоопторду кайтарып, келечекти туура тандоо боюнча кеп-кеңештерин  дагы айтканга үлгүрдү.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, Булак: “Майдан. kg” гезити