Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 197

Демейде жымжырт же түштүктүктөр айтмакчы, пысмыйып жүргөн адамдын бир балээси болот эмеспи.

Анын сыңарындай, мурда айыл чарба министрлигинде аты-жыты билинбей эле жүргөн Эркинбек Чодуев бул килейген министрликти башкарып калган менен эч кандай реформа жасап деле жыргаткан жок. Картошка, сабиз, пияздын баасы баягыдай эле дыйкандардын таман акы, маңдай терин актай элек.

 

Анткен менен жайында кол астында бөлүм башчы болуп иштеген кайсы бир айымды орун басары аркылуу министрдин орун басары рангасында Кытайдагы эл аралык иш чарага жибере коём деп коомчулукка экөөсүнүн ортосунда “служебный романы” бар экендиги дүң дей түшкөн. Кашайып булардын “романын” кыйтыр кытайлар билип коюп, түз эле ТИМге нота жиберип атпайбы. Андан кийин тигил айым Түркияга эс алууга кеткен бойдон кайра ордуна келген-келбегени белгисиз.

 

Эми болсо Чодуев мырзанын дагы бир “чудосу” коомчулуктун көңүлүн бурууда. Бул ирет Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы жетекчиси Бакыт Мамытканов Чодуевди сотко берерин жар салды.  “Эркинбек Чодуев министрликтен кетмейинче айыл чарбасында өнүгүү болбойт. Мен муну дилил менен айта алам. Чодуев келгенден бери министрликте акча чогултуулар башталган. Муну бул жакта иштегендердин 60 пайызы айтып бере алат, бирок коркушат. Анткени каршы сүйлөгөндүн бардыгын жумуштан кетирет экен. Мени кызматтан мыйзамсыз алды. Бул үчүн аны сотко берем”,- деди ал.

 

Ушундай эле кырдаалга аталган департаменитинин жетекчисинин орун басары Раманбек Машаев дагы туш болгонун билдирди. Ал балык чарба тармагында иштегенине карабастан ага картошка боюнча сөгүш жарыяланган. “Мен эки жарым жылдан бери балык чарба департаментин жетектеп келгем. Бир катар жетишкендиктер болгон. Үзүрлүү иштеп жатканбыз. Жумуштан кетем деп арыз жазган эмесмин. Командировкадан келсем кызматтан алып коюптур. Эмнеге билбейм”,- деди Машаев.

 

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, кызматынан кеткен чиновниктер жакшы иштей албагандыгынан эмес, министрден креслосу үчүн “отметка” болбогондугу үчүн айдалышкан. Деги Чодуевдин  өзүнүн “крышасы” ким болду экен?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити