Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 175

Баткен облусунун уюшулгандыгынын 20 жылдыгынын урматына аймакта спортту өнүктүрүү жана ынтымакчылыкты бекемдөө максатында өткөрүлгөн мелдешке жалпы жонунан он үч команда катышты.

 

Бул сергек жашоого үндөгөн спорттук иш-чара “Ынтымак биримдиги” деген ураан астында өткөрүлүп, байге фонду 140 миң сомду түздү. Мелдешке Баткен облусундагы район-шаарлардын башчылары баш болуп, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жаштар, студенттер, жадагалса 60 жаштагы футбол күйөрмандары дагы катышышты.

 

Мелдештин жыйынтыгында 4-орунду Сүлүктү шаарынын “Шахтер” командасы ээлеп, 15 миң сом жана медаль тагынышты. 3-орунду Баткен Ю17 командасы ээлеп, 25 миң сом, 2-орунду Кызыл-Кыя жаштарынан куралган “Шахтер 2” командасы ээлеп, 40 миң сом жана медаль алышса, 1-орунду Баткен районунун “Кызыл-Бел” курама командасы багындырып, ыйгарым укуктуу Өкүлдүн Кубогун жана 60 миң сом акчалай сыйлыгы жана  медалдар менен сыйланышты.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити